Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Батыш басма сөз каражаттары: Мигранттар, Обама, экономикалык кризис


Кыргызстандагы экономикалык абал, мигранттардын мекенине кайтып жатышы, АКШ президенти Барак Обаманын Түркияга сапары батыш басма сөз каражаттарында да талкууга алынууда.

Кыргызстандын экономикалык абалы, Орусиянын берген насыяларын пайдалануу маселелери жана алдыдагы президенттик шайлоо “Евразия Вью” интернет баракчасында чыккан бир макалага гулазык болгон.

Кыргыз өкмөтү жакында Орусиядан 300 миллион доллар насыя жана 150 миллион доллар грант алганы эске салынган макалада, “бул акча баарыдан мурда глобалдык каржылык кризистин таасирлерине каршы күрөшүүдө колдонулат жана ички дүң продукция быйыл пландаштырылган деңгээлден өспөйт” деген каржы министри Акылбек Жапаровдун сөздөрү жана экономикадагы оор кырдаал июлга белгиленген шайлоодо президент Бакиев үчүн оң упай боло албастыгы белгиленет.

Ушул эле макалада Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика боюнча адис окутуучусу Аза Миграняндын кыргыз экономикасынын абалы жөнүндөгү ой-пикирлерине орун берилген.

Дублинде чыгуучу “Айриш Таймс” гезитинин ишембидеги санында жарыяланган макала Орусиядан мекендерине кайтып келе жаткан кыргыз жана тажик мигранттардын абалына арналган. Дүйнөлүк экономикалык кризистин айынан Орусия Борбор Азиядагы мигрант жумушчуларды өлкөдөн чыгара баштаганы менен, бул кризис аймактагы өкмөттөрдү реформа жүргүзүүгө түрткү болуп жатканы бышыкталган макалада, өзгөчө тажик президенти Имамали Рахмондун чакан жана орточо ишканаларды текшерүүгө 2 жыл мораторий жарыялаган жардыгы мисалга тартылган.

АКШнын президенти Барак Обаманын өткөн аптанын башында Түркияга болгон 2 күндүк сапары ушул аптанын маанилүү окуясы катары басма сөз беттериндеги ордун сактап келатат. “Вашингтон Таймс” гезитинде макала жазган илимий изилдөөчү Ариел Кохен, Обаманын Чоң жыйырманын, НАТОнун жана Евробиримдиктин саммитине катышкан соң Европа сапарын Түркия менен аяктаганына көңүлдү буруп, Обама муну менен НАТОнун ардагер мүчөсү, Европа менен Азияны бириктирген бул аймактагы күчтүү жана таасирдүү мусулман өлкө Түркияга Вашингтон канчалык чоң маани берери баса белгиленет.

Ушул эле темага арналып, Түркияда чыгуучу “Хүрриет” гезитинде жарыяланган бир макалада болсо, Обаманын Түркиянын Улуттук Мажлисинде жасаган баяндамасы эки өлкөнүн байланыштарындагы жаңы учурдун башталышын чагылдыруу менен эле чектелбестен, Вашингтон басымдуу көпчүлүгү мусулман өлкөнү жаңыча дүйнө жүзүлүк тартиптин чордонуно койгонун даңазалаганы билдирилет.
XS
SM
MD
LG