Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

16 жаштагы кыздар эне болууга даярбы?


Үй-бүлө кодекси айрым толуктоо өзгөртүүлөргө муктаж. Мындай демилгени Жогорку кеңештин жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт комитети көтөрүүдө. Анткени мыйзамдагы үй-бүлө куруу жаш өзгөчөлүгү боюнча артыкбаш кошумчалар жашы жете элек кыздарды мажбурлап, эрге берилишине шарт түзүүдө.

Эльвира эми эле 17 ге толгон турмушка чыккан. Аны мектепти бүтөөргө жакын айылдаш жигит ала качып кеткен эле. Азыр ал жапжаш туруп, эки уулдун энеси: “Мени жолдошум концертке барабыз деп алдап ала качып кеткен. Аны жакшы деле таанычу эмесмин. Анан таш түшкөн жеринде оор деп калып калдым. Эрте төрөдүм. Балам ара төрөлдү. Өзгөчө ооруп калганда кыйналчумун. Сүтүм да чыкпайт. Аны менен кошо эле өзүм да ооруй берчүмүн”.

Элге сөз болбой калып калайын деген ойго алданган жаш кыз бирөө жарымга жардам сурап кайрылуудан баш тартат. Ал турмуш курууга психологиялык жактан даярбы же анын организми бала көтөрүүгө жарайбы деген маселе үй-бүлөдө көз жаздымда кала тургандыгын белгилейт Акыйкатчы Турсунбек Акун:

Илгери 16 жаштагы кыздарды тебетей менен чаап көрүп, ал андан кулабай калса, “жетилди” деп турмушка беришкен. Кээде 9, 14, 15 жаштагы кыздар да күйөөгө чыккан. Анан алар 13, 15 жада калса 20 баладан төрөшкөн. А бирок анын ичинен эки-үчөө гана тирүү калчу. Анткени кыздар бала бакканга даяр эмес болушкан. Организми жетиле элек болбогондуктан, алсыз балдар төрөлгөн. Биз өткөндөрдүн катасын кайра кайталабашыбыз керек”, - деди кыргыз Омбудсмени.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда жаштар 18 жаштан баштап гана үй бүлө кура алышат. Бирок юрист Ракыя Рахматова мыйзамда “айрым учурда гана жол берилет” деп мүнөздөлгөн 16 жашка байланыштуу жобо ашыкча болуп жатат дейт: “Биздин учурда үй-бүлө кодекси иштелип жатканда, менталитет боюнча мусулман кыздарга ата-энесинин, өзүнүн макулдугу менен турмушка чыгууга уруксат берилген. Бирок муну ар ким ар кандай максатта пайдалана баштады. Биздин мамлекет секулярдык, демократиялык деп аталгандан кийин бул пунктту алып эле салса болот. Анткени, эгер бул учурда макулдугу жок 16дагы кыздарды ала качып кетсе, анда иш козгоп сотко кайрылууга болот. Кыздар өз укугун коргой алышмак”.

16 жаш туурасындагы жобону алуу же калтыруу жөнүндө маселе ушул аптада парламенттик угууда да кызуу талкууну жаратты. Мисалы, депутат Гүлжамал Султаналиева бул жобону алып салгандан эч кандай деле майнап чыкпайт деп ишенет: “Эч нерсе деле чечилбейт. Бул маселеге комплекстүү мамиле кылыш керек. Аны алып салсак, анда жаштар жашыруун жол менен үйлөнө башташат. Алар таптакыр көлөкөдө калышат”.

Депутат Орзубек Назаров болсо бул маселеде айрым коңшу өлкөлөрдүн мыйзамдарын үлгү катары карап көрсө болоорун белгиледи:

“Мисалы Тажикистанда мыйзам боюнча 17 жаштан баштап турмуш курууга болот. Бирок айрым шарттарда гана үйлөнгөнү жаткан аял менен эркектин өтүнүчү менен сот бир жылга эрте үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк бере алат. Ал жакта сот аркылуу маселе чечилип жатат. Муну биз да эске алсак болот. Бирок бизде айрым шартка байланыштуу десек, анын ичине көп шарттар кирип кетип жатат. Ошондуктан эгер кош бойлуулук проблемасы турса, ошону шарт деп киргизели. Бардык нерсени өз аты менен атайлычы”.

Адистер азыр кыздардын да, балдардын да өз укуктарын билбегендиги, маалыматтын аздыгы абалды татаалдаштырып жаткандыгын айтышат. Анткени азыр ала качууга кириптер болгон кыздар менен катар эле алып келген кызы кетип калып турмушу бузулган балдар да тагдырдын сыноосуна түшүп калып жатышат:

“Укукту, мыйзамды, диндин укугубузду коргоочу жагын билбейбиз. Эң негизгиси – тарыхыбызды, салтыбызды билбейбиз. Балдар деле жыргап кеткен жери жок. Баары бир азыр кыздар олтурбай кетип калып жатат. Балдар өздөрү, алардын ата энелери кандай абалда калып жатышат. Уят болгон бала айылда кала албай, ичип кетип, ар кандай кылмыштарга барып жатат”.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2008-жылдын сегиз айында аялдарды никеге турууга мажбурлоо боюнча 31 факт катталган. Бул, 2007-жылга салыштырмалуу, 27 ге көп дегенди билдирет. Ал эми 2007-жылы 16 жаштагы бир эле кыз күч менен эрге берилген болсо, былтыр 16 жаштагы кыздарды эрге берүү боюнча 21 окуя катталды.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG