Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

“The New Republic”: Бакиев демократия жөнүндөгү убадасын тез унуткан


Дүйнө гезиттери.
Дүйнө гезиттери.

Батыштын жана Россиянын басылмалары Курманбек Бакиевдин саясаты, Кыргызстандагы жагдай жана өлкө келечеги тууралуу эмне дешет?

Вашингтондо чыкчу “The New Republic” жумалыгы Кыргызстандагы саясый кризистин себептерине арналган макалада “Бакиев демократия курам деген убадасын тез эле унутканын”, “ал эзели демократияны жактырбаганын жана бийликке келгенден тарта өлкөнү авторитаризмге жана непотизмге (туугандарын бийликке отургузууга) бурганын” белгилейт. “Роза Отунбаева башындагы утурумдук өкмөт алты айда өткөрчү шайлоо - жаңы демократияны куруудагы алгачкы кадам болот” деп тыянак жасайт “TNR”.

Москванын “Газета.ru” интернет басылмасы “Бакиевдин ишинин жыйынтыгы кашкайып турат” деген макаланы баскан. Темага президент Медведевдин Вашингтондогу Брукинс интитунда Кыргызстандагы америкалык авиабазага байланыштуу айткан сөзү коюлган. Медведев эмне деген эле?

"Президент Бакиев ырааттуу адам. Ал обол Кыргызстандагы америкалык базаны жабуу жөнүндө чечим кабыл алганы жатканын айтты. Андан кийин Транзиттик ташуу борборун сактоо тууралуу ошондой эле ырааттуу чечим кабыл алды.(Залда күлкү башталды.) Менимче, ырааттуулук дайыма саясатчылардын жакшы мүнөзү болгон. Адам канчалык ырааттуу болсо, ийгилиги ошончолук жакшы болот. Кыргызстандын президентинин ишинин жыйынтыгы кашкайып көрүнүп турбайбы.”

Бул Россия президентинин шейшемби күнү америкалык саясатчылар, талдоочу-эксперттер алдында Курманбек Бакиевге берген баасы.

Британ гезиттери Курманбек Бакиев президенттиктен кетүүгө даяр экенине көңүл бурушту. Мисалы, Лондондун “Daily Telegraph” гезити Бакиев убактылуу өкмөт анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна кепилдик берсе, президенттиктен кетүүгө макул болгонун жазды.

Ал эми “Financial Times” болсо “Эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ, Россия жана Улуттар Уюму чатакты кан төгүүсүз токтотуусу үчүн Кыргызстандын саясый элитасына катуу кысым көрсөтүп жатканын” кабарлады. Лондондук таасирлүү гезит Россиянын Федералдык Кеңешинин биринчи орун басары Александр Трошиндин “саясый элита тез мунасага келбесе, Кыргызстан мамлекет катары кыйрайт” деген сөзүнө да шилтеме жасаган.

“Коммерсанть” басылмасы Россиянын Кыргызстанга 50 миллион доллар бере турганын жар салды. Бул акчанын 20 миллион доллары грант, 30 миллион доллары жеңилдетилген кредит болот. Жардамдын жөнүн премьер-министр Владимир Путин мындайча түшүндүргөн:

-Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин билдиришинче, (Кыргызстандын) казынасы бош калган. Азыркы жетекчиликтин айтышынча, мурдакы жетекчилер баарын уурдап, талап-тоноп, кыйратып кеткен... Биз дайыма Кыргыз эли менен өзгөчө мамиледе болгонбуз жана татаал мезгилде, албетте, Кыргызстандагы досторубузга жардамдашыбыз керек.

“Коммерсанть” Россия Кыргызстанга 1,5 миң тонна үрөн жана 25 миң тонна бензин жана мунай жөнөтөөрүн да жазды.

АКШнын “Christian Science Monitor” гезити кээ бир саясатчылардын, анын ичинде президент Медведевдин Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетиши этимал деген пикирине кошулбайт. “Учурда граждандык согуш чыгып болушу мүмкүн же убактынча өкмөткө каршы көтөрүлүш чыгат деген чочулоо чындыкка окшобойт сыяктуу”, деп боолгойт бостондук гезит.
XS
SM
MD
LG