Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Азербайжан менен Армениянын мамилеси АКШнын көңүлүндө


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев. 4-июль, Баку.
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев. 4-июль, Баку.

4-июлда Бакуда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жолугушту. Анда Тоолуу Карабак маселеси козголуп, Илхам Алиев Азербайжан менен Армения ортосундагы жаңжалды чечүүдө Вашингтондун жардамы керектигин айтты. Бул маселе Ереванда Хиллари Клинтон менен Армениянын президенти Серж Саркисяндын жолугушуусу маалында да козголгон.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Чыгыш Европа жана Кавказ аймактарына иш сапары Украина менен Польшадан башталып, 5-июлда Грузияда соңуна чыгат. Хиллари Клинтон беш күндүк иш сапары маалында Украина, Польша, Азербайжан, Армения жана Грузияда болду.

Американын тышкы саясатында өзгөчө мааниге ээ болгон бул иш сапар көпчүлүктү кызыктырып жаткан. Советтер Союзу урагандан соң расмий Москва менен мамилени бузуп алуудан коркпой Вашингтон бул өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн талашып келген. Бийликке Барак Обама келип, Кремль менен мамилени алдыңкы орунга алып чыгып, бул өлкөлөр менен АКШнын алакасы сууй түшкөн. Ошондон улам серепчилер бул иш сапарга чоң маани беришүүдө.
АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон менен Армениянын лидери Серж Саркисян, 4-июль, Ереван


Reuters маалымат агенттиги жазганга караганда, Тоолуу Карабак маселесин чечүүдө Азербайжан АКШдан колдоо сураган. Президент Илхам Алиев “биз үчүн бул коопсуздугубузга коркунуч туудура турган башкы маселе” деп айткан. Х. Клинтон “АКШ үчүн да Алиев айткан маселелер маанилүү” деген.

“Азаттыктын” Бакудагы кабарчысы Фарид Ариф Оглы буларды айтат:

- Х.Клинтон ЕККУ алдындагы Минск тобунун теңтөрагасы катары АКШ мындан ары да Карабак чатагын жөнгө салуу боюнча арачылык ишин уланта тургандыгын билдирди.

Он беш жылдан бери от алышпай калган кошуналар үчүн бири-биринен чочулоо кадимки көрүнүшкө айланган. Себеби Азербайжандын аймагындагы Тоолуу Карабакта негизинен армян улутундагылар отурукташкан. 1990-жылы чыккан куралдуу жаңжалда 30 миңге чукул киши набыт болгон. Акырында Тоолуу Карабак өз алдынча болгон. Бирок ушул кезге дейре анын эгемендүүлүгүн эч бир өлкө тааный элек.

Ереванда жолугушуу учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы менен Армениянын президенти ортосунда Тоолуу Карабак маселеси, ошондой эле мурун жакындаша баштап, кийин токтоп калган Армения менен Түркиянын мамилеси тууралуу кеп болду. Ошондон улам америкалык саясатчы Дэниэл Гурэ Хиллари Клинтондун 5 өлкөгө сапарын төмөнкүдөй баалады:

- Мамлекеттик катчы эки маселени ал өлкөлөрдүн бийлигине жеткире турганын убада кылды. Биринчиден, стратегиялык маанилүү аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу ниетинен АКШ баш тартпай турганын айгинеледи. Экинчиден, ал өлкөлөр өз ара жана Орусия менен тил табышууну үйрөнүшү керектигин билдирди.

Серепчилер Х. Клинтон бул өлкөлөргө алар уккусу келип турган Тоолуу Карабактын тегерегиндеги чатак азыркыга чейин АКШнын көңүлүндө болгонун билдирди деп айтышат.

XS
SM
MD
LG