Скотт Браундун жеңиши баарыдан мурда президент Барак Обамага сезилерлик сокку болду, өзгөчө анын саламаттык сактоо чөйрөсүн кайра куруу планына каскак түзүлдү.
Обама мындан бир нече күн мурда штаттагы калкка атайын кайрылып, Вашингтондо өз реформасын жүзөгө ашыруу үчүн күрөшүп жатканын, экономиканы кризиске кептеген финансылык башаламандыкты ооздуктоо, энергиянын таза булактарын табуу үчүн бул демилге сенаттан өтүшү керектигин айтып, ушундан улам шейшемби күнкү шайлоо өтө маанилүү экенин эске салган эле.
Атүгүл жекшемби күнү Бостонго келип, демократтардын талапкери, штаттын башкы прокурору Марта Коуклиге колдоо көрсөттү. Бирок көпчүлүк шайлоочуларды президенттин чакырыгы муюта алган жок. Алардын 52 проценти республикалык партиянын өкүлү Браунду колдоп добуш беришти. Коукли 47 процент добуш алды.
Браун шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө президенттин экономиканы жандантуу планын, айрыкча медицина тармагындагы реформасын кескин сынга алган жана кокус сенатка шайланып калса, аларды токтотуп калганга сөз берген. Бостондогу жыйында маалында ал бүт штатты кыдырып чыкканын, эл триллион долларга турчу медицина планын колдобой жатканын айткан эле.
Обаманын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү реформасы өткөн жылы конгресстин өкүлдөр палатасынан өткөн, муну демократтар тарыхый жеңиш таризде баалашкан. Эми анын планы олуттуу сынакка туш келет сыяктанат.
Сенатта буга чейин демократтардын 60 мандаты бар эле, бул аларга президенттин демилгелерин буйдалтпай жактырып бергенге шарт түзгөн. Шейшемби күнкү шайлоодон кийин республикачыл партия 41 мандатка ээ болду. Натыйжада алар демократтар сунуш кылган мыйзамдарды өткөрбөй койгонго мүмкүндүк алышты.
Массачусетс штатынан көп жылдар бою демократ Эдвард Кеннеди сенатор болуп келген. Былтыр ал көз жумган соң анын орду бош калган эле.