Исламабадда Барадардын эркиндикке чыгуусу Ооган өкмөтү менен талиб козголоңчулары арасындагы элдешүүгө салым кошот деп ишенишет. Бул кадамды расмий Кабул оң баалады. Молдо Барадар 2010-жылы Пакистандын Карачи шаарында камакка алынган. Анын эмне себептен камалганын Исламабад бүгүнгө чейин түшүндүрө элек.
Ооган жетекчилиги Исламабадга дембе-дем кайрылып, Молдо Абдул Ганы Барадарды бошотууну суранып жүргөн. Себеби расмий Кабыл Молдо Омор менен бирге Талибан кыймылын негиздеген Молдо Барадар козголоңчулар менен президент Хамид Карзайдын өкмөтү арасында байланыш түзгөнгө көмөктөшөт деген үмүттө. Молдо Барадар Ооган талибдери Ооганстанды бийлеп турган жылдары исламчылардын лидеринин орун басары жана коргоо министри болгон.
Жашы 50гө чукулдап калган Молдо Барадарды абактан бошотуу боюнча макулдашуу август айында Ооган президенти Исламбадга расмий сапарга барган тушта жетишилген. Пакистан өкмөтү Молдо Барадарга эркиндик бергени менен, аны өлкөдө калып, талибдер менен байланыша алат деп чечкен.
Байкоочулардын айтымында, Молдо Барадар талибдер жана Ооган өкмөтү менен каалагандай байланыша албаса, анын түрмөдөн чыкканынан эч пайда болбойт. Ооган талибдеринин мурдагы анабашы Акбар Аганын оюнча, Исламабад чындап эле Карзайдын өкмөтү менен талибдердин элдешкенин кааласа, Молдо Барадарды Ооганстанга койо бериши керек:
- Эгер Пакистан Ооганстандагы тынчтык жараянын чындап кааласа, Молдо Барадарга талиб лидерлери менен байланышканга мүмкүндүк бериши абзел. Эгер Пакистан өз пайдасын гана көздөсө, тынчтык жараянында оң жылыш болбойт. Молдо Тураби сыяктуу мурда абактан бошотулган талиб лидерлери тынчтык жараянына өз салымын кошкон. Молдо Барадар да чоң салым кошот деп үмүт кылабыз...
Пакистан бийликтери өткөн бир жылда Кабулдун өтүнүчү боюнча Ооган талибдеринин отуздан ашык мүчөсүн түрмөдөн бошоткон. АКШдагы айрым расмий адамдардын айтышынча, алар талибдер менен сүйлөшүүгө кыпындай да салым кошкон эмес жана кээ бирөөлөрү кайра талиб согушчандарына кошулуп кеткен.
Ооганстан боюнча чоң адис эсептелген британиялык Жеймс Фергюсон үч жыл бою абакта отуруп чыккан Молдо Барадар мурда Ооган өкмөтү менен сүйлөшүүнү жактаганын белгилейт. Ошол эле учурда Пакистандын Барадарды абактан чыгаруусу - Исламабаддын Карзайдын өкмөтү менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүсүнө тыкыс катышканга аракет кылганын күбөлөйт деп боолгойт серепчи:
- Молдо Барадар үч жыл камакта отургандыктан, анын талиб жетекчилиги үчүн канчалык баалуу экенин айтуу кыйын. Бул чоң кадам болду. Бирок Пакистандын Молдо Бардарды түрмөдөн чыгарып, дале болсо анын таасири бар деген үмүттө. Менимче, Пакистан бул кадамы менен сүйлөшүүнү колдон чыгарбаганга умтулууда жана аракет кылууда.
Ооган өкмөтү менен талибдер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсүн жандандыруу аракети акыркы жолу быйыл июнда Катарда болгон. Бирок, талибдер Дохадагы саясий кеңсесине өз желегин жана символдорун илип алгандыктан, Хамид Карзай сүйлөшүү башталбай жатып, андан баш тартып койгон.
Талибдер соңку билдирүүсүндө Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетмейинче, эч кандай сүйлөшүү болбосун эскертти. Карзайдын өкмөтү менен болгон макулдашууга ылайык, АКШ башындагы эл аралык күчтөр Ооган жеринен 2014-жылы чыгып кетүүгө тийиш.