Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Ооганстан: АКШ аскеринин тагдырын эл чечет


Ооганстандагы америкалык аскерлер Логар провинциясындагы черүү кезде эс алышууда. Ноябрь, 2011
Ооганстандагы америкалык аскерлер Логар провинциясындагы черүү кезде эс алышууда. Ноябрь, 2011

Вашингтондун билдиришинче, 2014-жылдан кийин Ооганстанда калчу АКШ аскерлеринин ролу боюнча Ооган өкмөтү менен келишим жакында даяр болот.

Азыр Ооганстанда эл аралык күчтөрдүн 87 миң колу бар. Анын 52 миңи АКШга карайт. Пентагон 2014-жылы көп улуттуу аскерлер чыгарылып кеткенден кийин Ооган жеринде кеминде 10 миң колун калтырганды каалайт. Президент Карзайдын айтышынча, келишим кабыл алынгандан мурда Лоя Жыргага талкууга салынат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мари Харф 7-октябрда билдиргенге караганда, 2014-жылдан кийинки АКШ аскерлеринин орду боюнча Ооганстан менен сүйлөшүү ырааттуу жүрүүдө:

- Оогандар менен эки жактуу коопсуздук келишим боюнча сүйлөшүү уланууда. Биздин ишенимибизде бул келишимге тез арада жетишүү бир нече себептен улам маанилүү. Анын бир жүйөөсү: АКШ жана НАТО алга жылуу үчүн өз керектөөлөрүн пландоо керек. Ооган күчтөрү өз кубатын арттыруу үчүн чоң иштерди жасады. Бирок Ооганстан куралдуу күчтөрү өлкөнү жана элин коргогондой болуусу үчүн эл аралык жардам керек.

Мари Харф мындай билдирүүнү Ооган президенти Хамид Карзай НАТОнун жана АКШнын күчтөрүн өлкөнүн күнкорсуздугун дембе-дем бузууда деп күнөөлөгөндөн бир нече сааттан кийин жасады.

Ооганстандын улуттук армиясынын жоокерлери Кандагар шаарында жанкечти өзүн өзү жардырган жайды күзөткө алышууда. 16-август, 2013-жыл
Ооганстандын улуттук армиясынын жоокерлери Кандагар шаарында жанкечти өзүн өзү жардырган жайды күзөткө алышууда. 16-август, 2013-жыл
Карзай ошондой эле Ооганстан-АКШ келишимин талкуулоо максатында бир ай арасында Лоя жырганы же Аксакалдар кеңешин чакыра турганын жарыя кылган эле.

- Ооган эли Кошмо Штаттар жана Батыш менен келишим түзүүнү каалайт. Бирок бул достук жана келишим Ооганстандын улуттук кызыкчылыгын коргоосу керек. Улуттук кызыкчылык деген элдин коопсуздугун түшүндүрөт. Эл талибдер менен террорчулардын коркутууларынан жана Кошмо Штаттардын, ошондой эле союздаштарынын бомбалоосунан жана зобун-зордугунан корголууга тийиш. Мына ушундан улам биз али келишимге жетише албадык. Кошмо Штаттар да утуру кадам жасашы керек. Кудай кааласа, жакында, бир ай ичинде Лоя Жырганы чогултабыз. Эл кандай чечсе, өкмөт ошол чечимди кармайт.

Президент Карзайдын мындай билдирүү жасашына 5-октябрда НАТОнун авиакүчтөрү Нангархар провинциясын бомбалоосу түрткү болду. Ооган тараптын маалымдашынча, авиачабуулдан беш жаран өлгөн. Бирок НАТОнун айтымында, сокку эл аралык аскерлер пайдаланган аэропортко кол салганы жаткан козголоңчуларга урулган жана ушул тапта окуя иликтенүүдө.

"Ассошиэйтед пресс" агенттигинин кабарлашынча, АКШ жана Ооганстандын өкүлдөрү АКШ аскерлеринин Ооганстандагы болочокку вазийпасы боюнча келишимге байланыштуу бир жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүнү 7-октябрда улантышты.

Талдоочулар сүйлөшүүдө эки талылуу суроо болуп жатканын айтышат. Биринчиси - Ооган тарап АКШ 2014-жылдан кийин чет өлкөлөргө, атап айтканда, Пакистанга Ооганстандан кол салынбайт деп кепилдик берүүсүн талап кылууда.

Кабул Пакистанды Ооганстанга өтүп, улуттук жана эл аралык күчтөргө кол салган талибдерге жана башка экстремисттерге башпаанек берет деп күнөөлөп келет. Экинчи талаш, байкоочулардын айтымында, америкалык аскерлердин ордуна жана АКШнын контр-террордук операцияларды өткөрүүнү өз алдынча же Ооган тарап менен макулдашпай жүргүзүү ниетине байланышкан.

Кээ бир маалыматтар боюнча келишимдин тексти эки тилде 95 процент даяр. Талдоочулардын айтышынча, келишим 1-ноябрга чейин даяр болот. Бул АКШ менен НАТОнун командачылыгына 2014-жылдан кийин калчу аскерлерге зарыл заттарды пландаганга жетерлик убакыт берет.

АКШ жана Ирак ортосунда мындай келишим түзүлбөй калып, 2011-жылдын аягында америкалык аскерлер Ирактан чыгарылып кеткен.

XS
SM
MD
LG