Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Орусия: нааразылардын катары күн сайын көбөйүүдө


15-мартта Орусиянын Владивосток шаарында бийликке каршы нааразылык акциясы өттү. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери ар кандай себептер менен иш-чарага чыккан 50гө чукул унааны митинг өтчү жерге киргизбей койгон. Демонстрацияны Коммунистер партиясынын мүчөлөрү менен орусиялык ”Жолборс” уюму уюштурушкан.

Митингге миңдей киши катышып, алар азык-түлүктүн, турак-жай үчүн төлөнчү акынын кымбаташына нааразылыгын билдиришкен. 16-мартта алардын жолун тоскон унаа айдоочуларын митингге катыштырбай койгону үчүн милиция кызматкерлерин жүрүштү уюштургандар сотко беришкен.

15-мартта Владивостокто митинг өткөргөн миңдей киши губернатор Сергей Даркин менен өкмөт башчы Владимир Путиндин кызматтан кетишин талап кылышкан. Кийинки күнү маалым болгондой, бул митингге катышуу үчүн келаткан автоунаа айдоочуларын милиция кызматкерлери ара жолдон болбогон шылтоолор менен кармап калышкан. Бул туурасында «Азаттыкка» иш-чараны уюштургандардын бири Анастасия Загоруйко айткан:

- Тизилип келе жаткан унааларды бөлүп коюшту. Ар бир он метрче жерден кайра-кайра токтото беришти, рация аркылуу “ар кандай шылтоо таап, административдик протокол түзгүлө” деп айтып турушту.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, жергиликтүү тургундар ондогон жылдар бою жапондор менен өзүнүн экономикалык байланышын бекемдешкен, ал кезде бийлик карапайым жарандарга кол кабыш эткен эмес, эми кризис кычап турганда, Кремл бул шаардын тургундарын ошол элди багып аткан жумуштан ажыратып салды. Митингге катышкан Олег аттуу жигит өкмөт башчыдан “Путин! Сен Владивостоктун соода портторунда иштеген кишилерди жумуштан бошоттуң! Демейдеги бажылык салыкты кайра калыбына келтир” деп талап кылган.

Капталына ураандар жазылган жүрүшкө чыккан 50 унаанын айдоочусу ар кайсы жерде милиция кызматкерлери кармап отуруп, натыйжада митинг өткөн жерге эки гана унаа келген. Анастасия Загоруйко “биз бийлик уруксаты менен акция уюштурганбыз, ага ГАИ кызматкерлери бут тосушту” деп прокуратурага арыз жазган. Ал эми Примор чөлкөмүнүн милиция өкүлүнүн маалымдашынча, алар митинг өткөрүүгө уруксат алышкан эмес.

Өткөн жылы апрелде «Бирдиктүү Орусия» партиясынын төрагалык милдетин да алып атканда Владимир Путин “парламенттик көптүк тарап менен өкмөтүн эриш-аркак иштеши өлкөнүн экономикасын өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүк берет”,-деген.

Владивосток шаарында нааразылык акциялар өткөн жылы ноябр-декабрдан тартып бажылык салыктын кымбатташынан улам башталган. 14-декабрда митингге чыккан эл шаардын башкы көчөсүн бир нече саатка бууп салышкан. 21-декабрда Владивостоктун борбордук аянтына чогулгандарды ОМОН күч менен таркаткан.

Владивостокто нааразылык акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

XS
SM
MD
LG