Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Вашингтондон кат: Бир жыныстуу никеге дагы эки штат уруксат берди


Oбама бир жыныстуу никени колдобойт, бирок кумсалардын укуктарын коргогон атуулдук никеге каршы эмес.
Oбама бир жыныстуу никени колдобойт, бирок кумсалардын укуктарын коргогон атуулдук никеге каршы эмес.

Эркин Европа/Азаттык радиолорунун Кошмо Штаттарындагы кабарчысы Хисер Маер элеттик Америкадагы маданий өзгөрүш тууралуу баяндайт.

Гомосексуалдардын же кумсалардын бир-бири менен үй-бүлө курушун колдогондор менен буга кастарын тиккендерди таң калтырып, ушул аптада Кошмо Штаттарында оозго алаарлык өзгөрүш болду.

Мында эки эркектин же эки аялдын баш кошушуна уруксат берген штаттардын саны эки эсеге көбөйдү. Буга чейин эки гана штатта буга уруксат болсо, эми алардын саны төрткө жетти.

Төрт штат көп болбогону менен, кумсалардын чогуу турмуш курушу адам укуктарынын маселеси. Мыйзам боюнча нике аял менен эркектин гана никеси болуш керек эмес эсептегендер үчүн бул зор жеңиш болуп калды.

Бирок бир жыныстагы адамдардын турмуш курушун салт-санааларды мазактоо деп санаган миллиондогон башка америкалыктар үчүн бул чоң сокку болду.

«Бүгүн өлкө үчүн кыйын күн болду. Коомдо өзгөрүү болуп жатат, эл унчукпай калбашы керек»,- деди Улуттук Үй-бүлө уюмунун директору Браян Браун.

Бир жыныстагылардын үйлөнүшүнө каршы чыккандар америкалыктарды бир нече штатта даярдалып жаткан ушундай мыйзамдарга каршы үндөгөн жалпы улуттук теле-өнөктүгүн башташты.

Ал эми «Үйлөнүү эркиндиги» деп аталган топтун директору Эван Уолфсон сыяктуу бир жыныстуу никенин колдоочулары бул апта үмүттүү бурулуштун көз ирмем болуп калгандыгын айтышууда.

Уолфсондун сөзү боюнча, өлкөдө маданий секирик жасалды жана мындан ары кумсалар катардагы америкалыктар болуп калмакчы.

Иш жүзүндө америкалыктардын арасында бир жыныстуу нике боюнча талаш али чечиле элек. Соңку сурамжылоодо элдин 60 пайызы кумсалар кайсы бир формада мыйзамдык биримдикке кире алгыдай болушу керек деп эсептешерин билдирген.

Бирок алардын 30 пайызы гана мындай биримдик мыйзамдуу үй-бүлө боло алат деп эсептейт. Бул - мындан беш жыл мурдагыдан 10 пайызга көп.

Мындан 13 жыл илгери АКШнын Конгресси «Никени коргоо» мыйзамын кабыл алган. Ал мыйзам федералдык өкмөткө бир жыныстуу үй-бүлөнү таанууга тыюу салат. Башкача айтканда, штаттын өкмөтү бул мыйзамды тааныган күндө да, мисалы Айова штатында үйлөнгөн кумса түгөйдүн бири көз жумса, анын өмүрлүк жары федералдык пенсия ала албайт.

Акыркы сегиз жылда, Жорж Буштун президенттиги тушунда өкмөттө социалдык консерватизм үстөмдүк кылган. Шайланма өкүлдөрдү аборт менен катар бир жыныстуу никеге каршылык көрсөтүүгө үндөгөн консервативдүү христиан уюмдарынын таасири өсүп, алар көп штаттарда мыйзам чыгарууга үстөмдүк кылып калышкан.

Үмүт жана өзгөрүш убадасы менен президент болуп шайланган Барак Обама көп жаңылыктарды киргизүүдө. Бирок бир жыныстуу нике маселеси анын шайлоо өнөктүгүндө болгон эмес. Ал көп ирет буга каршы экендигин айткан, бирок Обама менчикке орток ээ болуу сыяктуу укуктарга жол ачкан бир жыныстуу түгөйлөрдүн атуулдук никесин колдой турганы маалым.

Вермонт менен Айова штаттарындагы ушул аптадагы чечимдин кызык жактары да жок эмес. Экөө тең элеттик штат деп саналат. Айрыкча Айова консервативдүү көз караштар басымдуулук кылган «ортоңку америкалык штат» деп саналат.

Бул штаттардын консерватор фермерлер иш жүзүндө эгер эки адам бир бирин жакшы көрсө, бири-бири менен кол кармашып өтүүгө даяр болсо, мыйзам алардын никесин таанысын деп айтышты.

Ал эми эң либералдуу штат деп саналган Калифорнияда мындай мыйзам али кабыл алына элек. Мында өткөн ноябрда тескерисинче штаттын конституциясына бир жыныстагы адамдардын никеге турушуна тыюу салган өзгөртүү киргизилген.

АКШда чынында да көп кызык нерселер болуп жатат.

XS
SM
MD
LG