Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Обама финансылык көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылды


АКШ президенти Барак Обама финансылык кризистен чыгуу жолдорун сунуштады. Нью-Йорк, 14-сентябрь, 2009-ж.
АКШ президенти Барак Обама финансылык кризистен чыгуу жолдорун сунуштады. Нью-Йорк, 14-сентябрь, 2009-ж.

14-сентябрь күнү АКШ президенти Барак Обаманын жалпы улутка кайрылуусу финансылык кризиске арналды.

Америкалык алдыңкы телеканалдар түз ободо көргөзгөн сөзүндө Обама өлкөнүн финансы системасын жөнгө салууда айрым өзгөртүүлөр бышып жетилгенин белгиледи.

Нью-Йорктогу асман тиреген банктар жана башка финансы институттары жайгашкан Уол Стрит көчөсүндөгү Федерация залында чыгып сүйлөгөн Барак Обама ал жерде чогулган банкирлерди бүткүл дүйнөнү каптаган экономикалык кризистен чыгууга жардам көрсөтүүгө үндөдү.

- Бир жыл мурун биз базарлар менен биржалар көзөмөлдөн чыгып, акыл-эстүү эреже түзүлбөгөн жерде аша чапкан кыянатчыл иштер башталаарына күбө болуп, асканын учуна кептелген элек. Мына эми бир жылдан кийин финансы системасын реформалап, андай кризис кайра кайталанбай тургандай шарт түзүү милдети алдыбызда турат, ал реформалар буга чейинки оор, бирок маанилүү, биз өздөштүргөн сабактарды чагылдырмакчы.

Американын финансы институттары үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылган Обама мындай кадамды башка өлкөлөр да жасашы керек деп белгиледи. Финансылык кризистен биротоло баш көтөрдүк деп айтуу али эрте, андыктан банкирлер кеңпейилдик көрсөтүүдөн этият болгону оң, деп кошумчалады АКШ президенти.

- Тилекке каршы, финансы чөйрөсүндө азыркы абалды аягына дейре түшүнбөгөндөр жок эмес. Леман Брозерс өңдүү ири финансы уюмдары кыйраган кризистин сабактарын өздөштүргөндүн ордуна алар баарын көрмөксөн болгусу келет. Мен алардын мындай мамилеси жеке өзүлөрүнө гана эмес, жалпы улутка залака келтирээрин эскерте кетейин.

АКШ президенти банкирлерди чакан бизнести каражат жагынан колдоп, экономиканы жандантууга салым кошууга чакырды. Азыркы кризиске алып келген жоопкерчиликсиз жүрүш-туруш, жалаң ачкөздүк жана килейген сыйлыктарга азгырылган системаны өзгөртүү зарыл, ал үчүн мыйзамдарды реформалоо керек деп сунуш кылды Барак Обама.

- Биз Улуу депрессия жылдарынан берки эң дымактуу финансылык реформаны сунуш кылуудабыз. Анын башкы максаты – Американын финансы системасын ачык-айкын жана баары эсепке баш ийген системага айландыруу.

Обама айрым банктар өкмөткө болгон карыздын эсебинен 70 миллиард доллардай каражатты кайтарып бергенин, андан сырткары мамлекеттик акциялар үлүшү толугу менен сатылган учурларда 17%дык үстөк акча кирешеленгенин маалымдады. Ошентсе да, финансылык кризистен чыгуу максатында өкмөт мамлекеттик казнадан алган миллиарддаган доллар катардагы салык төлөөчүлөрдүн мойнуна салынган оор камыт, аны жеңилдетиш үчүн Уол Стриттеги банктар жана башка институттар өз байлыгынан бөлүшүшү керек, деп белгиледи АКШ президенти. Анын администрациясы сунуш кылган реформалар долбооруна финансы кызматтарынан пайдаланган кардарлардын укуктарын коргоо, банктардын насыя берүү саясатын көзөмөлдөй турган агенттик түзүү өңдүү бир катар жаңы мыйзам актылары кирет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG