Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

"Бир жазасын өтөп бүтө электе кайра камалды". Абактан согушка айдалгандардын кылмышы


Орусияда Украинадагы согушка абактагыларды тартуу системасы өзгөртүлдү: Коргоо министрлиги эми андайларды мурдагыдай ырайым бербей, шарттуу бошотуу жолу менен кабыл алууда. Алар башкалар сыяктуу эле "фронтто согуш аяктаганча жүрүү" келишимине кол коюуга милдеттүү.

Бирок мурдагы система боюнча абактан чыгып, жарым жыл согушкандан кийин эле үйүнө кайтып барган кылмышкерлер коом үчүн чоң коркунучка айланууда. "Сибирь.Реалии" алардын өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн, кордогон, уурулук кылган, маңзат тараткан кылмыштары тууралуу баяндайт.

"Өлтүргүм келсе өлтүрүп коймокмун"

Абакта отурган жеринен согуш талаасына жөнөгөн Держалов - жети жолу соттолгон. Акыркы жолу ал уурулук жана тоноо үчүн кармалып, 2021-жылы төрт жылга кесилген. Түрмөдө отурганда ЧВК "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун курамына кирип, жарым жыл согушкандан кийин ырайым алып, өзү туулуп-өскөн Кемерового кайтып барган.

2023-жылы күзүндө күндөрдүн биринде Александр Держалов үйүнө түнкү клубдан таңга жуук чыгып барган. Коңшу үйдөгү батирлердин биринин балконунан угулган сөздөрдү ал кемсинтүү катары баалап, колуна бычак алып, эшиги ачык турган батирге кирип барган. Эркектерден тышкары ал жерде эки аял жана эки кичине бала бар эле. Бир кишиге бычак сайып жарадар кылгандан кийин бычактын сабы чыгып кеткенде, Держаловду чогуулап кармап, полицияга тапшырып берүүгө үлгүрүшөт. Күбөлөрдүн айтымында, Держалов: "Мен силерди соём, өлтүрөм! Мен силердин балдарыңар үчүн согушуп келдим! Ал жакта адам өлтүрдүм, силерди да өлтүрөм!", - деп кыйкырып жатты.

"Вагнердин" жоочусу.
"Вагнердин" жоочусу.

Сотто Александр адам өлтүрүүгө аракет кылганын мойнуна алган жок. Ал жөн гана "жүрүм-туруму туура эмес балдар менен сүйлөшкөнү" барганын айтып, "өлтүргүсү келсе өлтүрүп деле коймогун", андайды "атайын аскердик операцияда (Орусия Украинадагы согушун СВО – специальная военная операция деп атайт – ред.) үйрөтүшкөнүн" билдирген.

Держалов бул кылмышы үчүн дагы жети жылга колонияга жөнөтүлдү.

Александр Держалов.
Александр Держалов.

– Бир кезде аны менен бир класста окудук эле, – дейт Ирина (аты-жөнү өзгөртүлдү – ред). Ал акыл-эсинин өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдардын мектебинде Держалов менен чогуу окуган. – Параллель класста окуганбыз. Ата-энеси жок бала болчу. Акыркы жолу 1-1,5 жыл мурда байланышканбыз, андан кийин ал тууралуу эч нерсе уга элек болчумун. Мектепте дайыма башкаларды капа кылып, балдарды да, кыздарды да сабап койчу. Чоң муштум бала эле. Мектепти бүтүп кеткенден кийин кабарлашпай калганбыз. Ал түрмөдө отурганын билбептирмин. Мен Томск шаарында окуу жайды бүтүрдүм, ал Кемероводогу 48-окуу жайда окуду. Албетте, жаза мөөнөтүн өтөп бүтө элек кишини бошоткон туура эмес...

ВКонтакте түйүнүндө Александр Держаловдун түрдүү убакта ачылган төрт баракчасы бар. Соңку баракчасы бүт бойдон "Вагнер" тобуна арналган: Александр ал жердеги статусуна "аскерлер жете албаган жерге ЧВК жол салып берет" деп жазып койгон.

"Миллиардер болгусу келген"

2024-жылы январда Тюмень-Омск федералдык трассасынын 547-чакырымында жол боюндагы Тавричанка кыштагынын тушунан Красноярск крайынын полиция кызматкерлери фамилиясы Миллиардер деген кишини колго түшүрүшкөн.

Полиция анын Mazda-3 автомашинасынан табылган он таңгак мефедрон Ижевскиден Новосибирскиге ташылып баратканын билдирген. Егор Миллиардер ЧВК "Вагнер" тобунун катарында согушкан, фронтко колониядан чыгып барган, түрмөгө маңзат ишине байланыштуу отуруп чыккан адам экенин "Сибирь.Реалии" сайтына тааныштарынын бири айтып берген.

"Вагнердин" жоочусу.
"Вагнердин" жоочусу.

