Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Зейнеп Шакеева: "Жылдыз" дегенди билчү эмеспиз


Учурунда "18 жаш","Таалайбек" аттуу ырлар менен белгилүү болгон булбул үндүү Зейнеп Шакеева азыр чыгармачылык менен көп алектенбей, небересин жетелеп үйүндө. Бирок эски ырларды жаңылап жаздырууну болжоп жүрөт.

- Зейнеп эже, учурда эмнелер менен алек болуп жатасыз?

- Композитор Каныкей Эралиеванын уюштуруусунда Ысык-Ата, Аламүдүн райондорун кыдырып, концерт коюп келдик. Ден соолукка байланыштуу эс алганы кетип, калгандарына катыша албай калдым. Эми азыр алектенген деле эч нерсем жок. Үйдөмүн, ден соолук, анан неберелер дегендей… Ырлардын бардыгын жаңыча жаздырайын дегем. Жок дегенде минус деп коет, үнү жок музыкасын жаздырган деле кымбат экен. Ага чөнтөк кыйын болуп турат. Азыр элдин баары эле өз үнүң менен ырдап атасыңбы, же фонограммабы беш колдой эле билип калыптыр. Ошондуктан концерттерде эски ырлардын бардыгын өз үнүбүз менен ырдадык.

- Сиздин белгилүү ырларыңыздын бири - "18 жашты" ырдаганда өзүнүз канча жашта элеңиз?

- Мен аны 18 жашка жете электе ырдагам. Башында өзүм ырдап жүргөнүм менен ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Кийин анан окууга тапшырып, ырга жакын болуп кеттим. Аксуубай Атабаев агай ырдаганымды угуп көрүп менде да ырлар бар деп, биз жашаган жатаканага аккардеонун көтөрүп келиптир. Ошентип ырдап калгам.

- 18 жашка кылчайып караганда эмнелер эсиңизге келет?

- Анда таптатынакай жаштык кез. Азыркыларга салыштырмалуу биз анда айлык да эмес, таап аткан акчабызга да эмес, элдин алдына чыгып атканыбызга кубанып эле жүрүптүрбүз. Ата-энебиз деле колунда бар болуп, жалаң эле ырдап тур дегендерден эмес эле. Ичинде бир арамдык жок, баё жаш кез, жакшынакай жана күйүтүң жок кезди элестетем.

- “Жылдыз” оорусу менен оорудуңуз беле?

- Жылдыз дегенди биз билчү эмеспиз. Ал кезде эч кимди деле жылдыз деп айтчу эмес.

- Концерттерден угуп жүрөбүз, үнүңүз дагы деле ошол бойдон. Үнүңүздү кантип сактайсыз, же анын да бир сыры барбы?

- Үнгө көңүл деле бөлбөйм. Ырдагың келет. Колдон келсе ырдаганда такай өзүңдүн формаңда болгуң келет. Азыр тойлорго чакырып калчу болду. Ошондуктан, үнгө көп деле көңүл бурбай, бирок ошол эле мезгилде өтө капаланбай, эмоцияңды үн менен чыгарбаш керек деп ойлойм. Жадагалса ичиңен жиниң келсе деле үнүң кырылдап калат. Ошол себептүү колдон келсе жайдары жүргөнгө аракет кылыш керек. Ал эми жайдары жүрүш үчүн айлана-чөйрөң, бала-бакыраң, неберелериң тынч болсо эле баары жакшы болчудай.

- Чыгармачыл адамдардын, анын ичинен аялдардын тагдыры татаал болот деп коюшат. Сиз ага кошуласызбы?

- Кыйын болот. Татаал эми, чыгармачыл болобу, башка болобу бардык эле аялдардыкы бирдей деп ойлойм. Бардык эле аялдар ар кандай жумуштарда иштешет эмеспи. Жаман кылам десең да анча-мынча өзүбүздөн болсо керек. Кичине чыдамкай болушуң керек. Үйдө аял, балдарга эне, жолдошуңа жубай болушуң керек. Баары бир бардыгын бир алып жүрүш кыйыныраак. Ар кимге ар кандай го. Биз 18 жашыбызда баш коштук. Жолдошум 38 жаштан өтүп оорудан каза болду. Өйдө болду, ылдый болду дегендей. Андайлар эми турмуш болгондон кийин анча-мынча болот. Өзгөчө аял киши чыдамкайыраак болушу керек деп ойлойм. Ортодо беш балабыз бар, тогуз неберебиз бар. Алар апа деп турса бардыгын унутуп коесуң.

- Жаңы ырларды жаздыруу барбы оюңузда?

- Ал үчүн обончулар менен жолугуш керек да, бизде байланыш жок болуп жатпайбы. Жаңы жыл алдындагы концерттерге баары катышат го, ага да өздөрү акча төлөп катышат экен. Андайларга келгенде бизден качышат, булардан акча чыгат беле деп ойлошсо керек. Албетте, пенсиябыз аз болсо. Ошондо балким обончулар менен жолугат белек. Азыр көп эле жакшы обончулар бар. Күйдүм-сүйдүм деген эмес, өз курагыбызга ылайык ырлар болсо ырдасак жакшы эле болмок.

- Балдарыңыздын арасынан чыгармачылыкка жакыны болдубу, же чыгармачыл болушун каалайт белеңиз?

- Мен өзүм каалабай койгом. Анткени, мен көрбөгөн азапты көрдүм. Эмчектеги бала менен жүргөн кандай учурлар болду. Түкүрүк жерге тийбей тоңуп турганда планды толтуруш үчүн Аңыракайга барчубуз, анда да балдарыбыз менен. Бирок балдарым неберелериме чейин жакшы ырдашат. Анткени, булардын атасы да жакшы ырдачу. Кээде чогуу отуруп ырдап калганда тамаша-чыны аралаш үй-бүлөлүк ансамбль түзбөйлүбү деп сүйлөшүп калабыз.

- Маегиңизге рахмат!
XS
SM
MD
LG