Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Ооганстан Борбор Азиянын көз кырында


2014-жыл Ооганстан үчүн чоң сыноо. Бир жагынан президенттик шайлоо өтсө, экинчи жагынан коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылат.

Ооганстандагы күтүүсүз окуялардын кесепети Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да тийип калышы мүмкүн. Бул тууралуу 10-октябрда Ооганстандагы 2014-жылдан кийин кырдаалга арналган Бишкектеги эл аралык конференцияда айтылды. Ага жыйырмадан ашык мамлекеттин, ошону менен катар аймактык жана эл аралык уюмдардын ондогон өкүлдөрү катышты.

“Ооганстандын тынчтыгы - биздин тынчтык”

2014-жылдан кийин Ооганстандагы кырдаалга арналып өткөн эл аралык илимий-практикалык конференция расмий Бишкектин Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна төрагалыгын жыйынтыктаган иш-чара болуп калды.

Бир жыл бою аталган уюмга төрагалык кылган Кыргызстан 21-сентябрда Сочиде өткөн саммитте жетекчиликти Орусияга өткөрүп берген болчу.

Николай Бордюжа менен Эрлан Абдылдаев
Николай Бордюжа менен Эрлан Абдылдаев
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, 2014-жылдан кийинки Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия мамлекеттерин тынчсыздандырууда.

- 2014-жылы Ооганстандан коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык күчтөр өз миссиясын аяктайт. Ушуга байланыштуу Ооганстандын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн, ошону менен бирге Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелерин талкуулап жатабыз.

Эрлан Абдылдаев “Ооганстандагы тынчтык, албетте биздин тынчтыгыбыз болот” деген баасын берди. Кыргызстан Ооганстанда болуп жаткан окуяларды жакындан билип туруу максатында бул мамлекетке быйыл өз элчилигин ачкан.

Элчи Авазбек Абдразаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Ооганстандагы кырдаал 2014-жылы боло турган шайлоодон да көбүрөөк көз каранды.

- Жакында эле 27 талапкер шайлоого катышабыз деп катталды. Эгер президенттик шайлоо өтпөй калса, алар өз өкмөтүн тандай албай калып, кырдаал курчуса, кесепети бизге да тиет. Мисалы, качкындар көбөйүшү мүмкүн. Кыргызстанга да зыяндары тийип калат. Ошон үчүн биз мүмкүн болушунча Ооганстанда тынчтык болушуна кызыкдарбыз.

Ооганстандын Баш мыйзамы боюнча, азыркы президент Хамид Карзай алдыдагы шайлоого катыша албайт.

Коркунуч бир гана Ооганстандан эмес

2014-жылдан кийин Ооганстандагы кырдаалга арналып өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга аймактык жана эл аралык уюмдардын жана жыйырмадан ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын пикиринде, 2014-жылга карата уюм чек араларды бекемдөө боюнча алдын-ала аракеттерди көрүүдө.

- Биз бүгүн өзүбүздүн күч-кубатыбызды кеңейтип жатабыз. Биз уюмдун түзүмүн Ооганстан тараптан келүүчү коркунучтарга каршы ылайыктап түзүп жатабыз. Биз учурда Ооганстан менен чектешкен Тажикстанга бул өлкө менен чек арасын бекемдөө үчүн шашылыш жардам көрсөттүк. Ошондой эле биздин мамлекет башчылар Ооганстандын расмий бийлиги менен өз ара кызматташууну күчөтүү милдетин коюп жатат.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Мирослав Енчанын айтышынча, Ооганстандан терроризм жана экстремизм коркунучу келбеши үчүн аймактагы мамлекеттердин ичинде ага шарт түзгүдөй жагдай болбошу керек.

- Ооганстандагы кырдаалды эске албай туруп, Борбор Азиянын коопсуздугу жөнүндө сөз кылуу туура эмес. Бирок биз Борбор Азия мамлекеттеринин өзүндө эмне болуп жатканын да айтышыбыз керек. Биз бул өлкөлөрдө терроризм, экстремизм жана маңзат коркунучу күчөшү мүмкүн деп жатабыз. Бирок бул коркунучтар аймактан өзүнө кыртыш, жагымдуу шарт тапканда гана келет.

Анткен менен Ооганстандагы туруктуулук ири алды ооган элинин өзүнүн аракетинен жана ынтымагынан көз каранды. Бирок аларды эл аралык коомчулук экономикалык жана коопсуздук жагынан ар тараптуу колдоого алышы керек деп жыйынтыкталды Бишкекте өткөн эл аралык жыйын.

XS
SM
MD
LG