Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Техастагы касирет


Техас -- Майор Малик Нидал Хасан Иракка баргысы келбей, Форт-Худ базасында ондон ашуун кишини атып, отуздайын жарадар кылды.
Техас -- Майор Малик Нидал Хасан Иракка баргысы келбей, Форт-Худ базасында ондон ашуун кишини атып, отуздайын жарадар кылды.

Техастагы аскер базасында армиянын майору Малик Хасан ондон ашуун кишини атып, отуздай адамды жарадар кылды. Хасан өзү да өлдү деп айтылган эле, бирок ал тирүү экенин аскери базанын командачысы ырастады.

Бу касирет базада бейшемби күнү түш кыңкайган маалда болду. Иракка жана Ооганстанга жөнөтүлө турган аскер кызматкерлери дарыгерлердин кезектеги кароосунан өткөнү базадагы медицина борборунун короосуна чогулуп турган кезде капыстан эле ким бирөө аларга жабылта ок атып кирген. Мерт кеткендер менен жарадар болгондордун көбү аскерилер болуп чыкты, алардын арасында жарандык кызматта иштеген эки кишинин да өмүрү кыйылды.

Медициналык борбордун короосундагы элге адегенде эки же үч киши ок атты деп айтылган эле. Үч киши кармалып, кийин бошотулду. Майор Хасандын өзүнө да төрт ок тийип, өлдү дешкен. Бирок базанын командачылыгы ырастагандай, ооруканада ага операция жасалып, аман калды. Хасанга иш козголуп,камакка алынды.

Президент Барак Обама Форт-Худ базасындагы бул окуяны "зомбулуктун өтө жаман актысы" катары баалады. "Биздин эр жүрөк жоокерлерди чет жактарда жоготуу – абдан оор кайгы,ал эми алардын өз жерибизде жайран болгону өтө жаман касирет",- деп айтты ал.

Обама курман болгондордун жакындарына жана тууган-уруктарына көңүл айтып, бул ишти ийине-жибине чейин кылдат иликтеп чыгууну табыштады.

Майор Малик Нидал Хасан бири кем кыркта экен. Техастагы базага быйыл жайда которулуп келген дешет. Ага чейин Вашингтондогу аскери медицина борборунда алты жыл психиатр болуп кызмат кылган.

Хасан АКШда төрөлгөн, мусулман. Бирок экстремисттик эч кандай уюмдар менен байланышы жок. Жакында командачылык аны Иракка жөнөтүүнү чечкен экен. Майордун жакын абагайы Надердин айтымында, Хасан Иракка баргысы келбей, бу маселени чечкени адвокат жалдап алып, өкмөттүн ага сарп кылган бардык акчасын кайтарып берүүгө, аскер кызматынан биротоло бошонум алганга аракет көрүп жаткан.

Техастагы Форт-Худ базасы Килин шаарына жакын жерде турат. Бул жерде 40 миңдей аскер жайгаштырылган жана дүйнөдөгү эң ири базалардын бири эсептелинет. Ооганстанга жана Иракка жөнөтүлө турган контингенттин бөлүктөрү ушул жерде даярдыктан өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG