Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Украинада шайлоо шарпоосу күчөдү


Шайлоого тартылган шакаба сүрөттөрдүн бири.
Шайлоого тартылган шакаба сүрөттөрдүн бири.

Келаткан жекшембиде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Эки атаандаш – региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен премьер-министр Юлия Тимошенко – үгүт иштеринин акыркы күндөрү аянбай айтыша башташты.

"Украинанын борборун жоокесептер курчап алды, алар бийликти басып алуунун ар кандай жолуна камынып, Киевдин чеке-бакасындагы үйлөрдө, дем алуу жайларында бөгүп жатат", - деп билдирди Тимошенко атаандашын айыптап.

Региондор партиясы буга жооп кылып, Тимошенкону колдогону атайы Грузиядан келген байкоочулар шайлоону жыдытканга даярданып жатканын айтып, аларды да "жоокесептер" деп атады.

Дүйшөмбү күнү кечки маалга белгиленген телетаймашка премьер-министрдин атаандашы келген жок. Натыйжада Тимошенко улуттук биринчи телеканалда бир жарым саат жалаң өзү сүйлөдү. "Бүгүн мен бош орунга карап сүйлөгөнгө аргасызмын, бул бош орун украин президенти боло албайт. Мындай коркок, суу жүрөк киши кантип биздин улуттун,биздин элдин лидери боло алсын?!"- деп айтты Тимошенко.

Атаандашы Януковичке "колок атып" бүткөн соң Тимошенко шайлоо программасын баяндады жана социалдык-экономикалык пландарына токтолду. Кризистен чыккан соң пенсияларды жана башка жөлөкпулдарды такай жогорулатып турганга, акча-кредит саясатын өзгөрткөнгө сөз берди. Акырында азыркы муундун тушунда эле өлкөдө "адилет мамлекет" курмакчы болуп жатканын айтып, шайлоочуларды буга көмөктөшүүгө чакырды. "Мага жардам бергиле, болбосо мен өзүм жалгыз буга алым жетпей калышы мүмкүн",-деп айтты Тимошенко.

Региондор партиясынын өкүлү Анна Герман премьердин теледеги сөздөрүн "апкөйлүктүн чемпионаты" деп атады. Янукович болсо ошол эле кечте башка бир телеканалдагы сөзүндө Тимошенко менен сүйлөшө турган сөзү жок экенин, андан өткөн маанилүү иштери чачтан ашып турганын айтып: "Мунун баарынан эл эбак тажап бүттү. Тимошенконун тил эмизген сөздөрүнө азыр эч ким ишенбей калды, акыркы беш жылда алар ансыз деле далай оюн көрсөтүштү",-деп билдирди.

Тимошенконун мурдагы насаатчысы, жазуучу, саясий технолог Дмитрий Выдрин "эгер премьер азыр өз партиясынын ичинде жасап жаткан иштерди жалпы өлкөгө жайылта турган болсо, бул Украина үчүн зыяндуу, атүгүл кооптуу болот" деп эсептейт. Выдриндин айтымында, Тимошенконун максаты – бийлик.

Тимошенконун партиясынан парламентке мүчө болгон Андрей Шевченко эки атаандашты салыштырып, алар эки башка дүйнөнүн адамдары экенин белгиледи. "Юлия - өлкөнү батыштын үлгүсүндө модернизациялоонун, жаңылоонун символундай сезилет, ал эми Янукович негизинен совет мезгилин эстеп, эбедейи эзилип жүргөндөрдүн өкүлүндөй көрүнөт".

Киевдеги "Пента" саясий иликтөөлөр борборунун директору Владимир Фесенко эки саясатчынын кимиси президент болсо да батыш менен орустардын кызыкчылыктарын теңдештиргенге аракет кылат, болгону Янукович Москвага көбүрөөк ык салат деген ойдо.

"Тимошенко болсо орустардын эмес, көбүнесе европалыктардын "канбийкеси" болгусу келет, ал Брюсселде Берлускони,Саркози, Меркел жана башка лидерлер менен бир үстөлдө отурууну көксөйт. Путин менен тек гана экономикалык проблемаларды чечкиси келет",-дейт Фесенко.

XS
SM
MD
LG