Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Абхазия: оппозиция менен президенттин тиреши


 Сухумдагы президенттик администрация.
Сухумдагы президенттик администрация.

Жикчил Абхазиянын президенти Рауль Хажимба нааразылыктарга карабастан кызматтан кетпей турганын билдирди.

Былтыр сентябрда бийликке келген Рауль Хажимба Баш мыйзамга ылайык ыйгарылган милдеттерин аткарып жатканын айтып, кызматтан кетүүдөн баш тартты.

Буга чейин ал нааразылык жүрүштөрүн «мамлекеттик төңкөрүш аракети» катары сыпаттап, элди тынчтыкка үндөп, өзгөчө кырдаал киргизүүгө даяр экенин билдирген.

«Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекеттин ишин камсыздаган бардык күч жана өкмөттүк органдар кадимкидей иштешине биз бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек», - деп белгилеген Хажимба.

Рауль Хажимба
Рауль Хажимба

Абхазияда жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылгандардын массалык нааразылык жүрүшү 9-январда башталган. Жүздөгөн адамдар Сухум шаарынын борборуна топтолуп, президенттик администрациянын эшигин талкалап кирип, имаратты басып алышкан. Алар «Хажимба, кызматтан кет!» деген ураанды кыйкырып турушкан.

«Амцахара» менен «Апсны Акзаара» оппозициялык партияларынан тышкары, парламент да Хажимбаны кызматтан кетүүгө үндөөдө. Бейшембиде чукул жыйынга чогулган депутаттар кабыл алган парламенттик токтомдо мындай кадам «татаал коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу жана туруксуздукту алдын алуу үчүн кабыл алынууга тийиш» экени айтылат.

Буга чейин Абхазиянын Ички иштер министринин орун басары Беслан Багателия маалымат каражаттарына укук коргоо органдары адамдарды президенттик администрациядан чыгарганын кабарлаган. Ал эми коргоо министри Мираб Кишмария күч кызматкерлери саясий окуяларга кийлигишпестигин билдирген. «​Абхазиянын армиясы өзүнүн элине каршы эч качан чыкпайт», - деген Кишмария.

10-январда түшкө маал нааразы адамдар кайрадан президенттик администрацияны ээлеп алып, мамлекеттик күзөт кызматынын курал – жарагы сакталган бөлмөлөрдү ачып алышканын Коопсуздук кеңеши маалымдады. Күч кызматтары күчөтүлгөн режимде иштей баштады.

Президенттик администрациянын ичинде
Президенттик администрациянын ичинде

Абхазияда президенттик шайлоо былтыр сентябрда өтүп, азыркы президент атаандашы - оппозициялык «Амцахара» партиясынын башчысы Алхам Квиницияны бир жарым пайыз добуш айырмасы менен жеңген. Андан бери оппозициядагы тарапташтар жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып келишет.

Квиниция өзү да Хажимбанын жеңишин тааныбасын айтып, сотко кайрылган. Бирок анын арызы четке кагылган. Бейшембиде ал чечимге каршы апелляциялык арыз Жогорку Сотто каралмак. Соттун жыйыны белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Ал эми нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Ахра Авидзба Сухумда элдердин көчөгө чыгышын президенттин күзөт кызматкерлеринин биринин 2019-жылдын ноябрында болгон чуулгандуу кылмышка шек саналышына байланыштырат.

Анда чүмбөтчөн адамдар "Сан-Ремо" ресторанынын конокторуна ок чыгарып, Алхас Авидзба жана Астамур Шамба аттуу кылмыш дүйнөсүнүн эки төбөлү каза болгон. Октон жараат алган официант Доминика Акиртава кийин ооруканада каза тапкан. Бул окуядан кийин ички иштер министри Гарри Аршба менен башкы прокурор Зураб Ачба кызматынан алынган.

Парламенттик чукул жыйын
Парламенттик чукул жыйын

Абхазия 1993-жылы Грузия менен болгон согуштан кийин көз карандысыздыгын жарыялап алган аймак. Орусия андагы жикчилдик маанайды акырындык менен колдоого алып, 2008-жылы Грузия менен беш күнгө созулган куралдуу жаңжалдан кийин Түштүк Осетия менен Абхазияны өз алдынча мамлекет катары тааныган. Орусия Абхазияга аскердик базасын жайгаштырган.

Тблиси Москваны өлкөнүн бүтүндүгүнө кол салууга жана аймагын аннексиялоого айыптап келет. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 9- январда «Твиттер» социалдык тармагындагы баракчасына «Мен Сухумдагы окуяларга, коопсуздук эрежелеринин сакталышына, оккупацияланган Абхазиядагы биздин жарандардын тагдырына жана укуктарынын корголушуна тыкыр көз салып турам», - деп жазган.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сухумдагы окуяларды «Абхазиянын ички иши» деп атады. Ошол эле кезде Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Рашид Нургалиев аймакка иш сапары менен баратканы кабарланды.

БУУга мүчө мамлекеттердин дээрлик баары Абхазияны Грузиянын бир аймагы катары тааныйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG