Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:17

Вашингтондон кат: Жакырчылыктын Америкадагы жаңы көрүнүшү


Үй-жайсыздардын Сакраментонун чет жакасындагы чатыр конушу.
Үй-жайсыздардын Сакраментонун чет жакасындагы чатыр конушу.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Хизер Махер (Heather Maher) "Вашингтондон кат" рубрикасында бул ирээт жакырчылыктын Америкадагы жаңы көрүнүштөрү тууралуу төмөнкү баяндамасын жөнөттү.

Жашарга башка жайы жок адамдардын ачык асман алдында арзан чатырларды тигип, тамак –ашын айланасында жагылган отто бышыруусу - конуштун эң эле жөнөкөй түрү.

Жамгыр жааганда асты сыз тарткан нейлон чатырлар күн сууй түшкөндө жылуулук деле бере албайт. Бул жерде аккан суу же ажаткана жок. Мезгил -мезгили менен кайрымдуулук уюмдары келип, тамак-аш менен кийим-кечектен бир аз таштап кетишет, конуштун тургундары муну чоң ыраазычылык менен кабыл алышат. Алар чатыр конушта канчага чейин жашарын билишпейт жана кандай болбосун жардамга сүйүнүшөт.

Жогоруда айтылгандар - Африканын согуштан же кургакчылыктан башын көтөрө албай жаткан өлкөсүндөгү көрүнүш эмес. Бул чатырлар Американын "Алтын штат" аталган, күнөстүү аба-ырайысы, оттой жаңган деңиз жээктери, кино жылдыздары жана айыл-чарбасы мыкты өнүккөнү менен белгилүү Калифорниянын бай шаарларынын биринин чет жакасына тигилген.

Ошол эле учурда Калифорния азыр банктан алган насыясын төлөй албагандыктан, күнүнө 500дөй адам турак –жайынан ажыраган штатка да айланды.

Штаттын борбору Сакраменто шаарынын чет жакасында чатыр конушта азыр 1000ден ашуун адам жашайт жана алардын саны барган сайын өсүүдө. Ал эми үй- жайсыздардын жергиликтүү борбору болсо күнүнө баш паанектөөнү көздөгөн 200дөй аял менен жаш баланы артка кайтарууга аргасыз.

Бул - дүйнөнү каптаган экономикалык кризистин Кошмо Штаттардагы бир белгиси.

АКШнын башка көпчүлүк штаттары өңдүү Калифорниянын да каржылык көйгөйлөрү жетиштүү. Штаттын 60 миллиард доллардан ашуун карызы бар жана жаңыдан пайда болгон жакырларга кам көрүүгө чама-чаркы чектелүү эле.

Сакраментонун шаар башчысынын айтымында, алар туруктуу чатыр конушту уюштурууну мерчемдешүүдө. Бул, албетте, саясий жактан популярсыз чара, бирок жок дегенде ал жерде санитардык кызматтар болот, баңги заттарын, алкоголдук ичимдиктерди пайдаланууга каршы эрежелер киргизилет.

Айтор Сакраментодогу чатыр конуш тууралуу маалымат өлкөгө тез эле тарап, ачык айтканда, америкалыктарды ден-дароо кылгандай эле болду. Бул -алар өз өлкөсүндөгү жашоо тууралуу эң жакырлар үчүн да элестете албаган көрүнүш. Алачыктардын АКШдагы тарыхынын акыркы бөлүгү 1930-жылдары миңдеген адамдар үйүн жана ишин жоготкон Улуу депрессия мезгилине барып такалат жана бул доор эми биротоло артта калды деп эсептелинип келинген.

Сакраментодогу чатыр конуш жалгыз эле эмес. Америкалык шаарлардын мэрлери алардын үй-жайсыздар үчүн борборлору жык толгонун, азык –түлүк турган текчелери бош калганын, бул үчүн арналган бюджеттик чыгымдары көбөйгөнүн билдиришүүдө.

Үй-жайсыздардын Улуттук коалициянын аткаруучу директору Майкл Ступстын (Michael Stoops) айтымында, бир да шаар калоочулардын баарына эле башпаанек бере албагандыктан, көчөдө калгандар мурда эле болгон. Бирок азыр үй-жайсыздардын саны көбөйдү жана чатыр конуштар өлкө боюнча пайда болууда.

Мунун баары жумушсуздуктун терс кесепети. Февралда анын көрсөткүчү 8,1%ды түздү. АКШнын Эмгек министрлигнин эсебине караганда, ишсиз калгандардын саны акыркы үч ай катары менен 600 миңден ашып турду жана мындай көрүнүш 1939-жылдан бери биринчи ирээт орун алып олтурат.

Маселен АКШнын Индиана штаттындагы өнөр - жайлуу Елкарт шаарында америкалык үй-бүлөлөр эмгек эс алуусу учурунда колдонуучу кербен машинелерди чыгарган заводдордун баары жабылды. Заводдун бака-шака түшүп иштеп турган станоктору менен линиялары токтоду. Миңдеген жумушчулар автоунаасын койгон жайлар бош калды.

Өткөн аптада шаардагы соода борбордо "Балдарды тамактандыруу" деп аталган кайрымдуулуу уюму 5000ден ашуун үй-бүлөгө тамак-аш таратып кетти. "Америкалыктарды тамактандыруу" деп аталган долбоорунун алкагында бул кайрымдуулук уюму ушул аптада Миссиссипи жана Огайо штаттарында болот.

Жумушсуздук деңгээли АКШ боюнча эң жогору же18%ды түзгөн Елхарт шаарына АКШ президенти Барак Обама Конкресттен экономиканы стимулдаштыруу боюнча 787 миллиард доллардык планын өткөрүүгө аракеттенип жаткан кезинде келип кеткен. Обаманын айтымында бул план 3,5 миллион жумушчу орунду түзөт же сактайт.

Бирок АКШ экономикасындагы рецессия 2007-жылдын декабрында башталгандан бери эле 4,4 миллион жумушчу орун кыскарды жана мунун аягы азырынча көрүнбөйт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG