Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Шайлоо Карзай менен Холбрукту жаакташтырды


АКШнын атайын чабарманы Ричард Холбрук жана Ооганстандын президенти Хамид Карзай
АКШнын атайын чабарманы Ричард Холбрук жана Ооганстандын президенти Хамид Карзай

АКШнын атайын чабарманы менен Ооган президентинин ортосунда президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу курч пикир алышуу болду.

Кездешүүдө Холбрук Ооганстанда өткөн президенттик шайлоодо мыйзам буузуулар болду, президент Карзайдын жана башка талапкерлердин команда мүчөлөрү добуштарды уурдады деген айыптоолорго байланыштуу Карзайга нааразылык айткан. Кабарларга караганда, Ричард Холбруктун сын сөзү Карзайды катуу ачуулантып, эки жак жаакташууга чейин барган . Мындай
Шайлоодо атаандаштык болбосо, ооган эли анын жыйынтыгына ынанбаса, президент мыйзамдуу бийликте отурат деп кабыл алынбаса, бул аскерий өнөктүккө, кыштак жериндеги башкарууну жакшыртууга жана өнүктүрүүгө чоң тоскоол болот.
Марвин Вайнбаум
кабарды Карзайдын өкүлү жана АКШнын Кабылдагы элчилиги калпка чыгарды.

Бирок белгисиз калууну сураган Ак үйлүк ырасмий адам Холбрук менен Карзайдын кездешүүсү оор болуп, ортодо курч сөздөр айтылганын, Ооган жетекчилиги шайлоо жараянын, анын жыйынтыгын сыйлап, сабырдуу болуусу зарыл экенин билдирди.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Филип Кроулейдин айтымында, Ооганстандагы президенттик шайлоодо бурмалоолор болду деп жарыялоого али эрте:

- Биз шайлоонун жыйынтыгын күтөбүз. Биз Ооган өкмөтүнүн курамын күтөбүз. Стратегиялык жактан биз эл аралык жамаат менен, азыркы Ооган өкмөтү менен Ооган элинин талабына ылайыктуу бийликти куруу үчүн тыкыс иштешип жатабыз.

Европа Биримдиги, АКШ элчилиги жана башка Ооганстандагы эл аралык уюмдар шайлоодон бир жума мурда Карзай шыр 50 процент добуш албайт, шайлоонун экинчи айлампасы да болот деп жоромол жасашкан. Обол жарыяланган эки санак боюнча Карзай шайлоочулардын 45 процентинин, өлкөнүн мурдакы тышкы иштер министри Абдулла Абдулланы 35 процентинин колдоосуна жетишкен.

Маалыматтарга караганда, Шайлооком даттанууларды текшергенге байланыштуу санак токтотулушу мүмкүн.

20-августтагы шайлоодо кеңири мыйзам бузуулар болгону айтылууда. АКШ Мамдепартаментинин мурдакы талдоочусу Марвин Вайнбаум көптөгөн мыйзамсыздыктарга күбө болгонун айтса, Абдулла Абдулла бийликти бүтүндөй Карзай үчүн иштеди деп айыптады.

Вайнбаумдун пикиринче, Ооган өкмөтү жана эл аралык коомчулук козголоңчуларды тыйпыл кылууга бет алып турганда, добуш берүүнүн жыйынтыгына элдин ишенгени маанилүү:

- Шайлоодо атаандаштык болбосо, ооган эли анын жыйынтыгына ынанбаса, президент мыйзамдуу бийликте отурат деп кабыл алынбаса, бул аскерий өнөктүккө, кыштак жериндеги башкарууну жакшыртууга жана өнүктүрүүгө чоң тоскоол болот. Азыркы шайлоонун мааниси ушунда.

Серепчилер Карзай биринчи турда жеңсе, калктын бийликке ишенбөөчүлүгү өсөт дешет. Эгер шайлооком Карзайды 50 проценттен аз добуш алды деп тапса, ошондо эл демократияга ишенет экен. Анүчүн, Вайнбаумдин оюнча, Карзай экинчи айлампада негизги атаандашы менен беттешкени жөндүү. Ошондо эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар добуш берүүлөргө биринчи айлампадагыдан да мыкты көзөмөл жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун Ооганстандагы шайлоонун жыйынтыгына ишенүүсүнө да жакшы шарт түзүлөт.

XS
SM
MD
LG