Красноярск крайындагы Минусинск шаарынын тургуну Егор Миллиардердин мурдагы аты-жөнү Егор Монаенков болчу.

2016-жылы ал кара куурай сатканы үчүн 7,9 жылга эркинен ажыратылган, бирок мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыккан. 2022-жылы апрель айында мыйзамсыз маңзат соодасына байланыштуу 12,2 жылга кесилген. Кийин ал фамилиясын Миллиардер деп өзгөртүп алган. "Аябай миллиардер болгусу келген", – деп тамашалап калышат анын достору.

"Көптөн бери таанышпыз, жакшы сүйлөшөбүз", – дейт Минусинскинин тургуну Евгений. – Ушул ишине байланыштуу эки жолу отуруп чыкты эле… Түрмөдөн чыккандан кийин эми андайга барбай турганын айтып, убадасын берген болчу. Билишимче, эжесине каттатып насыяга машина алган экен. Ошону айдап, таксист болуп иштеп жаткан. Кандай эле буюртмалары токтобой, алыс жактарга тынбай каттап калды бул деп таң калчубуз. Красноярск шаарында туруп бирде Новосибирскиге, бирде Новокузнецкиге, кээде Иркутск шаарына каттап жүрдү. Акыркы жолу Удмуртияга буюртма түшкөн экен. "СВО тарапка алып баратам" деп айтып калды эле.

"Жакшы эле баладай көрүнчү…"

2023-жылы Приморье крайындагы Дальнереченск шаарынын четиндеги жеке үйлөрдүн биринде адам өлүмү катталган: Украинадагы согуштан кайтып барган, мурда соттолгон Максим Волковой "атайын аскердик операция тууралуу айткандары ачуумду келтирди" деп бир кишини өлгүчө сабап салган. Тергөөдө маалым болгондой, ал отургуч жана темир союл менен ур-токмокко алып, куймулчак сөөгүнө бычак сайган. Сабалган киши кан кетип, алган жараатынан өзүнө келе албай көз жумган. Эртең менен Волковой анын сөөгүн жана кылмышта курал катары колдонулган буюмдарды катып коюуга аракет кылган.

Соттук териштирүү жүрүп жатканда Волковой кылмыш учурунда мас абалда болгонун, соо болсо деле ошону жасамагын, бирок ал кишини өлтүргүсү келбегенин айтып берди. Тергөө ал өтө мыкаачылык менен өлтүргөнүн, бир отургуч менен башын жаргандан кийин экинчисин алып, токтобой сабаганын, адамды өлтүрүп жатканын толук түшүнүп турганын билдирди.

Ал эми экспертиза Максим Волковойго "белгисиз себептерден улам жүрүм-туруму өзгөрүп туруучу акыл-эс жетишсиздиги" деген диагноз койгон. Сот аны бул кылмышы үчүн сегиз жылга эркинен ажыратты.

Максим Волковой.
Максим Волковой.

– Жакшы эле баладай көрүнчү, – дейт анын айылдашы Алексей. – Бирок ичкиликти көп ичер эле. Ичип алса, зөөкүр боло башталчу.

Окуя болгон үйдүн кожоюнунун айтымында, Волковой Украинадан кайтып баргандан кийин беш күн ар кайсы жакта баш көтөрбөй ичкен. Ошол күнү ал досунукуна барып, экөө уруша кеткенден кийин колуна темир союл көтөрүп алып көчөгө чыккан. Кийин ошол союл менен киши өлтүргөн. Сот өкүм чыгарганда Волковойдун ага чейинки соттуулугун эске албай, Украинага барып согушканын жазасын жумшартуучу жагдай деп эсептеди. Каза болгон киши чырга өзү күнөөлүү болгон деп табылды, анын "согуш тууралуу айткан сөздөрү Волковойго катуу тийген" деген бүтүм чыгарылды.

2022-жылы да Волковой тааныштарынын бирин бычактап өлтүргөнү үчүн сегиз жылга кесилген. Бирок көп өтпөй "Вагнердин" катарына кабыл алынып, Украинадагы согушка катышып, 2023-жылы үйүнө кайтып барган.

"Дагы эле нес абалдабыз…"

2023-жылы октябрь айында Приморье крайынын Анучино айылында үч баланын энеси мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Тергөө комитетинин маалыматында, 33 жаштагы жергиликтүү тургун тааныш аялын муунтуп өлтүрүп, сөөгүн машинанын ичинде калтырып, өрттөп жиберген. Окуя Арсеньевка суусунун жээгинде болгон. Ал жакка экөө эс алганы барышкан.

"Айылдын чет жагы. Жаштар көбүнчө ошол жерге машина менен барып эс алышат, – дейт жергиликтүү тургун Полина. – Бир кылмышы үчүн жазасын өтөп бүтө элек жатып, кайра камалды. Кантип ушундайга жетип калдык? Албетте, баарыбыз дагы эле нес абалдабыз. Ал Анучинодон кеткенине көп болгон. Башка жакта жүрүп түрмөгө камалган экен. ЧВКдан чыккандан кийин кайра Анучиного келиптир".

