Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Йеменде терракт пландаган шектүү студент кыз кармалды


Шектүү пакеттердин бири АКШга UPS компаниясы аркылуу жөнөтүлгөн
Шектүү пакеттердин бири АКШга UPS компаниясы аркылуу жөнөтүлгөн

Йемендин коопсуздук кызматы жардыргыч зат салынган аманат баштыктардын АКШга жөнөтүлүшүнө байланыштуу шектүү адамдарды издөөнү улантууда.

Йемен коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, медицина факультетинин студенткасы Ханан ал-Самави Санадагы үйүнөн кармалган. Аны жүк ташыган компанияга калтырган чөнтөк телефон аркылуу табышкан.

Дагы бир кабарларга караганда, аны менен кошо энеси да камакка алынды. Йемен полициясы алар жасалма документ жана паспорт алып жүрүшкөн деп болжолдойт. Учак менен жиберилген аманаттар жума күнү Британия менен Дубайда колго түшүрүлгөн. Пакеттердин бири Чикагодогу синагогага жөнөтүлгөн.

Йемендин президенти Али Абдулла Салех кабарчыларга билдиргендей, анын өлкөсү шериктери менен бирге Ал-Кайидага каршы күрөштү уланта берет. Ошол эле маалда ал ал-кайидачыларды кармайбыз деген максат менен Йемендин ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбейт деп белгиледи. Анын айтымында, АКШ жана Бириккен Араб Эмираттарынын атайын кызматтары Йемендин коопсуздук органдарын шектүү студенттин кармалышына алып келген маалымат менен камсыздашкан.

АКШ жана Британиянын маалымат каражаттары кабарлашкандай, полиция Ал-Кайиданын жардыргыч заттар боюнча адиси Ибрахим Хасан ал-Асирини шектүүлөр арасында атоодо. Тергөөчүлөр дагы 26 пакетти текшерип жатышат.

Бир катар өлкөлөр Йеменден жүк ташыган учактарга тыюу салды. АКШнын почта кызматы ал өлкөдөн аманаттарды, каттарды ташууну убактылуу токтотту.

АКШ жана Йемендин бийликтери ишке ашпай калган терактка Ал-Кайиданын тиешеси бар деп ишенишет. АКШ президенти Барак Обама Ал-Кайиданын Араб жарым аралындагы канатын жок кылууга убада берди. Уюмдун таяныч жери Шабва чөлкөмүндө жайгашкан.

Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерун Лондондо табылган бомба учакта жарылгыдай кылып жасалганын маалымдады.

- Йеменден салынган пакеттер Америкага багытталган. Аларды ташыган учак адегенде Германияда, кийин Британияда конгон. Бул – терроризмди жеңүү үчүн биз чечкиндүү жана бирдиктүү болууга тийишпиз дегенди билдирет. Мен президент Барак Обама менен сүйлөшүп, биргелешип иш алып баруу керектигине басым жасадым. Мен ошондой эле Йемен президенти Али Абдулла Салех менен да сүйлөштүм. Йемен жана Араб жарым аралындагы Ал-Кайида деген балекетке каршы көбүрөөк аракет көрүү зарылдыгын айттым.

Ага чейин Дубай полициясы экинчи пакетте да жардыргыч зат табылганын бышыктаган.

Ал-Кайиданын Араб жарым аралындагы канаты былтыр Жаңы жыл алдында Кошмо Штаттарга бараткан учакты жардырууга аракеттенгенин моюнга алган. Йемен акыркы кезде радикал исламчы терористтердин очогу катары каралып келатат.

XS
SM
MD
LG