Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

АКШ жаңы өкмөттү таанууну чече элек


Кыргызстандагы кырдаал Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин 8-апрелде Прагадагы жолугушуусунда талкууланган.
Кыргызстандагы кырдаал Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин 8-апрелде Прагадагы жолугушуусунда талкууланган.

Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн кечээ билдиргенине караганда, Вашингтон учурда эки жак менен тең байланышта турат. Америкалык басма сөздө "Манас" аба бекетиндеги транзиттик борбордун келечеги бүдөмүк экени айтылууда.

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Филип Кроули 8- апрель күнү Вашингтондогу басма сөз жыйыны учурунда америкалык расмий өкүлдөр утурумдук өкмөт кураган оппозициянын жана Курманбек Бакиевдин өкмөтүндөгү адамдар менен да байланышта турганын белгилөө менен буларга токтолду:

-Бул жерде азыр бийлигин тапшыра элек президент бар. Убактылуу жетекчилик болсо бийликти колго алганын ырастоодо. Биз эки жак менен тең сүйлөшүп жатабыз. Тараптардын бир жагына тартуу биздин иш эмес. Биздин кызыкчылык - Кыргызстандын эли менен бирге болуу жана кырдаалдын тынчтык жол менен жөнгө салынуусу.

Америкалык тарап Бакиев өкмөтүнүн адамдары менен да сүйлөшкөнүнүн бир фактысы балким тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр Кадырбек Сарбаев менен Мамлекеттик катчынын жардамчысы Роберт Блейктин Вашингтондогу кыска жолугушуусу болушу мүмкүн. Кадырбек Сарбаев менен Максим Бакиевдин АКШга сапарга 7- апрелде бийлик алмашканга чейин эле мерчемделген болчу.

Бишкектик саясат таануучу Орозбек Молдалиев америкалык тарап жаңы бийликти дароо эле тааныбай жатканынын жүйөөсүн мындайча чечмелейт:

-Бул Элдик ишенимдеги жаңы өкмөттү тоотпой койгондук эмес. Аникени ал легитимдүүлүкө ээ боло элек. Же шайлоо боло элек, же мурдагы президент өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрө элек. Андыктан бул укуктук мамлекеттер үчүн мүнөздүү көрүнүш.


Ал эми бейшемби күнү Ак үйдүн Орусия иштери боюнча улук кеңешчиси Майкл Макфол Прагада кабарчыларга президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев бул жердеги жолугушуусунда Кыргызстандагы кырдаал да талкууланганын айткан.

-Биз жыйында Кыргызстан тууралуу да сүйлөштүк. Мен баса белгилеп кетким келет, биз адеп башында администрацияга келгенде, Манастагы базадан улам биз аларга каршыбыз, столго акчаны ким көбүрөөк таштаса, аймактын бир учун ошол жеңип алат дегендей сезим пайда болгон. Бүгүн таң калтырганы биз өз ара кызыкчылыктар жана Кыргызстандагы коопсуздук жөнүндө сөз кылганда, карама – каршы шарттар жөнүндө сүйлөшбөдүк. Биз жалпы кызыкчылыктарыбыз жөнүндө кеп кылдык.

Майкл Макфол ага катар АКШ Кыргызстандагы конфликти Вашингтон менен Москва ортосундагы күрөштүн кандайдыр бир түрү катары карабай турганына басым жасады. Тескерисинче Кыргызстан боюнча кызматташтыкты Орусия менен АКШ мамилеси оңолгонунун дагы бир белгиси катары мүнөздөдү:

- Бул антиамерикалык төңкөрүш эмес. Биз муну толугу менен билебиз жана бул Орусия демөөрчүлүк кылган да төңкөрүш эмес.

Америкалык расмий өкүлдүн сөзүнө караганда, Кыргызстандагы кырдаалды талкуулоо демилгесин Прагадагы жолугушууда орус президенти Дмитрий Медведев көтөргөн жана анда Манастагы транзиттик борборго байланышкан маселе козголгон эмес.

Бул аралыкта америкалык басма сөздө Манастагы базанын келечеги арсар болуп турганы жөнүндө айтылууда. Маселен “Вашингтон Пост” гезити акыркы беш жыл ичинде нааразылыкка чыккандардын президентти экинчи ирээт кулатышы базанын келечеги жөнүндө жаңы күмөн саноолорду жаратканын белгилейт. Аталган басылма Борбор Азия боюнча адис, Колумбия университетинин профессору Александр Кулинин пикирин келтирет. Профессордун көз карашында, утурумдук өкмөт америкалыктарды өлкөдөн чыгарары арсар. Анткени өлкө Вашингтондун каржылык жардамына муктаж жана АКШнын туруусу Орусиянын аймактагы таасирин тең салмактоо үчүн пайдалуу кызмат кылат. Бирок профессор Кули америкалык өкмөт базаны сактоого абдан умтулгандыктан Бакиев жана анын өнөктөштөрүнүн коррупциялык иштерине көз жуумуп койгон, натыйжада кыргызстандыктардын көбү Манасты Вашингтон менен мамиленин зыяндуу жемиши ирээтинде карап калышкан деп эсептейт. “Бул ошондой эле АКШ демократия менен адам укуктарын барктабаганын символдоштурду. База АКШнын Кыргызстан менен мамилесиндеги бүткүл тышкы саясатын алып койду”,- деген профессор Кули “Вашингтон Пост” гезитине.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG