Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Украина: Шайлоодо В. Янукович алдыда


Украина. Добуш берүүдөн кийинки сурамжылоо - экзит полдун жыйынтыгы. Киев. 7-февраль 2010
Украина. Добуш берүүдөн кийинки сурамжылоо - экзит полдун жыйынтыгы. Киев. 7-февраль 2010

Украинада 7-февралда өткөн президенттик кайра шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча оппозиция лидери, кремлчил Виктор Янкуович алдыда баратат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 50 проценти эсептелгенден кийин Янукович үчүн шайлоочулардын 49,6 проценти, премьер-министр Юлия Тимошенко үчүн 44,7 проценти добуш бергенин маалымдады.

Украин оппозициясынын лидери Виктор Янукович өзүн 7-февралда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жеңүүчүсү деп жарыялады жана атаандашы Юлия Тимошенкону премьер-министрликтен кетүүгө чакырды. Тимошенко өзүнүн көп добуш алганын айтып, премьер-министрликтен кетпесин билдирди.

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Юлия Тимошенко аксакал колдоочусун өөп жатат. 7-февраль 2010

Шайлоочулар добуш берип чыгар замат өткөрүлгөн сурамжылоо-экзит пол Янукович атаандашы Тимошенкого караганда беш процент көп добуш алганын көрсөткөн.

Янукович 7-февралда кеч бешимде өз колдоочуларына ыраазычылыгын айтып, ал Украинаны бириктирүү жана экономикалык кризистен чыгаруу үчүн күрөшөөрүн билдирди:

- Биз биздин өлкөдө же саясатта душмандарды издебешибиз керек. Биз баарыбыз биригип туруп, жакырчылык, жоопкерсиздик жана жемсөөлүк сыяктуу жалпы душманды жеңишибиз керек. Биз ийгиликтүү жана кубаттуу мамлекет курушубуз зарыл.

Юлия Тимошенко экзит-полду “жөнөкөй социология” деп атады жана анын маалыматы чындыктан алыс экенин айтты:

- Эгер кимдир бирөө добуштар толук саналып бүткөнчө кайсы бир талапкерди жеңди деп жарыялап жиберсе, бул - элди алдоо болот. Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө акыркы протокол саналып бүткөндөн кийин гана бир жаңсыл кеп кылуу мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 50 проценти эсептелгенден кийин Янукович үчүн шайлоочулардын 49,6 проценти, премьер-министр Юлия Тимошенко үчүн 44,7 проценти добуш бергенин маалымдады.

Бул шайлоодо ким жеңгени Украинанын Россия жана Батыш менен болгон мамилеси үчүн абдан маанилүү. 2005-жылкы президенттик шайлоодо москвачыл Януковичти Россия ачык колдогон жана президент Владимир Путин шайлоонун жыйынтыгы толук чыкканча эле Януковичти куттуктап жиберген.

"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

XS
SM
MD
LG