Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Кыргызстандагы кырдаал Батыш басма сөзүнүн назарында


Лондондун ‘Economist’ жумалыгы Бишкектин көчөлөрүндө партилардын жарнамаларына жай калбай калганын жазып чыкты.
Лондондун ‘Economist’ жумалыгы Бишкектин көчөлөрүндө партилардын жарнамаларына жай калбай калганын жазып чыкты.

Кыргызстанда ушул жекшембиде өтө турган парламенттик шайлоо, өзгөчө шайлоо алдындагы өнөктүктө Орусиянын таасири жана айрым саясий партиялардын улутчул маанайдагы чакырыктардан пайдаланып жатканы тууралуу даттануулар Батыш басма сөзүнүн көңүл чордонунда.

Лондондун ‘Economist’ жумалыгынын соңку санында “парламенттик шайлоолор улуттар-аралык оор абалды жеңилдете албашы ыктымал” деген баш сөз менен жарыяланган макалада Кыргызстанда шайлоо алдындагы абалга июнь капсалаңынан кийин жумуруятта түзүлүп калган кырдаалдын өңүтүнөн талдоо жүргүзүлгөн. Жумалык 120 орундуу парламентке 29 партиядан 3.300 талапкер ат салышып жатканына көңүлдү буруп, өнөктүк аймактагы авторитардык жумуруяттарга салыштырмалуу алда канча эркин кырдаалында өтүп жатканын, үналгы-сыналгыларда бирин-бири улай партиялардын жарнактары берилип, Бишкектин көчөлөрүндө көрнөк-жарнак такталары жетпей, партиялар жарнамаларын мык менен бак-дарактарга дале илип жатышканын баяндайт. Опуртал кырдаалга карабастан июнь айынын соңунда өлкөдө референдум өтөрүлгөндүгү белгиленген макалада “бирок шайлоолор жаңы бир башталгыч болуп калар бекен деген элдин үмүтүн актабай калышы ыктымал” делинет. Макалада шайлоого ат салышкан айрым партиялар тууралуу чакан маалыматтар берилип, өзбектөр менен кыргыздардын ортосундогу абал курч бойдон сакталып кала бергени бышыкталат.

FACTBOX аталышындагы онлайн кабар кызматы дагы Кыргызстанда шайлоо алдындагы абалга сереп салып, июнь капсалаңынан кийин өзгөчө түштүктө улуттар-аралык абал бычактын кырында турганын, абалды жеңилдештирүүнүн ишине көмөктөшүү максатында август айында түштүккө жайгаштырылууга тийиш болгон ЕККУнун 52 кишиден турган кеңешчи тобу өлкөгө шайлоолордон кийин келмек болгонун, Бакиевдин тарапкерлери түштүктө араздашууларды тукуруу аракетин кайталашы ыктымалдан алыс эмес экенин жана өзгөчө Тажикстан менен болгон чек ара, Ооганстан тараптан келген аша чапкан исламчыл жоочулардын коркунучунда экенин абайлатат. Кабарда ошондой эле Орусия президенти Медведевдин “парламенттик система Кыргызстанга бейпилдик алып келбейт. Биздин кыргыз досторубуз ушул жолго түшүп жатышат. Бул жол Орусия үчүн, анан да чочулаганым Кыргызстан үчүн деле кыйроого алып барат” деп жасаган эскертүүсүн да кыстарыла кеткен.

The Jamestown Foundation аталган кордун баракчасында , “Ата Журт” партиясынын мүчөсү Камчыбек Ташиевдин “Кыргызстандын негизги улуту кыргыздар. Анда жашаган өзбек болобу, түрк, кытай же тажик болобу өзүн кыргыз менен тең же анан өйдө сезген абалда мамлекет талкаланат” деп айткан сөздөрүн мисалга тартып, анын көз карашын көптөгөн кыргыздар өзгөчө июнь капсалаңын эл аралык медиа каражаттары бир тараптуу чагылдырганына ишенгендер колдошкону билдирилет.
XS
SM
MD
LG