Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Байден Багдадда болуп кетти


Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики жана АКШ вице-президенти Жозеф Байден Багдаддагы жолугушуулар маалында.
Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики жана АКШ вице-президенти Жозеф Байден Багдаддагы жолугушуулар маалында.

АКШнын вице-президенти Жозеф Байден Багдадда Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана президент Жалал Талабани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, быйыл мартка белгиленген шайлоого байланыштуу кырдаалды талкуулады.

Байден өнөктүк ачык жана адилет болушу керектигин белгиледи. Өлкөнүн атайын комиссиясы жакында 500дөй кишини талапкерлер тизмесинен алып салган эле. Алардын көбү Саддам Хусейндин тушундагы Баас партиясынын мүчөлөрү же баасчылар менен байланышы бар адамдар деген себеп менен депутаттык мандат үчүн күрөштөн четтелген. Алардын көпчүлүгү сүннүлөр болгондуктан бул чечим Иракта кезектеги саясий кризисти пайда кылды. Байден ирак жетекчилери менен кырдаалды жөнгө салуу жолдорун да талкуулады.

"Атайын комиссиянын жарым жүздөй талапкерди тизмеден алып салганын Байден Ирактын ички иши экенин моюнга алды, - деп айтты өкмөттүн өкүлү. - Бул жерде Улуттар Уюмунун же башка өлкөлөрдүн кийлигишкенге эч кандай жөнү жок".

Өз кезегинде ирак жетекчилери АКШдагы жеке менчик Blackwater күзөт компаниясына байланыштуу маселени козгошту.

Бул фирманын кызматкерлерин АКШ өкмөтү Багдаддагы жарандык администрпциянын коопсуздугун коргоо үчүн жалдап алган эле.
2007-жылы сентябрда компаниянын кызматкерлери Багдадда он төрт кишини атып салышкан. Аларга кылмыш иши козголуп, бирок АКШда жаңы жыл алдында сот аларды актап жиберди. Ырасмий Багдад соттун бул чечимин буздурууну Вашингтон өкмөтүнөн талап кылды.

"Вице-президент Байдендин бийлик укуктарын эске алганда бул ошончолук эле чоң кысым болбойт", - деп билдирди ирак президентинин өкүлү.

Байден өзү да Вашингтон Blackwater компаниясынын ишин сотто кайра каратканга жетише турганын ырастады.

XS
SM
MD
LG