Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Украина: “Нафтогаз” компаниясынын кеңсесин тинтүү болду


Украинанын Коопсуздук күчтөрүнүн шаршембиде (4-мартта) “Нафтогаз” мамлекеттик газ компаниясынын баш кеңсесинде тинтүү жүргүзүүсү - орусиялык газды Европага жеткирүү маселесин кайрадан кабыргасынан койду.

Газ тармагындагы башаламандыктарды ирээтке салуу үчүн жүргүзүлгөн тинтүү бейшембиде (5-мартта) “Нафтогаздын” филиалында да жүргүзүлдү. Анын аралыгында расмий Москва ушул окуялардан кийин Украина Орусиянын “Газпром” компаниясына болгон миллиондогон доллар карызын төлөй алабы деп санаркоодо.

Шаршембиде, күпкүндүз беттерин чүмбөттөгөн, куралданган кишилер Украинанын мамлекеттик “Нафтогаз” компаниясынын баш кеңсесине кирип келишкен.

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы бул рейдди президент Виктор Ющенконун буйругу менен жүргүзгөнүн ырастоодо.

“Нафтогаздын” басма сөз өкүлү Валентин Землянский тинтүү башталганда кеңседе болчу.

- Ошол замат имарат курчоого алынды. Алар өздөрүн тааныштырышкан жок, булар Улуттук коопсуздук кызматынын күчтөрү болгонун жана тергөө жүргүзүп жатканын жаңылыктардан гана билдик. Алар куралчан кирип келишти, ушул кандай тергөө болсун?

Бирок президенттин басма сөз катчысы Ирина Ванныкова тергөө иши үчүн Улуттук коопсуздук күчүн тартуу зарыл болгонун белгилейт:

- Коопсуздук кызматынын аракеттери абдан катаал болду, бирок учурдагы кырдаал ушундай аракеттерди талап кылды. Президент жемсөөлүктү иликтөөдө чечкиндүүлүк жана бекемдик зарыл деген ишенимде.

Тинтүү маалында табылган документтердин арасында РосУкрЭнерго компаниясына тийиштүү 11 миллиард кубметр газ тууралуу да кагаздар табылган. РосУкрЭнерго – жакында эле Орусия менен Украина ортосундагы газ келишимин түзүүдө ортомчу болгон компания.

Январда Москва менен Киев ортосунда газ чатагы чыгып, Европанын бир катар өлкөлөрү кыш чилдесинде көгүлтүр отунсуз калган. Бирок ошол күндөрү ашыкча газды РосУкрЭнерго компаниясы эмне үчүн кармап отурганы алигиче белгисиз.

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Марина Остапенко 4-марттагы “Нафтогаздын” баш кеңсесин тинтүү – РосУкрЭнерго 900 миллион долларга бааланган газды мыйзамсыз түрдө ээлеп алган деген шек менен жүргүзүлгөнүн айтты.

Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун ырасташынча, Улуттук коопсуздук кызматынын жортуулун өлкөнүн газ кызматын алсыратуу үчүн “Нафтогаздын” газ агымын бууп салуу аракети катары сыпаттаган. Тимошенконун баамында, президент менен РосУкрЭнерго ортосунда байланыш бар.

Анын аралыгында “Газпром” Украинада 4-мартта орун алган окуялар “Нафтогаз” компаниясынын орусиялык газ үчүн карызын төлөөгө тоскоолдук болбойт деген үмүтүн билдирди.

Бирок “Нафтогаз” “Газпромго” 7-мартка чейин газ үчүн карызынын 80 пайызын төлөп берерин ырастады. Эгерде “Нафтогаз” карызын төлөп бербесе, орусиялык газдын Европага жеткирилиши үзгүлтүккө учурамак. Январда Москва менен Киев ортосундагы газ чатагынан улам Европанын 18 өлкөсү эки апта бою көгүлтүр отунсуз калган.

"Нафтогаз" компаниясында тинтүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

XS
SM
MD
LG