Соттун маалыматына караганда, аялдын өлүмүнө байланыштуу кармалган 33 жаштагы Александр Тюмаков 2014-жылы жана 2015-жылы чөнтөк телефон уурдаганы үчүн үч жолу соттолгон, ал эми 2016-жылы карактоо, башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу, жаш баланы өлтүрүү деген беренелердин негизинде 10 жылга кесилген.

Бирок 2022-жылы декабрда "Вагнер" менен келишим түзгөн, ал эми жарым жылдан кийин кайра Анучиного кайтып барган. Украинада Тюмаков "Вагнерден" үч медаль алган.

"Аталаш агасы бар, жакшы эле бала, – дейт Тюмаковдун туугандарынын бири. – Бирок алар катышпайт деле, акыркы жолу 18 жыл мурда көрүшүшкөн. Агасы башка шаарда жашайт. Менин билишимче, Тюмаков туугандарына күнөөсү жоктугун айткан".

"Вагнерчиге" берилген сыйлыктар. Архивдик сүрөт.
"Вагнерчиге" берилген сыйлыктар. Архивдик сүрөт.

"Вагнердин" мурдагы жалданма жоочуларынын кылмыштары тууралуу жарыяланган маалыматтар көрсөтүп тургандай, алар өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланат. 2023-жылы сентябрда Нижегород облусунун Заволжье шаарында Олег Гречко аттуу жергиликтүү тургун бир тууган эжесине бензин чачып, өрт койгон. Ал Украинадагы согушка катышып кайтканына бир аз убакыт болгон. Ага чейин адам өлтүрүү, уурулук жана уруп-сабоо беренелеринин негизинде соттолгон.

2023-жылы октябрда Красноярск крайынын Ермаковское кыштагында полиция "Вагнердин" мурдагы жоочусу, эки кишинин өлүмүнө шектелип жаткан 32 жаштагы жергиликтүү тургун Денис Степановду колго түшүргөн. 3-октябрга караган түнү ал өрт койгон үйдүн ичинде эки аялдын өмүрү кыйылган.

Ал эми 2021-жылы, ачык булактардагы маалыматка караганда, жергиликтүү сот аны айылдашын оор темир менен сабаганы үчүн 3,5 жылга абакка кескен.

2023-жылы күзүндө Свердлов облусунда пенсионер аялдын өлүмүнө шектүү 41 жаштагы Владимир Щербаков кармалган. Амур облусунун тургуну Щербаков уурулук үчүн абакта отурган, бирок мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыгып, фронтко баргандан кийин ырайым алып, эркиндикке чыккан. Ал 81 жаштагы пенсионер аялды жыгач менен уруп өлтүрүп, алтын буюмдарын алып кеткен. Мунун баары аялдын коңшу бөлмөдө отурган, деменция (адамдын акыл-эсинин начарлоосу) менен жабыркаган күйөөсүнүн көзүнчө болгон.

"Мындай адамдардын кайрадан кылмыш жасабоосун мамлекет көзөмөлдөшү керек эле, – дейт абактан чыккан "вагнерчилердин" кайталанган кылмыштары боюнча маселе тууралуу оюн билдирген адвокат. – Ырайым алып, бошотулгандар боюнча көзөмөл жок, андай болушу да мүмкүн эмес го. Ал эми эгер ошондой адамдар "мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө" деген негиз менен бошотулса, андай учурда абактан чыккандан кийинки жүрүм-туруму милдеттүү түрдө административдик көзөмөлгө алынат. Ким ойлоп чыкса да, жарандардын коопсуздугу үчүн ошондой көзөмөл керек эле. Украинага баргандарды түрмөдөн ырайым аркылуу эмес, шарттуу түрдө бошотушса туура болмок".

2024-жылы январда Би-Би-Синин орус кызматы Орусиянын Коргоо министрлиги 2023-жылы жайында фронтко абактагыларды тартуу схемасын өзгөрткөнүн жазды. Согуш башталган 2022-жылы аларды "Вагнерге", кийин "Шторм Z" роталарына ыктыярчы катары кабыл алышчу. Фронтто алты ай согушкандан кийин ырайым берип, мурдагы соттуулугун жоюп, "таза" кылып эркиндикке коё беришчү. Ал эми азыр абактагылар фронтко барам десе эркиндикке "мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө" деп бошотулушат жана катардагы аскерлер сыяктуу келишим түзүшү керек болот. Келишимге кол койгондор фронттон жарадар болгон учурда гана кете алышат, себеби келишимдин шарты боюнча алар кызматын согуш аягына чыкканга чейин өтөөгө милдеттүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG