Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Ооганстан: такка талапкерлер түз эфирде


Президенттикке талапкерлердин дебаты, Кабул. 15-февраль, 2015-жыл
Президенттикке талапкерлердин дебаты, Кабул. 15-февраль, 2015-жыл

Ооганстанда президенттик шайлоого талапкердигин койгон саясатчылардын төртөө 15-февралда түз эфирден кайым айтышты.

Алар негизинен коррупция менен күрөшүп, тынчтыкты кепилдөөнүн зарылдыгын сөз кылышты.

Пландагы эки президенттик дебаттын алгачкысында талапкерлер коррупция менен күрөшүп, талиптер менен сүйлөшүү ниеттерин билдиришти.

Мамлекеттик РТА телерадио компаниясы "Азаттыктын" ооган кызматы менен чогуу сүрөөнгө алган дебатта бүгүн мурдагы коргонуу министри Абдул Рахим Вардак коррупция Ооганстандын бетине чиркөө болуп келаткандыгын белгилеп, президент болуп шайланса ишин ушул көйгөйдү жөнгөрүүдөн баштаарын бышыктады.

Мурдагы губернатор Гүл ага Шерзай да ушундай ниетин билдирди.

Экс-депутат Дауд Султанзой коопсуздукту бекемдөө үчүн талиптер менен сүйлөшүү керектигин айтса, ага кошулуп исламчыл талапкер Кутбуддин Хилал тынчтык жараянына бейтарап кеңеш түзүү зарыл болоорун сөз кылды.

Султанзой мындан тышкары «мыйзамдуулук адам укуктарынын сакталышын кепилдеши керек» деди. Ал эми таанымал "Хезби Ислами" фракциясынын мүчөсү болгон Хилал аялдардын эркиндиги шарият менен чектелиши керек деген ишенимин мындайча билдирди:

- Аял киши жакшы доктор, жакшы мугалим, жакшы инженер боло алат, саясатка кошулушу мүмкүн. Ал атургай өз мүмкүнчүлүгүнө жараша министр да боло алат. Аялдын коомдо өз укуктары болушу керек, бирок ал исламдык шарият мыйзамынын чектөөлөрүн урматтоого тийиш.

Бардык талапкерлер коррупциядан тышкары экономиканы көтөрүү максатын айтышты. Дебаттар бүгүн уланып, калган талапкерлер сөз алышмакчы.

АКШ баштаган күчтөр 2001-жылы Талибанды бийликтен кулатып, өлкөгө киргенден бери Хамид Карзай 2 мөөнөт президенттик кызматты аркалап келди. Конституция анын дагы бир мөөнөт үчүн ат салышуусуна жол бербейт.

Аналитиктердин баамында, бул өнөктүк Ооганстандын келечеги үчүн өтө маанилүү болмокчу.

Алгачкы эркин жана көз карандысыз шайлоо өткөрүү үчүн ооган өкмөтүнө чет өлкөлөрдөн миллиарддаган доллар жардам берилүүдө.
Талапкерлердин таймашы (урду жана пушту тилдеринде)

Ооганстан: талапкерлердин талкуусу (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Ооганстан: талапкерлердин талкуусу (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

XS
SM
MD
LG