Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Обама Ооганстан менен Пакистандын лидерлерин кеңешмеге чакырды


АКШ президенти Барак Обама шаршембиде Вашингтондо Ооганстан менен Пакистандын лидерлери Хамид Карзай жана Асиф Али Зардари менен жолугушат. 3 тараптуу кеңешме – Талибан козголоңчулары Ооганстан менен Пакистандын түндүк-батыш тарабына кол салууларын күчөтүп турган мезгилге туш келди. Вашингтондук адистер ал жактагы кырдаалды Ооганстан-Пакистан кризиси атап, 3 президенттин масилеттешүүсүн “аскердик кеңеш” атап жиберишти.

Пакистан өкмөтү менен түзүлгөн тынчтык келишиминин негизинде Сват өрөөнүн көзөмөлдөп келген Талибан согушчандары соңку апталар ичинде кайрадан аскердик аракеттерин күчөтүп, карамагындагы аймагын кеңейтип, Исламабадга 100 чакырымдай алыстыкка чейин кирип барган. Пакистан армиясы талиптерге каршы кеңири операция жүргүзүш үчүн шейшембиде Сват өрөөнүндөгү башкы шаардын тургундарын токтоосуз башка жактарга көчүүгө үндөдү.

Серепчилер эки күндөн бери бул аймактагы 500 миңдей адам башка жактан башкалканч издеп качкынга айланганын айтышууда. Ооганстан менен Пакистандагы буга чейинки аскердик операциялар, далай келишим-макулдашуулар бүлгүнгө учурап, талип козголоңчулары минтип мизин жалатып, жаңы аймактарга кол сала баштаганы – бул эки өлкөнү гана эмес, Вашингтонду да терең бушайманга салды.

АКШнын Ооганстан менен Пакистандагы атайын чабарманы Ричадр Холбрук шейшембиде Конгрессте чыгып сүйлөп, бул кризис – Вашингтондун тышкы саясаты алдындагы эң чоң сыноо экенин белгиледи:

- Пакистан - АКШ үчүн стратегиялык жана саясый жактан алганда эбегейсиз маанидеги өлкө, ошондуктан биздин милдет - эл шайлаган президенти Асиф Али Зардари жетектеген демократиялуу Пакистанды ар тараптан колдоп, кырдаалды турукташтырууга жардам берүү.

Андан аркы сөзүндө Холбрук: “Пакистан – ишеничтен чыккан өлкө эмес. Алар менен биздин душман бир, максат азыр ошол душмандын кысымын кайтаруу”, - деп басым жасады.

Конгресстеги талкуу маалында ушуга чейин өз аймагындагы талиптер менен аль-каидачыларды тындым кыла албаган Пакистан өкмөтүнүн бийлик кудурети канчалык, атомдук бомбасы бар өлкөдөгү стабилдүүлүк бүткүл дүйнөнүн баш оорусуна айланды деген сөздөр айтылды.

Айтор, Барак Обама АКШ президенти болуп шайлангандан бери алгачкы ирет Ооганстан менен Пакистандын президенттерин бирдей кабыл алмакчы. Маалыматтарга караганда, ал адегенде Зардари менен жарым саатча жекече сүйлөшүп, андан соң экөөнө ооган президенти Хамид Карзай кошулат. Ак үйдөгү жолугушууда Обама эки президентке Вашингтондун Ооганстан-Пакистан кризисин жөнгө салуу боюнча стратегиясын сунуш кылаары күтүлүүдө. Соңку кездери АКШда ырасмий Кабулдун дарегине да сын пикир көбөйүп, Карзайдын өкмөтү өлкөнү өнүгүү жолуна салууга жөндөмсүз болуп жатканы сөз болууда.

Андан улам шейшембиде Вашингтондогу Брукинс институтунда чыгып сүйлөгөн Хамид Карзай Америка коомчулугун алдыдагы президенттик шайлоо демократиялык шарттарга ылайык өтөт деп ишендирүүгө аракеттенди:

- Ооганстандын келечеги эркин жана калыс шайлоого көз каранды. Мен ооган өкмөтүнө колдон келген бардык көрсөтмөлөрдү бердим, андан сырткары бизди колдогон эл аралык коомчулуктун жардамы менен ооган эли эркин добуш берип, өлкөдөгү демократияны андан ары өркүндөтүүгө салым кошот деп ишенем.

Пакистандагы соңку окуяларга байланыштуу суроого Хамид Карзай: “Талибан кыймылы биз алар жай тапкан айрым аймактарга көз жаздым мамиле жасагандыктан күчтөнүп баш көтөрүп, эки өлкөгө бирдей запкы келтирүүдө. Эми эки өлкө биргелешип киришпесек, жеңе албайбыз”, - деп жооп берди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG