Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда добуш берүүгө шайлоочулардын 69 пайызы катышты. БШК добуш берүү учурунда орчундуу мыйзам бузуулар болгон жок деп билдирди.
Янукович Киевде болгон басма сөз жыйынында өзүнүн жеңишин жарыялап жиберди. Ал эми Тимошенконун штабынан добуштарды өз алдынча эсептеп жатышканын жана анын натыйжасы боюнча эки талапкерге добуштар бирдей санда берилген деп билдирүүдө. Юлия Тимошенко мурда сүйлөгөн сөздөрүндө эгер шайлоо таза өтпөсө массалык каршылык акцияларына элди алып чыгарын билдирген.