Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Барак Обама Сауд Арапстанга барды


Барак Обама Саудия падышасы Абдалла менен. Эр-Рияд, 3-июнь, 2009-жыл.
Барак Обама Саудия падышасы Абдалла менен. Эр-Рияд, 3-июнь, 2009-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Жакынкы Чыгыш жана Европадагы 6 күндүк сапарын баштап, Эр-Риядга барды. Көпчүлүк Обаманын бул сапарын АКШ менен мусулмандар дүйнөсү ортосундагы мамилени оңдоо аракети деп чечмелөөдө.

Барак Обаманын бул алты күндүк сапары, эртең Египеттин борбору Каирде жасай турган кайрылуусу ушу тапта кызуу эл аралык талкуу жараткан темага айланды. Эксперттер кантсе да, Обаманын атасы кениялык мусулман болгонун, Барак тестиер бала чагында индонезиялык мусулман өгөй атасынын тарбиясын көрүп, таасир алганын эске салышууда.

АКШ президенти өзү шаршембиде Сауд Арапстанга аттанаар алдында Британиялык Ай-Ти-Ви телеканалына интервью берип, менин сапарым ортодогу бардык проблемаларды алеки заматта чече албайт деп белгиледи:

- Менин бу жолку тилегим – мусулман дүйнөсү менен баарлашууну жакшыртып, ортодо Американын, ошондой эле Батыштын терроризм, демократия өңдүү татаал маселелер туурасындагы ойлорун, Ирак менен Ооганстанда кандай иштер болуп жатканын ачык талкуулап, Иран багытындагы жана Израил-Палестина ортосунда тынчтык орнотуу боюнча көз карашыбызды туура түшүндүрүү.

Бейшембиде Каирде дүйнө мусулмандарына кайрылуу алдында Барак Обама 3-июнь күнү Сауд Арапстанда токтоп, падыша Абдалла менен жолугушат. 70 жылдан ашуун мезгилден бери Американы кара май менен камсыздап келаткан Сауд Арапстан Вашингтондун ишениминде, ислам экстремизмине, радикал мусулман кыймылдарына каршы аракеттерде чечүүчү роль ойной алат. Ооганстан менен Пакистанга тынчтык бербей, улам бир чабуул койгон козголоңчулар көптөн бери саудилик байлардын исламдык кайрымдуулук корлорунан каражат алып келатканы маалым. Сауди жетекчилиги андай корлордун укуругун кыскартууга бар аракет көрүп келатканын айтат, батыштык эксперттер Эр-Рияд колдон келгендин баарын жасаган жок деген пикирде.

Ооган президенти Хамид Карзай бир нече ирет Сауд Арапстандан ооган өкмөтү менен Талибандын ортосундагы сүйлөшүүгө ортомчу болуп берүүнү суранды. Саудилик падыша Абдалла өткөн күздө Меккеде Кабулдук жетекчилер жана Талибан лидерлери менен өз-өзүнчө жабык сүйлөшүүлөр өткөрдү. Ал жолугушууга катышкан талиптердин өкүлү Арсала Рахмани Талибан кыймылын куралын таштап, сүйлөшүүлөрдү баштоого жалгыз ушул Сауд Арапстан көндүрө алат деп ишенээрин айтат.

Сауд Арапстан өз кезегинде Барак Обаманын өкмөтү Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга катуураак кысым көргөзүп, басылып алынган палестин аймактарын бошотуп, эгемен Палестина мамлекетин түзүү шарттарын аткартышы керек деп эсептейт. Перулук дипломат, Бириккен улуттар уюмунун Жакынкы Чыгыштагы экс-элчиси Альваро де Сото маселенин баары ушул Израил-Палестина чатагына байланышкан деген пикирде.

“Израиль-Палестина жаңжалы дүйнө мусулмандарынын аң-сезиминде канчалык күчтүү таасирге ээ экенин Батыш аягына дейре түшүнө бербей, азырынча күчкө таянып, араптарга анчейин ишенбөөчүлүк менен карайт. Чынбы, калппы, азыр баары дал ушул маселеге такалган”, - дейт БУУнун мурдагы чабарманы.

Аңгыча АКШ президенти Жакынкы Чыгышка жөнөп кетээр алдында, “Аль-Каида” уюмундагы 2-адам Айман Ал-Завахри билдирүү таратып, Барак Обаманы арап өлкөлөрүндө эч ким күткөн жок, ал кооз сөздөрү аркасында кандуу ниетин жашыра албайт деп эскертти.

АКШ президенти өз ниетин ачык айтты, анын Жакынкы Чыгыштагы сапары эл аралык деңгээлде ушундай кызуу жандануу жаратууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG