Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Кандагар түрмөсүндөгү качуу


Талибдер качып кеткен "Сарпоза" түрмөсүн америкалык жоокер кайтарып жаткан учур. 2010-жыл, август.
Талибдер качып кеткен "Сарпоза" түрмөсүн америкалык жоокер кайтарып жаткан учур. 2010-жыл, август.

Ооганстандын Кандагар шаарындагы түрмөдөн камактагылардын беш жүзгө жакыны качып кетти. Бул үчүн, ооган бийликтеринин айтымында, алар жер алды менен казылган туннелди пайдаланышкан. Ушуну менен Кандагар түрмөсүнөн Талибандын согушкерлери деп шектелгендердин мындай массалык качуусу экинчи жолу болуп олтурат.

Кандагардын түрмөсүнөн дүйшөмбүнүн таңында качкандардын көпчүлүгү Талибандын согушкери эсептелгендер. Бул окуя акыркы айларда талибдердин түштүктөгү таяныч бекети катары эсептелген Кандагардын айланасында козголоңчуларды басуу жагынан олуттуу жылыш жасаган эл аралык күчтөрдүн ийгилигине олуттуу сокку урган окуя катары каралууда. Бул ошондой эле Батыш өлкөлөрүнүн аскерлери коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрүп берүүнү мерчемдеп жаткан кезде, жергиликтүү өкмөттүн жөндөмүнөн да шек саноолорду жаратты.

Качкандардын көбү “саясий айыпкерлер”

Кандагардын губернатору Туралай Весанын айтымында, абактагылардын качып кетиши ооган коопсуздук күчтөрүнүн шалаакылыгынын кесепети:

- Биз түрмөдөн 475 айыпкер качып кеткени тууралуу маалыматты таңкы төрт жарым да алдык. Алардын бирөөсү кылмыш үчүн олтурган адам, 474ү саясий айыпкерлер эле.

Кандагардын губернатору туннель түрмөнүн жанындагы үйдөн башталганын кошумчалады. Кандагар түрмөсүнүн директору Гулам Дастагер Майардын “Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, полиция азыр качуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Качкандардын кеминде сегизи эртең менен кайра кармалган.

Өкмөттүн алсыздыгы

Ал эми ооган президентинин басма сөз катчысы Вахид Омардын пикиринде, айыпкерлердин абактан массалык качышы “ооган өкмөтүнүн алсыздыгын” көргөздү:

- Бул ооган өкмөтү жана эл үчүн жаман жаңылык. Ал өкмөттүн абдан алсыздыгын көргөзүүдө.

Жалпысынан 1200 дөй айыпкер отурган Сарпоса түрмөсүнөн 2008-жылы да жүздөгөн талиб качып кетүүгө үлүргөн. Анда талибдер түрмөнүн дарбазасын бомба салынган автоунааны айдап келип жардырышкан. Ошондон кийин түрмө кайра курулган жана Ооганстандын эң коопсуз абак жайларынын бири катары эсептелип келинген. Кандагар шаарынын чет жакасындагы түрмөдө америкалык аскерлер Талибанга каршы өнөктүгүн алардын айыл жерлериндеги таянычтарын көздөй да жайылткан Ооганстандын түштүгүнөн колго түшкөн согушкерлер менен катар кадимки кылмышкерлер да кармалчу.

Беш жүздөй айыпкерди алып чыккан туннель беш айда казылган

Дүйнөмбүнүн таңындагы качуудан кийин Талибан да өз билдирүүсүн таратты. Талибдердин ырастоосунда алар “саясий” деп атаган түрмөдөн 541 киши качып кеткен. Узундугу 320 метр келген туннелди казуу үчүн можахеддерге беш ай убакыт талап кылынган. Иш ушул жекшембинин түнүндө бүтүп, жүздөгөн согушкер туннел аркылуу төрт-төрт жарым саат ичинде сыртка чыгып, андан ары унааларга түшүп тарап кетишкен.

Түрмөдөн качып чыккандардын бири, бирок ысымын атагысы келбеген адам “Азаттыктын” ооган кызматына буларды айтты:

- Качуу абдан жакшы уюшулган. Биздин качып кеткенибизди эртең мененге чейин эч ким билген жок. Биз болсо өзүбүздүн үйлөрдө жана кыштактарда болуп калдык. Арабызда сыркоологондор жана жаракат алгандар да бар эле. Туннель эки жарым метр тереңдикте казылган. Биз аны менен 360 метрдей бастык. Качкандардын калгандары да ушул туннель аркылуу кутулушту жана жашырынып жүрүүгө боло турган райондорго жөнөп кетишти.

Ооган бийликтерин уят кылган бул качуу Ооганстандын кээ бир аймактарында коопсуздук үчүн жоопкерчиликти чет элдик аскерлерден ооган күчтөрүнө өткөрүп берүү жараяны башталардан бир нече ай мурда орун алып олтурат. Акыр аягында чет элдик аскерлердин Ооганстандан кетишине алып баруучу бул план боюнча ооган күчтөрү жоопкерчиликти улам бир аймакта чет элдик аскерлерден акырындык менен ала берет. Ал эми өлкөнүн бүткүл аймагын 2014-жылдын соңуна карата көзөмөлдөөгө жетишип калуусу керек.

Талибан режиминин мурдагы борбору катары эсептелген Кандагар коопсуздук үчүн жоопкерчилик жергиликтүү күчтөргө биринчи баскычта өткөрүлүп берилүүчү аймактардын арасында жок. 2008-жылкы качуудан кийин Талибан Кандагарга жакын райондордо топтошуп, Ооганстандын экинчи ири шаарына кайрадан коркунуч туудура баштаган. Алардын бул кайра жандануусу ооган жана НАТО күчтөрү менен айгышкан уруштар аркылуу басылып, анда жүздөгөн талиб жок кылынганы айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG