Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:58

А. Бекназаров: "Кожоюн" жүзүн ачты


Иш жүзүндө өлкөнүн стратегиялык тармактарын, дегеле экономикалык блокту өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиги тескей турган болду.

Өнүктүрүү фонду да ошол агенттикке баш ийет. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бул түзүмдөр деги кайда алып барат?

Ошентип өлкөдөгү экономикалык блокту президенттин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөп калды. Ал башкарган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиги бир сөз менен айтканда жогорку өкмөт даражасына чыкты.

Айта кетсек, 5-ноябрь күнү дээрлик басымдуу бөлүгү президенттин “акжолчуларынан” турган парламент “Өнүктүрүү фондусу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү агенттиги өлкөнүн стратегиялык тармактарын башкара турган Өнүктүрүү фондусунун жападан-жалгыз акционери болуп калды. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси эсептелмекчи.
Максим Бакиев

Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондусунун директорлор кеңешинин курамына премьер-министр Данияр Үсөнов, Каржы министри Марат Султанов, Өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчи орун басары Алексей Елисеев, “АзияУниверсалБанктын” директорлор кеңешинин мүчөсү Майкл Меред сыяктуулар кирди.

Ал эми президенттин жардыгына ылайык кечээ Өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов дайындалды. УТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановго болсо Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы кызматы тийди.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров мындай жагдайды, “накта кожоюн жүзүн ачты” деп сыпаттады:

- Кыргызстандын экономикалык абалына өкмөттүн үстүндө турган дагы бир өкмөттүн кожоюну болгон Максим Бакиев жооп берет. Бардык экономикалык, каржылык, инвестициялык маселелер боюнча жооп бериши керек. Азыр кыбыр эткендин бардыгын Максим башкарып калбадыбы.

Эми башкалардын бардыгын Курманбек Бакиев толук ачыкка чыгарып, баарын дайындап, “бул иним бул жакты башкарат, бул балам бул тармакты башкарат, биз үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга жооп беребиз” деп туруп, эми баш мыйзамды оңдоп, премьер-министрдин институтун жоюп, “парламентке да жеке өзүмдүн партиям отурат” деп бекитип алышы керек. Хан сыяктуу эле жооп бериши керек.


Өнүктүрүү фондусуна байланыштуу мыйзам Жогорку Кеңеште каралып аткан маалда Социал-демократтар аны кабыл албай турууга чакырышкан. Депутат Иса Өмүркулов Өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик менен Өнүктүрүү фондунун кандайча иштешээри тууралуу Экономикалык тескөө министри Жеңиш Байгуттиевге суроо берип, мындайча жооп алган:

Жеңиш Байгуттиев: - Экөө биргелешип иштейт... Фонд ал инвестиция жагын алып барат...

Иса Өмүркулов: - Ошону айтып атпаймынбы. Биргелешип кантип иштейт, эгерде маселени фонддун башкы акционери чечип атса?

Жеңиш Байгуттиев: - Фонд акчаны, инвестицияны чет жаккадан алып келет. Ал акчалар бул жакта тармактарга бөлүнүп, экономиканы өнүктүрүү үчүн керектелет.

Иса Өмүркулов: - Мен ошону сурап атам. Эмне аларды өкмөт алып келе албайбы?

Жеңиш Байгуттиев: - Өкмөт 18 жыл алып келип көрдү го. Эмне чыкты? Тышкы карыздан башка эмне чыкты?

Өкмөт мүчөсү, экономикалык тескөө министри Жеңиш Байгуттиевдин мындай жообунан кийин, “Экономиканы жөндөй албаса анда өкмөттүн эмне кереги бар? Андай өкмөттү кармап кереги барбы?” деген сыяктуу суроолор ого бетер көбөйдү.

Ал эми Өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары Алексей Елисеев талаш-тартыштарды туудурган эки түзүмдүн милдеттерин мындайча ачыктайт:
Алексей Елисеев

- Бул агенттик өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар кандай долбоорлорду сунуштап, башкарат жана стратегиялык өнүктүрүү саясатын колго алат. Ал эми Өнүктүрүү фонду бул жерде чарбалык жана каржылык функцияларды аткаруучу мамлекеттик институт болуп саналат.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Роза Отунбаеванын айтымында, мындай жагдай өкмөттүн эч нерсе чече албай калганын билдирип турат. “Данияр Үсөновдун премьер-министр болушу анын өмүр-баянына эле жазылганы болбосо, иш жүзүндө ал эч нерсе чече албайт”,- дейт Роза Отунбаева.

Талдоочулардын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерге айлык-акы берип, салык чогулткандан башка көзгө көрүнөөрлүк иши калбаган өкмөттү толук жоюп, карапайым элге түшүнүксүз схемаларды түзбөй эле бардык жүктү президент жана Өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин башчысы ачык колго алышса деле болмок.

XS
SM
MD
LG