Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:49

Өзбекстан: Сумдун тартыштыгы жана банктардын амалы


Эл аралык рейтинг агенттиги - “Moody” май айынын аяк ченинде Өзбекстандын үч ири банкынын: “Ипотека- банк”, “Алокабанк” жана Борбордук банкында кардарлар алдындагы милденмелерин аткарууга жетерлик акчасы бар экенинен күмөн санаганын билдирди. Эксперттер жүгүртүүдөгү акчанын жетишсиздигинен улам банктардын депозиттери жай өсүп жаткандыктан, өкмөт банктарга кошумча колдоо көрсөтүлөт деген убадасын аткара албайт деп чочушат.

Өзбекстандын банктарынын кардарларга акчаны ченеп берип жатканы, өкмөттүн жүгүртүүдөгү акчаны контролдоо үчүн айлык акыларды банктарга которуп, электр, газ жана башка коммуналдык төлөмдөр кармалгандан кийин гана маяналарды төлөөсү- акчанын тартыштыгын күбөлөйт.

"... банкта бир доллар 1500 сумдун тегерегинде деп белгиленсе, кара базарда бир доллар 1800 сум. Ошентип, айрыма 300 сомдой болот."
Камрон Алиев, Ташкен.

Глобалдык финансылык кризистен улам 2008-жылдын соңунда Өзбек өкмөтү алты коммерциялык банктын баалуу кагаздарын сатып алып, алар аркылуу өнөр жай тармагына жардам берилет деп убада кылган.

Өзбек суму тартыш болууда...

Ташкендик пенсионер Камрон Алиевдин айтымында, банктардын өз милдеттенмелерин бузуп, кардарлардын акчаларын кечиктирип берүү Өзбекстандын борборунда демейдеги көрүнүш:

-Өзбекстандын банктарынын акчаны 10-15 күн кечиктирип берүүсү кадыресе көрүнүшкө айланган. Банктар акча биринчи кезекте пенсионерлерге берилсин деп милдеттендирилген. Ошон үчүн, пенсионерлер акчаларын алгандан кийин гана башка жарандарга акча берилет.

Өзбек банктарындагы акчанын тартыштыгын, ташкендик экономист Дилмурад Халматов башкеңсеси Лондондогу Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтуна” берген интервьюда, дүйнөлүк кризистин кесепетинен өлкө экспорттон алган кирешенин азайышы жана өкмөттүн финансы тармагын колдоо планы иштебей жатканга байланыштуу болууда дейт.

Жүгүртүүдөгү чет элдик валютаны контролдоо аракети, өзбек сумунунн башка өлкөлөрдүн акчаларына эркин конверттелбегени- кара базардын өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Камрон Алиевдин сөзүнө караганда, өсүмдун өкмөт орноткон наркы менен кара базардагы баанын ажырымы 300 сумдон кем эмес:

-Базар наркы менен базар наркынын айрымасы бар. Маселен, банкта бир доллар 1500 сумдун тегерегинде деп белгиленсе, кара базарда бир доллар 1800 сум. Ошентип, айрыма 300 сомдой болот.

Доллардын тартыштыгын, баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун талдоочусу Жон Маклед сырткы базарга сатылган өтүмдүү товарлардын акчасынын банктарга түшпөй жатканы жана чет жакта иштеген өзбек жарандарынан келген акчанын азайганы менен түшүндүрөт:

-Чет элдик валюта да олуттуу проблема. Себеби, алтын жана башка металлдардан жана пахтаны сырткы базарга сатуудан түшкөн киреше өкмөттүн же өкмөткө жакын чөйрөлөрдүн чөнтөгүнө түшүүдө. Мигранттардан келген акча да азайды. Өкмөттүн чет элдик валютаны сыртка чыгарбоо үчүн экспортту контролдоосу жана адамдардын долларды банктарга ишенбей, жанында кармоосу долларга болгон талаптын өсүүсүнө түрткү болууда.

Жогорудагы себептердун улам, былтыртан тарта депозиттерин көбөйткөн банктар салыктан бошотулганы жана узак мөөнөттүк аманаттардын кайтарым пулу көбөйтүлгөнүнө карабай, жарандар банктарга көп ишенишпейт. Бул өз кезегиндеги банктардын каражатын чектейт, дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG