Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

ШКУ Москвада Ооганстанга байланыштуу жыйын баштады


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен. Москва, 2009-жылдын 27-марты.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен. Москва, 2009-жылдын 27-марты.

Москвада 27-мартта Шанхай кызматташуу уюмунун калканчы астында Ооганстан боюнча эл аралык конференция ачылды. Анда террорчулук жана баңги зат соодасына каршы биргелешип жүргүзүлө турган чаралар талкууга алынды.

Форумдун ишине (ШКУ) Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө (Орусия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан), сырттан көз салуучу өлкөлөр (Индия, Иран, Монголия, Пакистан), Ооганстан, Түркмөнстан, Түркия, ошондой эле «чоң сегизге» кирген өлкөлөр катышты. Ооганстан маселесине арналган ШКУнун бул жыйынына биринчи жолу Кошмо Штаттарынын катышып атышын анализчилер белгилешет.

Буга дейре ШКУ менен ЖККУ (Жамаатык коопсуздук келишим уюму) Ооганстандан келип аткан коркунучка каршы бир нече коопсуздук алкак уюштуруп чыгабыз деп келатышкан. Андай күрөш финансылык, терррорчулук жана баңги затын соодага айлантууга каршы болорун жума күнү олтурум үстүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров айтып чыккан. Дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Ооганстан, өзүнүн коопсуздугун коргоп берүүнү өтүнүүдө, ошондуктан НАТО күчтөрүнүн кеңейишин карап чыгууга Орусия даяр деген.

Ошол эле бешинчи күнү, президент Барак Обама АКШныны Ооганстанга карата жаңы стратегияга өтүүнү сунуштаган. Анын жердигине ылайык, ал жакка дагы кошумча 4000 аскер жөнөтүү болору айтылат.
Вашингтондун жаңы стратегиясы баарыдан мурда «Ал-Каида» менен талибилер базаларын жок кылууга багышталмакчы дешет.

«Террорчулар жашынып олтурган жерлеринде олтуруп америкалыктарды жок кылуу планын түзүп атканда биздин кол куушуруп олтура беришибиз кечирилгис иш» - деген президент Барак Обама.
АКШнын Ооганстандагы саясий стратегиясындагы маселе «биринчи жолу бүтүндөй аймак боюнча мамиле кылууга негизделет» - деген Ак үйдүн маалымдоо катчысы Роберт Гиббс.

БУУ башкы катчысы Пан Ги Мундун эл аралык конференцияга ШКУ мүчөлөрү: Орусия менен Кытай ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан олтурумуна катышышы конференция баркын арттырды дешүүдө.

Мамлекеттик сыналгыдан Орусиянын НАТО альянсынын алдындагы өкүлү Дмитрий Рогозин буларды айтты:

- Ооганстанга жасалуучу операциялардын натыйжасы бизди абдан кооптонтот. Ошондой эле ШКУ өзү да сөзсүз түрдө бул маселеде так, ачык чараларды иштеп чыгат.

Серепчилер болсо ШКУну батыштын Борбордук Азияга таасирин болтурбай коюу үчүн ойлонуп табылган уюм дешет. Ошондуктан Москва бир эле Кыргызстанга эмес жакында Ооганстанга да 2,2 миллиард доллардык жардам насыя сөгүү убадасын берди деп айтышат.

XS
SM
MD
LG