Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Украинада кайрадан "ит тартыш" болгону турат


Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын күтпөй эле Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович өзүн жеңүүчү кылып жарыялап алды.
Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын күтпөй эле Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович өзүн жеңүүчү кылып жарыялап алды.

Украинада добуштардын 98 проценти саналып бүттү. Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович атаандашы Юлия Тимошенкодон эки проценттей алдыда келатат. Экинчи айлампада добуш берүүгө шайлоочулардын 69 проценти катышты. Борбордук шайлоо комиссиясы, эл аралык байкоочулар олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун ырасташты.

Добуштардын толук санагын жана ырасмий жыйынтыктарын күтпөй эле региондор партиясынын лидери Виктор Янукович Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоону утуп алганын жарыялап жиберди. "Сиздерди шайлоодогу жеңиш менен куттуктайм, бүткүл украин элин жеңиши менен куттуктайм", - деп айтты ал.

Программалык айрым максаттарына токтолуп, Янукович жаңы өзгөрүүлөрдү калк тез аранын ичинде сезе тургандай саясат жүргүзөрүн дагы бир ирет бышыктады. Бу жолку шайлоону ал "украиналыктардын өлкөнү бириктирүүгө биринчи кадам жасаганы" катары баалады.

Деген менен добуштардын натыйжасы, айрыкча өлкөнүн эң батыштагы жана эң чыгыштагы аймактарында беш жыл мурда элди кескин жиктеп салган "саргылжын ыңкылаптын" салакасы али күчтүү экенин көрсөттү. Кээ бир жерлерде атаандаштар ортосундагы айрыма сексен процентке чейин жетти.

Негизгиси - ким президент болсо да социалдык-экономикалык проблемалардын тоодой жүгүн алат дешет: казына какшып турат, карыздар чачтан ашты, жумушсуздар көбөйдү, маяналар менен жөлөкпулдар өлчөмү күнүмдүк турмушка өп-чап жетип калды. Азыркы бийликтеги президент менен премьердин тирешинен улам быйылкы жылдын бүжөтү ушу күнгө чейин бекитиле элек.

Кокус добуштардын акыркы эсеби эки проценттей айрыманын тегерегинде болуп, эгей-шыгай чыга турган болсо, жаңы президент легитимдүүлүк проблемасына да кабылышы мүмкүн.

Премьер-министр Юлия Тимошенко шайлоодо утулганын азырынча моюнга ала элек. Анын штабындагылар шайлоо комиссияларына катарлаш санак өткөрүп, эки талапкер тең бирдей добуш алганын айтып жатышат. Тимошенко өзү кечээ түн ортосунда добуштардын ырасмий биринчи жыйынтыктары жарыяланган соң гана андан кийинки кадамдарын аныктай турганын айтып, таң атканча "танапис" алып, эс алганы кеткен эле. Болгону ал "Европага кошулган, демократияны эш туткан, күчтүү Украина үчүн добуш бергендер көп экенине" ишенет.

Эксперттер тараптар эми соттордо талашып-таймашарын болжолдоп, ошол эле учурда бул иш узакка созулбайт, ашып барса он күндүн ичинде бүтөт деген кыязда турушат.

Киевдеги саясий илимпоздордун бири Олексей Харан эски "ыңкылапчылардын" ич ара ыркы бузулганы бу жолку шайлоодо чечүүчү мааниге ээ болгонун белгиледи.

"Добуштардын натыйжасы так көрсөтүп турат: эгер өткөн шайлоодо "саргылжын" маанайлуу калкка таянган Ющенко менен Яценюк бу жолу өз тарапкерлерин эки талапкерге тең каршы добуш берүүгө чакырышпаганда Тимошенко утуп алмак экен", - деп билдирди ал "Азаттыкка".

Элдин "экинчи майданга" чыгарына да үмүт аз. "Өткөн шайлоодо идея үчүн күрөш болгон эле, эми болсо эки талапкерге тең эч ким ишенбейт, бери эле дегенде экөө тең абалды оң жагына өзгөртө албайт",- деп айтты шайлоочулардын бири.

XS
SM
MD
LG