Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Орустар менен украиндер – доспу, же каспы?


Эки өлкөнүн президенттери Виктор Юшенко менен Дмитрий Медведев. 2009-ж.
Эки өлкөнүн президенттери Виктор Юшенко менен Дмитрий Медведев. 2009-ж.

Киевде чыгуучу “Апта күзгүсү” (“Зеркало недели” ) журналына эки белгилүү украин саясат таануучу илимпоздун Украина-Орусия алакаларын анализдеген макаласы жарыяланды.

Украинанын Улуттук коопсуздук маселелери институтунун директору, академик Владимир Горбулин менен анын кеңешчиси, саясий илимдер доктору Александр Литвиненконун кенен макаласы Москва менен Киевде гана эмес, чет өлкөлөрдө да кызуу талкуу жаратты.

Эки илимпоз өз макаласында Москва менен Киев ортосундагы мамилелердин эки тарап үчүн маани-маңызын анализдеп, эки өкмөттүн жүргүзгөн саясатын жиликтеп, келечекте аны жөнгө салыш үчүн эмне кылуу керектигин чечмелешет. Орусия – Украинанын стратегиялык өнөктөшү, бул экөө экономикалык, тарыхый, маданий жагынан тыгыз байланышып-чырмалышкан, экөө тең келечекте аймагынын бүтүндүгүн сактап, мамлекеттүүлүгүн бекемдеш үчүн бири-бирине көп жагынан көз каранды, - деп жазат Горбулин менен Литвиненко. Алсак, калкынын саны жылына орто эсеп менен 1 миллиондон ашуун адамга кыскарып, түпкү славян элдерин улам барган сайын мусулман элдери сүрүп келаткан Орусияга - коңшулаш Украинадагы орус тилдүү калкты өзүнө тартуу – мезгил талабы.

Андан башка жалаң мунай, газ жана башка энергобулактардын эсебинен күн көрүп, байып келаткан Орусия бул байлыгын сыртка алып чыгып, аны ийгиликтүү өздөштүрүү жагынан да Украинага байланып-тушалган. Кремль буга чейинки саясаты көргөзгөндөй, Украина багытында терең ойлонулуп салмактанган, келечекти эске алган стратегия, тактикасы жок эле кез келген шартка жараша аракет көрүп келатат. Ашып кетсе, Москва Украина менен тарыхый карым-катнашын 2015-жылга чейин түздөп-оңдой алат, антпесе Киевде батышчыл жаңы муундагы саясатчылар бийликке келсе, ал мүмкүндүк колдон биротоло чыгарылат, деп белгилейт эки илимпоз.

Академик Горбулин менен кеңешчиси Литвиненко жазгандай, андыктан Москва алдыдагы 5-6 жыл ичинде Киевге карата агрессивдүү, чечкиндүү саясат жүргүзүп, атайын стратегия иштеп чыгып, Украинанын орусиячыл Чыгыш бөлүгүн, Крым жарым аралы тарабын бөлүп алууга бел байлашы мүмкүн.

“Азаттыктын” аналитиги Роб Коалсон Кремль азыр дароо андай агрессивдүү саясат баштабай, январдагы шайлоону күтө турат, - деген пикирин айтат.

- Эгерде Украинадагы шайлоодо орусиячыл күчтөр уттуруп, же саясатчылар азыркыдай бөлүнүп-жарылып туруп алса, Москва кандайдыр чечкиндүү кадамдарга барышы мүмкүн. Менимче, аскердик кийлигишүүгө барбайт, бирок экономикалык блокадага алып, финансы булактарын менчиктеп, газ бербей, же кымбаттатып, андан сырткары Украинага орус тыңчылар торун жайылтып, өлкөдөгү туруктуулукка чагым салышы толук ыктымал.

Украина андай саясатка туруштук бере алабы? Киевдик эки илимпоздун ишениминде, Киев ал үчүн Владимир Путин убагында орус коомчулугун шыктандыргандай украиндерди бириктирип, саясий стабилдүүлүк орнотуп, ар башка саясий күчтөр ортосунда мунаса таап, Украинада демократиялык өнүгүүнү бекемдеп, жарандардын саясий жана башка эркиндиктерин кепилдеп, Орусиядагы авторитардык түзүлүштүн кемчиликтерин көзгө сая көргөзүү зарыл. Андан сырткары Украинадагы орус тилдүүлөрдү жерибей, аларды украин элин пропагандалап-таанытуу кампаниясынын ажырагыс бөлүгүнө айландыруу милдет.

АКШ, Европа өлкөлөрү багытында декларативдүү, сөз жүзүндө жарыяланган дымактуу мамилелердин ордуна акырын иштеп, максатка жете турган ийкемдүү тактика колдонгону оң. Орусия менен экономикалык алакаларды оңдоп, ортодогу соода-сатыкты көбөйтмөйүнчө, Украинада эл турмушун жакшыртуу кыйын болот, аны да эске алуу керек, - деп жыйынтыктайт Киевдик эки саясат таануучу. Украина менен Орусиянын экөөндө тең бири-бирине карата терең ойлонулуп-салмактанган стратегия иштелип чыккан эмес деген айыптоону азырынча эки тарап тең комментарийсиз калтырды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG