Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

“Лашкар-е-Тайбанын” лидеринин башы 10 миллионго бааланды


Мохаммад Хафиз Саид
Мохаммад Хафиз Саид

АКШ исламчыл согушкерлердин Пакистанда жайгашкан тобу - “Лашкар-е-Тайбанын” негиздөөчүсүнүн камалышына алып баруучу маалымат үчүн он миллион доллар сыйлык жарыялады.

“Лашкар-е –Тайба” (Кудайдын армиясы) - АКШнын гана эмес, Индиянын да айыптоосуна кабылып келе жаткан уюм.

АКШнын Юстиция министрлиги өзүнүн интернет сайтындагы жарыясында Хафиз Мохаммад Саидди “араб тили жана инженерия боюнча мурдагы профессор” катары сыпаттаган.

Билдирүүдө белгиленгендей, Саид Индиянын жана Пакистандын аймактарында исламчыл башкаруу орнотууну көздөгөн “Жамаат-уд-Дава” радикал уюмунун жана анын аскерий канаты “Лашкар-е-Тайбанын” негиздөөчүлөрүнүн бири.

Ал бир нече, анын ичинде 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарындагы террордук чабуулдардын артында турган деп шектелүүдө.

Анда кайык менен келген согушкерлердин көчөдө жана чет элдиктер көп токтогон мейманканада жасаган кол салуусунан 165 адам мерт болуп, согушкерлердин тогузу жок кылынган эле.

"Жамаат-уд-Дава" Пакистанда кайрымдуулук уюму катары мүнөздөлөт.
"Жамаат-уд-Дава" Пакистанда кайрымдуулук уюму катары мүнөздөлөт.
“Лашкар – е - Тайба” аскерий канаты болгон “Жамаат-уд-Дава” Пакистанда ири кайрымдуулук уюму катары эсептелет жана террорго тиешеси бардыгы тууралуу айыптарды четке кагып жүрөт.

АКШ бул эки топ тең террорчул деген аныктама берген. Улуттар уюму болсо “Жамаат-уд-Даваны” жана анын бир нече лидерин “ал-Каида” менен Талибанды колдогондордун тизмесине киргизген.

Терроризм маселелери боюнча ооганстандык талдоочу, Кабул университетинин окутуучусу Саид Ахмад Нажиб “Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- “Ал-Каида” сыяктуу “Лашкар-е-Тайба” да аймакта маанилүү роль ойноп калабы деген коркунуч бар. Кезинде Усама бин-Ладен өзү “Лашкар-е-Тайба” менен байланышта турганын, бул топтун күрөшүү максаты Түштүк Азия аймагы экендигин эске алганда, Ооганстанга да коркунуч бар. Келечекте “Лашкар-е-Тайба” “ал-Каиданын” аймактагы жана дүйнөдөгү мураскери болуп калабы деген коркунуч бар.

АКШнын кысымы астында Пакистан өзү да “Лашкар – е-Тайбага” 2002-жылы тыюу салган. Бирок анын лидери Мохаммед Хафиз Саид өлкөдөгү ишин улантып, утур-утур коомчулукка чыгып жүрөт.

“Франс-Пресс” агенттигинин кабарына караганда, ал акыркы ирет 27-мартта Исламабад шаарында миңдеген адам катышкан митингде сүйлөгөн.

Аскерий маселелерге адистешкен пакистандык талдоочу жана журналист
Марияна Бабар “Азаттык” радиосу менен маегинде “Лашкар – е-Тайба” Пакистан армиясынан колдоо алып келгенин белгилейт:

- Пакистан армиясы пенжабдык согушкерлерди узактан бери колдоп, коргоо менен аларды Индия башкаруусундагы Кашмирде, Ооганстанда колдонуп келген. Менимче Пакистандын мындай жихадчыл элементтерден арылганы оң эле болот.

“Лашкар-е-Тайба”, маалыматтарга караганда, 1980-жылдары Пакистандын атайын кызматтарынын жардамы астында, Исламабадга атаандаш Индияга эки жак талашып жүргөн Кашмир боюнча кысым көрсөтүү максатында түзүлгөн.

АКШ өкмөтү “Лашкар-е-Тайбанын” негиздөөчүсү үчүн жарыялаган сыйлык Талибандын башчысы молдо Омор үчүн жарыяланган сыйлыкка барабар.

Алардыкынан “ал-Каиданын” лидерлигинде Усама бин-Ладендин ордун баскан Айман ал-Завахри үчүн гана жарыяланган сыйлык көптүк кылат. Ал-Завахринин башы үчүн АКШ өкмөтү 25 миллион доллар убада кылган.

“Лашкар-е-Тайбанын” негиздөөчүсүн Мумбайдагы теракттар үчүн айыптап, Пакистандан өткөрүп берүүнү талап кылып келген Индия эми АКШнын сыйлык жарыялашын кубаттады. Нью-Дели өз билдирүүсүндө бул АКШ менен Индиянын Мумбайда кол салгандарды жоопко тартуу боюнча милдеттемесин көрсөтүп жатканына токтолду.

Мохаммед Хафиз Саидге буга чейин Интерпол уюму да издөө салган. 2008-жылкы Мумбай чабуулдарынан кийин ал Пакистанда кыска убакыт үй камагына алынган. Бирок жетиштүү далил жок деген жүйө менен кийинчерээк бошотулган. Пакистан өкмөтү АКШнын кадамын комментарийлей элек.

АКШ “Лашкар-е-Тайбанын” башчысын кармоого сыйлык жарыялашы Вашингтон менен Исламабад соңку жылда бузулган мамилесин оңдоону көздөп жаткан учурга туш келди. Пакистан парламенти учурда АКШ менен алаканын кайра каралган негизги боюнча талкууларды өткөрүп жатат.

Былтыр ноябрда АКШнын аба соккусунан Ооганстан менен чек арада пакистандык 24 жоокер мерт болгондон кийин Пакистан НАТОнун жүктөрү үчүн чек арасын жаап койгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG