Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Ооганстан: шайлоо алдындагы жымжырттык


Ооган талапкердин көрнөк-жарнактары
Ооган талапкердин көрнөк-жарнактары

18-апрелде Ооганстанда Воласи Жыргага шайлоо өтөт. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 депутаттык орунга 2447 талапкер ат салышууда. Алардын 430у аял.

2001-жылы бийликтен кулаган талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөп, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөрдү таратууда. Ооган бийлиги болсо коопсуздук чараларын күчөтүү менен алек.

Суруби менен Пагман райондору 90-жылдардагы согушта баш калаа Кабулдун чыгышы менен батышын бөлүп турган чек ара болгон. Бүгүн шаардын бул бөлүгү жымжырт. Дал ушул аймактан шайлоого аттанган Кабир Ранжбар үчүн шайлоого талапкер болуу ары татаал, ары коркунучтуу болду. Ранжбар улуту боюнча пуштун.

Ал депутат болуп калса дагы «душманы» саналган – мурдагы мужахиддин командирлер менен бирге отуруп, мыйзам токуу кыйла эле оор болоорун билет. «Биздин каражат чектелген, шайлоо өнөктүгүн чөнтөгүбүз бош эле өткөрдүк. Бизден айрымаланып, атаандаштарыбыз кайсы бир саясий түзүлүштөргө кирет, алардын артында кайсы бир чет өлкөнүн колдоосу турат. Атаандаштар болсо ошол каражатты кенен-кесири чачып өнөктүктү өткөрдү», - дейт шайлоо талапкери, пуштун улутундагы Ранжбар.

Ранжбардын мисалында бул шайлоого өз алдынча аттанган талапкерлердин ал-ахывалын элестетсе болот. Ооганстандагы көчүп-конуп жүргөн күчи уруусунан чыккан талапкерлер дагы эч бир саясий түзүлүшкө кошулбай өз алдынча шайлоого аттанууда. Ал эми калган көпчүлүк талапкерлер тигил же бул саясий коалициянын алдында шайлоого катышууда.

Ооганстанда бул жолку парламенттик шайлоого катышууга белсенгендер 2005-жылдагы маарага караганда бир топ эле көп. Балким бул парламент депутаты ээ болгон укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн көптүгү менен байланыштуу. Ооган депутаты бараандуу айлык, атайын коопсуздук менен камсыз болуп, мамлекеттик аткаминерлерге таасирдүү, ал турсун өкмөт кабыл алган чечимди жактырбай коё алат.

Шайлоо коопсуздугу эң башкы маселе

Согушкер талиптер шайлоо бекеттерине кол салып, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга кам көрүп жатканын жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарына байма-бай жарыя кылууда. Калк көп жашаган жерлерде элди шайлоого катышпоого үндөгөн баракчалар чапталган.

Добуш берүүгө 17 миллиондон ашуун оогандыктар тартылат, бирок коопсуздукка байланыштуу өлкө боюнча ачылган 7 миңге чукул шайлоо бекеттеринин миңдейи жабык тейден калаары айкын болду. Талиптер көзөмөл кылган түштүк жана чыгыш региондордо бир жарым миллиондон ашуун көпчүлүгү этникалык пуштундар болгон шайлоочу добуш берүүдөн сыртта калат. Албетте, бул жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгын расмий таанууда маселе жаратпай койбойт.

Ооганстан ички иштер министринин маалымат катчысы Земарай Башири «Азаттык» үналгысынын ооган кызматына берген маегинде шайлоо күнү болуп кетчү ар кандай жардыруу, кол салуу сыяктуу коркунучтар менен күрөшүүгө өлкөнүн коопсуздук күчтөрү даяр экендигин айтат:

- Кабулда жетиштүү сандагы полиция бар, бул жерде дагы алардын санын көбөйтүүнүн кажети жок. Кабулда жалпысынан 15 миңден ашуун полициячылар бар, алардын бардыгы тең толук даярдыкта турат. Алардын эч кимиси дем алууга кетпейт, шайлоо бүткүчө жуманын жети күнү 24 саат бою кызматта болушат.


Жаңы парламент жана президент Карзай

Шайлоодо президент Карзайдын тарапкерлери жеңишке жетишсе, ооган өлкө башчысы үчүн мамлекетти башкарууга жеңил болуп, талиптер менен мунапыска баруу сыяктуу өзүнүн жеке демилгелерин да өткөрүп кетүүгө жол ачылат. Серепчилер ошондой эле Хамид Карзайды жактаган депутаттардын көптүгү ооган президентине эл аралык коомчулук, ириде расмий Вашингтон менен кең-кесири соодалашууга да мүмкүнчүлүк ачаарын айтышууда.

Ооган парламенти эки бөлүктөн Мишрану Жырга (Сенат) 102 депутаттан турган жогорку палатадан жана 249 орун ээлеген Воласи Жыргадан (төмөнкү палата) турат. Депутаттар жалпы, жашыруун, түз добуш берүү аркылуу шайланган өлкүнүн бардык 34 провинциясынын өкүлдөрү. 249 орундун 68и аялдарга тиешелүү, же ар бир провинциядан экиден аял депутат шайланышы керек.

Буга чейин белгилүү болгондой парламенттик шайлоо 22-майга белгиленген. Бирок борбордук шайлоо комиссиясы каржы тартыштыгынан жана өлкөдөгү коопсуздук жагдайынан добуш берүүнү кийинкиге жылдырган. Өткөн жылдын август айында Ооганстанда өткөн президенттик шайлоодо талиптердин таасири күчтүү түштүк аймактарда шайлоо жараяны үзгүлтүккө учурап, жалпысынан шайлоо болгон деле эмес. Бул жолку шайлоонун алгачкы жыйынтыгы 8-октябрда жарыялана баштайт, ал эми расмий жыйынтык кийинки ай этегинде күтүлөт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG