Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Медведев Обаманын Москвадагы сапары жемиштүү болоруна ишенет


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев америкалык кесиптеши Барак Обама менен телефондон баарлашууда, 1-июль, 2009-ж.
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев америкалык кесиптеши Барак Обама менен телефондон баарлашууда, 1-июль, 2009-ж.

АКШ президенти Барак Обаманын Орусиядагы алгачкы сапары Вашингтон-Москва ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деп күтүлүүдө. 6-июль күнү Обама Кремлде орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ошентсе да, эки өлкө ортосунда бир топ олуттуу айырмачылыктар бар, андыктан эксперттер алардын кай биринде чоң жылыш башталат деп айтуудан этияттанууда.

АКШнын жаңы жетекчилиги Орусияга карата саясатын кайра карап чыгаарын өткөн февраль айында Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда вице-президент Жо Байден жар салган. “Президент Обаманын сөзү менен айтканда, бул маселеде “кайра баштоо” кнопкасын баса турган убакыт келди”, - деген анда Байден.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да шаршембиде интернеттеги блогунда жайгаштырылган видео-билдирүүсүндө соңку жылдары эки өлкө ортосундагы мамилелер салкындап кеткенине көңүл бурду. “Акыркы жылдары АКШ-Орусия алакалары артка кеткенин моюнга алышыбыз керек. Ишеничтин жоктугу, аракеттин аздыгы, жаңы кадам баштабай сак болуу – кандай деп атасаңар өзүңөр билгиле, бирок мурдагы АКШ президенти Жорж Буш менен жекече мамилелер жакшы болгону менен, эки өлкө ортосундагы алакалар “кансыз согуш” маалындагы деңгээлге жетейин деп калган”, - деп комментарийледи орус президенти АКШ менен алакалар абалын.

Ушундай билдирүүлөрдөн кийин эми 6-7-июлга белгиленген Барак Обаманын Москвадагы визити – “кайра баштоо” кнопкасы акыры басылып, иш башталабы, же жакшы тилек сөз жүзүндө калабы деген суроого жооп бермекчи.

АКШ менен Орусия ортосунда кандай талылуу маселелер бар экенин АКШ конгрессмени, Европа менен байланыштар боюнча комитет башчысы Роберт Векслер чечмелеп, алардын арасынан эң маанилүүсү - ракеталардан коргонуу системасы, Ирандын өзөктүк программасын токтотуу, энергетикалык коопсуздук, Грузия, НАТОнун кеңейүү пландары, НАТОнун айрым аймактардагы иш аракеттери ортодо ишенич орногон деңгээлде талкууланса да жаман эмес деген пикирин айтат.

Конгрессмен Векслер айткан маселелер арасынан Обаманын Москвадагы визити маалында массалык кыруучу куралдарды көзөмөлдөө келишими жаатында натыйжалуу сүйлөшүүлөр күтүлүп жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршембиде бышыктады. “Бул келишим боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр абдан конструктивдүү маанайда өтүп жатат. Алардын жыйынтыгы 6-июлда президенттер Медведев менен Обамага тапшырылат. Ал экөө маселеде кандай жылыш жасалганын белгилеп, андан кийинки аракеттерге жолдомо берсе, азыркы келишимдин мөөнөтү аяктай турган ушул жылдын декабрынын аягына дейре жаңы документ макулдашып бүтөт деп ишенебиз”, - деп билдирди Лавров журналисттерге.

Түштүк Осетияда орус аскерлеринин текшерип өткөрүү түйүнү, 1-октябрь, 2008-ж.
Вашингтон менен Москванын ортосундагы талаштуу дагы бир чоң маселе – Грузия менен Украинанын НАТОго кошулуу ниети, Грузия менен Орусиянын ортосунда согуш чыгарган Түштүк Осетиядагы жагдай, Ирандын бийликтерин ооздуктоо, андан кийинки орунда Түндүк Корея, Ооганстан, энергетикалык долбоорлор, айтор Обама менен Медведев талкуулай турган маселе арбын. Аларда өз ара түшүнүшүү табылаарына үмүтү бар экенин Дмитрий Медведев өз блогундагы видео кайрылуусунда маалымдады.

- Мен америкалык кесиптешим экөөбүз өтө мазмундуу жана толук кандуу сүйлөшүүлөр өткөрөбүз деп үмүттөнөм. Алар тийиштүү жыйынтык алып келээрине ишенем. Америка менен Орусия эки тарап үчүн тең пайдалуу жаңы долбоорлорго муктаж. Бизнес, илим, маданият тармагындагы андай долбоорлор, эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу ниетибиз АКШ менен Орусияга, ошондой эле бүткүл дүйнөгө пайда алып келет деп ишенебиз.

Дмитрий Медведев АКШ президенти Барак Обаманы Москвада тосуп алаар алдында ушундай көптү үмүттөндүргөн билдирүү жасады. Обама Москвада Медведев менен Путинден башка коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен да жолугаары белгиленген. Вашингтондогу Эл аралык изилдөөлөр борборунун адиси Сара Мендельсон айткандай, ортодо айырмачылык арбын, бул сапар эки өлкөнү дароо жакындатып жибербесе да, жок дегенде кызматташтыкты кыйроодон сактап калаары ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG