Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:55

Клинтон: АКШнын Иранга сунушунун мөөнөтү чексиз эмес


Xиллари Клинтон Иранды кайрадан сүйлөшүү баштоого үндөдү, 15-июл, 2009-жыл.
Xиллари Клинтон Иранды кайрадан сүйлөшүү баштоого үндөдү, 15-июл, 2009-жыл.

Сынган чыканаганына операция жасатып бүткөн АКШ мамкатчысы Индия менен Таиландга аттанууда. Жолго чыгаар алдында ал Вашингтондо өлкөнүн тышкы саясаты боюнча сөз сүйлөп, АКШнын Иран менен сүйлөшүү сунушунун мөөнөтү бүтүп баратканын эскертти.

Кеңири маселелерди камтыган сөзүндө Клинтон АКШнын Иранга дипломатиялык сүйлөшүү баштоо сунушунун мөөнөтү чексиз эмес экендигин белгилеп, Исламдык жумурият «азыр аракет көрүшү» керек деди.

15-июлда Вашингтондогу Тышкы байланыштар кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Клинтон ошондой эле Иран өкмөтүнүн өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийин демократиялык маанайдагы нааразылык акцияларды күч менен баскандыгы Вашингтондун чыдамын айрыкча кетиргендигин баяндады:

Биз Ирандагы шайлоонун күч-кубатына суктануу менен байкоо салып жатканбыз. Анан эле өкмөт Иран элинин добушун басуу үчүн күч колдонуп, кийин чет элдик журналисттерди, башка жарандарды камакка алып, аларды өлкөдөн чыгарды, технологиялар аркылуу байланышты токтотту. Мунун баары бизди өтө кападар кылды. Биз Чоң Сегиздеги шериктерибиз менен жарыя кылгандай, мындай аракеттер өкүнүч жаратат жана аларга жол берүүгө болбойт.

АКШ президенти Обама да ал кризисти убагында катуу сынга алган. Клинтон ошого карабастан Кошмо Штаттары Ирандын жетекчилери менен сүйлөшүү сунушунан баш тартпагандыгын бышыктады:

– Президент да, мен да Иран Исламдык жумурияты менен диалог ийгилиги кепилденген демилге деп ойлобойбуз. Ошол эле убакта Иранга сүйлөшүүнү сунуш кылып, эл аралык коомчулукка жоопкерчиликтүү мүчө болуп кошулууга мүмкүнчүлүк бар экендигин, болбосо өлкө обочолонуунун жолунда кала берээрин Иран жетекчилерине ачык-айрым айтып коюш биздин милдет. Түз сүйлөшүү мындай мүмкүнчүлүктөрдү ачыктап, түшүндүрүүгө эң жагымдуу шарт түзөт.

АКШнын саясатындагы соңку өзгөрүүлөргө карабастан, Иран анын дипломатиялык сунуштарына жооп бере элек. Ошондой эле «өзөктүк программабыз тынчтык максатты көздөйт, ошондуктан, аны уланта беребиз» деп катуу турууда.

Чоң сегиздин лидерлери өткөн аптада Италияда жолукканда Иранга АКШ жана анын шериктери менен ядролук программасын талкуулаганга сентябрга чейин убакыт берди. Андан кийин маселе Бириккен Улуттардын жалпы жыйынында каралышы мүмкүн.

Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки жакында анын өлкөсү Батышка «саясий, коопсуздук, эл аралык маселелер боюнча жаңы сунуштар топтомун» даярдап жаткандыгын кабарлаган. Ал топтомдо өзөктүк программа маселесинде кандай өзгөрүү болоору маалым эмес.

Маткатчынын шаршембидеги сөзү өткөн айда чыканагын сындырып алып, көп көрүнбөй калган Клинтондун эл алдына кайра чыгышын билдирет. Буга чейин ал дүйнө лидерлери менен эки жолку жолугушуудан калып калган. Бейшембиде Мамкатчы Индияны көздөй жол тартууда. Ал ошондой эле Таиландда өтө турган АСЕАН өлкөлөрүнүн конференциясына катышат.

XS
SM
MD
LG