Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Путин Украинанын газ планын сынга алды


Брюсселде газ долбооруна макулдашуу учурунда, 23-март, 2009
Брюсселде газ долбооруна макулдашуу учурунда, 23-март, 2009

Орусиянын премьер-министри В. Путин Украина менен Европа биримдигинин ортосунда түзүлгөн газ планын «кесипкөйлүккө жатпаган» макулдашуу деп сындады. 23-мартта жарыяланган планда Евробиримдик Украинанын газ куурун оңдоп-түзөөгө убада кылды. Украина өзүнүн энергетика тармагындагы айкындуулукту күч алдырууга сөз берди.

Европа Биримдигинин украиналык газ куур системасын оңдоого 2 жарым миллиард доллар убада кылышы Киев бийликтери үчүн кубанычтуу окуя болуп калды. 23-мартта кол коюлган келишимди бирок орус өкмөтүнүн жетекчиси жактырган жок:

Биз сөз кылып жаткан документ шашылыш түзүлтүр, кесипкөй болбой калыптыр. Мындай маселени башкы жабдуучуну кошпой талкуулоо жеңил ойлуулукка жатат, - деп жооп кайтарды Брюсселден келген жарыяга Владимир Путин. Кийин ал ошондой эле келерки аптага белгиленген Украина менен сүйлөшүү кийинкиге калтырылаарын эскертти:

Биз келерки аптада премерлердин деңгээлинде өкмөттөр аралык кеңешмелерди өткөрөлү дегенбиз. Бирок Европа биримдиги менен Украинанын соңку жарыясынан улам боло турган өзгөрүүлөрдү тактап, кабыл алынган чечимдерди анализден өткөрүш үчүн, бул кеңешмелерди кийинкиге калтырууну сунуш этем.

Евробиримдик Орусиядан өзү керектеген газдын 25 пайызын алат. Анын 80 пайызы Украина аркылуу ташылат. Бирок мындан 40 жыл мурда курулган газ куурлары эскирип бүткөн, аларды бир нече жыл мурда алмаштырыш керек болчу, бирок Украинанын ремонт иштерине каражаты тартыш болуп келген. Азыр эми бул ишти Европа Биримдиги каржылай турган болууда.

Бул ишке орусиялык ишканалар кызыгып жүрүшкөн, ал эми Орусиянын Газпром компаниясы технологиялар айкаш болсун үчүн, эки жактын тең куурларын өзү оңдошу керектигин айтып келген.

Москванын модернизациялоо долбоорунан четте калганы бир жөн, дүйшөмбүдөгү жарыяда Орусиянын Европага газ экспорттоочу экендиги тууралуу дээрлик айтылган эмес. Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко буга таң калганын жашырган жок.

Бирок европалык лидерлер Украина менен келишим Орусия үчүн да пайдалуу деп эсептешет. Ушуга байланыштуу Европа Комиссиясынын президенти Хозе Мануал Барросо дүйшөмбүдө буларга токтолду:

– Украина аркылуу газ ташуу системасы Европанын күнүмдүк жашоосу үчүн чечүүчү мааниге ээ. Ошондуктан ал Европа Биримдиги, Украина жана Орусия үчүн келечекте да стратегиялык маанисин сактап калат.

Жыл башындагы газ кризиси боюнча Путин менен январ айында сүйлөшүү жүргүзгөн Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенко өлкөнүн Европа биримдиги менен макулдашуусун Москва колдойт деген ишенимин билдирди:

Бул декларация бардык келечек инвесторлорго бул ишти Европа да, Украина да, жана албетте Орусия Федерациясы да колдойт деген белги болуп калды.

Бирок Москванын реакциясы бөлөк болду.

– Газ Орусиядан гана келет, бирок эч ким биз менен бул маселени талкуулаган жок, - деди орус өкмөтүнүн башчысы.

XS
SM
MD
LG