Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

"Кыргызстандын Конституциясы - дүйнөдөгү эң ийилгич Конституция"


Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Батыш басма сөзү кыргыз президенти Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим, Кремлдин Кыргызстанга жардамы токтоп калышы, кыргыз-өзбек чек ара сарсанаасы тууралуу да сөз кылды.

Transitions Online интернет баракчасы “Президент жана канзаада” деген макаласында, кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин башкы мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрү анын уулу Максим Бакиевдин гана пайдасына болот деген пикир билдирген. Кыргызстандын Конституциясы дүйнөдөгү эң ийилгич Конституция экенин бышыктаган баракча, өткөндө Жогорку Кеңеш сунуш кылынган өзгөртүү жана толуктоолорду бекитүүсү аркылуу, дагы бир жолу Бакиевдин эркине мойун сунганын баяндайт. “Бакиев 2007-жылдагыдай парламенттин таркатылуусуна алып барчу түрдө конституциянын бүтүндөй алмаштырылышын сунуш кылбаса дагы, баары бир киргизилген кийинки өзгөртүү жана толуктоолор ошондой терең таасирлерди алып келмекчи”, -делинген макалада, кийинки аралыкта Бакиевке оппозицияда болгон саясий ишмерлер баштан өткөрүп жаткан куугутуктарга да назар салынат.

“Москва Кыргызстанга берем деген каржылык жардамын токтотуп койду” деп жазат Eurasia View интернет баракчасы. Анда жарыяланган макалада кыргыз президенти Курманбек Бакиев өткөн жылы Москвага иш сапары менен барып, АКШнын жана НАТОнун “Манас” аба базасын Бишкектен чыгарып жиберүүгө, а Россия болсо Кыргызстанга 2 миллиард доллар көлөмүндө каржылык жардам берүүгө макул болгону эске салынып, арадан 12 ай өткөнүнө карабастан америкалык аскерлер али да болсо Кыргызстанда турганы жана Москва убада кылган жардамын жиберүүдөн баш тартканы баяндалат. “2,15 миллиард доллар көлөмүндөгү жардамдын 1,7 миллион доллардык бөлугү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна, 300 миллион доллары өнүгүү фондуна жана 150 миллион доллар накталай жардам болсо социалдык долбоорлорго бөлүнмөк эле. Ушул 450 миллион долларды Россия өткөн жылы берди. Бирок Россия ошол жардамдын максаттуу пайдаланылганына шектүү көз менен кароодо” деп билдирилет макалада.

Түркияда чыгуучу Hürriyet гезити, Өзбекстан бийлиги кыргыз жарандары Өзбекстанга айына бир жолу гана өтүүгө укуктуу деп чектөө салганын жазып чыкты. “Киргизилген чектөөлөр” делинет гезиттин кабарында “өлкөдө өзгөчө түштүктөгү Ошто жашаган кыргыз паспорттуу жүз миңдеген өзбектерди түйшүккө салмакчы”.

Hürriyet гезитинде Армения менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык алакаларды орнотуу максатында өткөн жылы башталган жарашуу жараянынын учурдагы абалына сереп салган дагы бир макала жарыяланды. Саясий серепчи Ферай Тынч, “өткөн жылы кол коюлган протоколдор, эки ара жакындашуунун жолун ачуусу күтүлгөн менен, тараптардын ар кандай максаттардын артын эрчүүсүнөн улам Армения жараяны “футбол дипломатиясынан” алыс кете албай калды” деген пикирин билдирет. “Түркия геноцид дооматтарынан кутулушту; Армения Карабак маселесинде Азербайжанды обочолонтууну; АКШ армян лобисинин ‘геноцсидди’ таануу деген талабын жумшартууну а ЕБ болсо, Борбор Азия соода жолунун эшигинин ачылуусун көздөп кыймылга өттү. Эгерде тараптар эки калктын жакындашуусун гана көздөгөндө, натыйжа башка болмок” деп жазат Тынч айым.
XS
SM
MD
LG