Фухимори бийликтен президенттик үчүнчү мөөнөтүнө шайланган соң, 2000-жылдын ноябрында ата-бабаларынын тарыхый мекени Жапонияда жумушчу сапар менен жүргөн жеринен чегинип, парламентке арызын факс аркылуу жөнөткөн. Мунун алдында ал үчүнчү мөөнөт үчүн шайлоо өнөктүгү учурунда оппозициядагы депутаттарды сатып алгандыгын далилдеген тасма сыналгыдан көрсөтүлгөн эле.
Жалпысынан 2004-жылдан бери Перунун мурдагы президентинин үстүнөн төрт сот жараяны өтүп, акыркысы былтыр сентябрда аяктаган. Сот жараяндардын жүрүшү мамлекеттик каналдан көрсөтүлүп турган. Мурдагы президентке адегенде коррупция жана кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн алты, кийин адам укуктарын бузганы үчүн 25, жардамчылары аркылуу пара бердирткени үчүн 7,5 жылдык түрмө жазасы чектелген. Перунун мыйзамдары боюнча айыпкер ага сот тарабынан чектелген жазанын эң узунун өтөйт. 72 жаштагы Фухимори учурда 25 жылдык түрмө жазасын өтөп жатат.
Былтыр октябрда Перунун прокуратурасы мурдагы президенттин үстүнөн дагы бир кылмыш ишин козгоп, ага 1991-жылы оппозициячыл журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген айып койгон. Мурдагы президенттин кызы азыр Перу парламентинин депутаты. Кейхо Фухимори Перуда келерки жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышарын былтыр эле жарыялап, кокус шайланып калса абактагы атасына мунапыс берерин жашырган эмес.
Түштүк Америкадан Азияга келсек бул аймакта президенттер соттолгон учурлар Түштүк Кореяда кездешет. Өлкөнүн 12-президенти, Түштүк Кореяны 1981-88-жылдары башкарган генерал Чон Ду Хван (Chun Doo-Hwan) 1996-жылы алгачкы баскычтагы сот тарабынан өлүм жазасына кесилип, бирок жогорку баскычтагы соттор тарабынан өкүм өмүр бою түрмө менен алмаштырылган.
Түштүк Кореянын соттору бийликке аскерий төңкөрүш аркылуу келген мурдагы президентке карата жогорудагыдай жаза чектөөдө ал 1980-жылы али өлкөнүн аскерий чалгын кызматын башкарып турган кезинде Кванчжу деген шаарда студенттердин өкмөткө каршы толкундоосун күч менен басуу учурундагы кандуу окуяларды эске алган. Расмий маалыматтар боюнча толкундоону күч менен басуу учурунда 150-200, бейрасмий маалыматтарда 2000-2300 адам өлгөн деп айтылып жүрөт.
Түштүк Кореянын Чон Ду Хвандан кийинки президенти, генерал Ро Дэ У (Ro Tae Woo) да сот жообуна тартылган. Президенттикке 1988-жылы шайлоо аркылуу келген Ро Дэ У бийликтен кеткен 1993-жылы эле камакка алынып, алгач коррупция, кийин Кванчжу шаарындагы кандуу окуялар боюнча да айыпталган. Сот 1996-жылдын августунда ага алгач 22 жылдык жаза чектеп, кийин жаза мөөнөтү 17 жылга түшүрүлгөн. Ал эми 1998-жылы Түштүк Кореянын ошол кездеги президенти Ким Дэ Чжун Ро Дэ Уга мунапыс берген.
Быйыл болсо Уругвайда өлкөнүн 1972-76-жылдардагы диктатору, Хуан Мария Бордаберрини (Juan Maria Bordaberry) 30 жылга эркинен ажыратышты. Бул Уругвайдагы эң жогорку жаза. Мурдагы президент өзү бийлик жүргүзгөн учурдагы оппозиция өкүлдөрүн уурдоого, өлтүрүүлөргө катышы бардыгы үчүн айыптуу деп табылды. Сот 81 жаштагы Бордаберринин саламаттыгына байланыштуу жаза мөөнөтүн баласынын үйүндө өтөөгө уруксат берген.