Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Украина: жеңген Янукович, жеңилбеген Тимошенко


Януковичтин шайлоодон кийинки милдети Тимошенко премьер- министрдин кызматын бошотуусуна жетишүү.
Януковичтин шайлоодон кийинки милдети Тимошенко премьер- министрдин кызматын бошотуусуна жетишүү.

Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович Украинадагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий жарыяланды. Бирок премьер- министр Юлия Тимошенко атаандашынын жеңишин тааныбай, шайлоо жыйынтыгын сотко берерин айтууда. Шайлоо комиссиясы болсо Тимошенконун дооматтарын карабай турганын билдирди.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Виктор Януковичти экинчи айлампасы 7- февралда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий түрдө кечээ жарыялады. Жарыя шайлоо жыйынтыгын чыгаруу үчүн мыйзамда каралган мөөнөттөн үч күн эрте жасалды. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Володымир Шаповалдын айтымында, акыркы эсептер Янукович атаандашы Тимошенкону 3,48 % айрыма менен утканынын тастыктады. Бул Янукович топтогон добуш Тимошенконукунан 888 миңге көп дегенди туюндурат.

Бирок шайлоо комиссиясынын расмий жарыясынан бир күн алдыда премьер- министр да телебилдирүү жасап, Януковичтин жеңишин тааныбай турганын, талапкерлерин көчөгө чакырбасын, анткен менен шайлоо жыйынтыгын сотко берерин айтып чыкты:

-Муну сотко бербөө Украинаны криминалитеттин колуна күрөшсүз эле өткөрүү дегенди туюндурат. Мен дагы бир “майдан” чакырбайм, коомдук нааразылыктарга жол бербейм. Украина туруктуулукка жана тынчтыкка азыр мурдагыдан да абдан муктаж. Андыктак биз укуктук ыкмалар менен сотто гана аракеттенебиз. Мен баса белгилеп кетким келет – Янукович биздин президент эмес. Кандай болгон күндө да, ал келечекте Украинанын шайланган президенти боло албайт

Юлия Тимошенконун ырастоосунда, шайлоодо бурмаланган добуштардын саны бир миллиондон ашуун. Ал ошондой эле өзүнүн телекайрылуусунда ЕККУ уюмунун айрым байкоочулары сотто анын пайдасы үчүн видеоматериалдар менен көрсөтмө берүүгө даяр экенин белгиледи. Анткен менен ЕККУ байкоочулары расмий түрдө Украинадагы президенттик шайлоону жогорку деңгээлде “ачык жана адилет өткөн” өнөктүк катары баалаган. Тимошенко сотко доо-арыз жолдосо, аны кароо үчүн алдыда бир нече күн талап кылынат.

Януковичти болсо шайлоодогу жеңиши менен АКШ, НАТО, Евробиримдиктин лидерлери куттуктап коюшту. Өлкө жаңы кризиске муктаж эмес экенин белгилеген Янукович соңку күндөрү премьер- министр атаандашын кызматтан чегинип, оппозицияга өтүүгө утур –утур чакырууда. Украин мыйзамдары боюнча өкмөт башчы өз эрки менен кызматтан чегинбеген шартта, аны парламент гана бошото алат. Башкача айтканда ал үчүн азыркы өкмөттүк коалиция ыдыроосу керек. Бул аптада украин парламентинде мына ушул маселе көтөрүлүүсү мүмкүн.

Жаңы коалиция үчүн аракет көрөрүн Би-Би-Синин украин кызматына берген маегинде Януковичтин өзү да ырастады жана өкмөт башчылыгына көргөзүлүүчү ыктымал талапкер катары президенттик шайлоонун биринчи айлампасында үчүнчү орун алган мурдагы банкир Сергей Тигипкону атады. Киевдик саясат таануучу Дмитрий Выдвиндин пикиринде, жаңы премьер- министрди дайындоо маселесинде парламентте кайрадан кризис тутанышы ыктымал:

Тимошенкону бошотуу проблема эмес. Проблема жаңы премьер-министрди дайындоо. Андыктан ыктымал сценарийлердин бири – парламент Тимошенкону бошотот, бирок анын ордуна эч кимди дайындай албайт. Мындай шартта, парламент таратылып, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо дайындалат. Тилекке каршы, бул жагымсыз, бирок абдан ыктымал сценарийлердин бири.

Буга үндөш саясий кризистерге Украина соңку жылдары бир нече ирээт кириптер болгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG