Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Табышмактуу жол кырсыгы батыш басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурду


Кыргызстанда өткөн аптада табышмактуу жол кырсыгында белгилүү саясий ишмер Медет Садыркулов набыт болушу мүмкүн деген жоромол батыш басма сөз каражаттарынын да көңүлүн бурду.

“Кыргызстандын президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси, 13-мартта, таңында табышмактуу жол кырсыгынан каза тапты” деп жазат International Herald Tribune гезити.

“Бул шексиз атайлап жасалган баш кесерлик экенине көзүбүз жетип отурат. Медет Садыркулов репрессиячыл бийликтин курмандыгы болду” деп оппозициянын мүчөсү депутат Бакыт Бешимовдун айткан сөзүнө шилтеме жасалып, макалада “Садыркуловдун өлүмү Кыргызстанда оппозициялык саясатчыларга каршы кысым, көз коркутуу жана куугунтуктоолор күчөгөн бир учурга туш келди. Ушул аптада эле оппозиция лидерлеринин бири Алибек Жекшенкулов түркиялык бир ишкердин өмүрүнө кол салды деген айыптоо менен камакка алынды. Аны утурлап, оппозициялык бир журналист токмоктолуп бычакталган эле” делинет.

Wall Street Journal гезити дагы бул чуулгандуу кырсык кабарына кайдыгер калбай, кырсыктын табышмагы жана бүдөмүктөрүнө басым жасаган макаласын жарыялады. “Президент Бакиевдин Москвага ооп, АКШнын “Манастагы” аба базасын жабуу чечиминен улам администрациянын жетекчилик кызматынан чегинген оппозициялык саясатчы Медет Садыркулов жума күнү жол кырсыгында өлдү, бирок анын жолдоштору окуяны саясий буйрутма катары баалашууда” делинген макалада, Садыркулов алдыдагы шайлоодо президенттик кызматка талапкердигин коюуну пландаганына көңүлдү бурат.

“Бишкектин күчтүү саясатчысы табышмактуу жол кырсыгында өмүрүнөн ажырады” деп жазат Eurasia View интернет баракчасы. Табышмактуу бул кырсык Кыргызстанда саясий абалды ого бетер оорлоштуруп жиберүүсү ажеп эмес экени бышыкталып, макалада Садыркулов, Кыргыз Стратегиялык Изилдөө Борборунун мурдагы башчысы Сергей Слепченко жана айдоочу Казакстандан кайтып келе жатышканда кырсыкка учурап өмүрүнөн ажырашканы жана кагылышкан экинчи унаанын 24 жаштагы айдоочусу болсо суракка тартылып жатканы маалымдалат.

“Жол эрежелерин одоно бузуу күндөлүк көрүнүшкө айланып калган Борбор Азия өлкөлөрүндө жол кырсыктары сейрек учурачу окуя эмес. Бирок оппозиция Садыркулов өлгөн кырсыкты саясий буйрук менен ишке ашырылган киши өлтүрүү катары баалап жатат” деп көрсөтүлгөн макалада, “бул шексиз саясий адам өлтүрүү. Медет Садыркулов президенттик администрациянын жетекчилигинен кеткенден бери түрдүү саясий күчтөр, анын ичинде оппозиция менен сүйлөшүп келген” деген “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ой жоруусу мисалга тартылган.
XS
SM
MD
LG