Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Ооганстандын "Бузкаши балдары" Голливудга барышты


Фавад Мухаммади (солдо) менен Жаванмард Паиз Лос-Анжелестеги аэропортто, 20-февраль, 2013
Фавад Мухаммади (солдо) менен Жаванмард Паиз Лос-Анжелестеги аэропортто, 20-февраль, 2013

“Оскарга” көрсөтүлгөн “Бузкаши балдары” фильминде башкы ролдордо ойногон өспүрүм актерлор Голливудга келишти. Алар жекшембиде Лос-Анжелесте “Оскарды” тапшыруу аземине катышат. Бирок балдардын Голливудга келишинин өзү өзгөчө сөз кылганга татыйт.

Эки баланын, ооганстандык жаш актерлордун Голливудга жеткенинин өзгөчөлүгү алардын жол киресин дүйнө боюнча интернет колдонуучулары төлөп беришкенинде. Бул үчүн интернетте атайын акция өткөрүлгөн эле. Эми Фавад Мухаммади менен Жаванмард Пайиз жекшембиде кызыл килемден басып, Голливуддун атагы ааламга тараган жылдыздары менен бетме-бет көрүшүп, сүйлөшө алышат.

“Оскарга” көрсөтүлгөн “Бузкаши балдары” фильминдеги актерлор Калифорнияга Киноакадемиянын 85-жолку сыйлыкты тапшыруу аземине катышмакчы.

Фильмде согуштун кучагында калган өлкөдө “Бузкаши” оюнчулары болууну каалаган эки баланын тагдыры сүрөттөлөт. “Бузкаши” – оогандардын спорттук улуттук оюну. Кыргыздардын көк-бөрү же улак-тартыш оюнунан айырмасы деле жок.

Тасманы тарткан америкалык режиссер Сэм Френч аны кыска метраждуу ойномо фильмдердин номинациясына “Оскарга” көрсөткөн. Фильмдин продюсерлери болсо анда ойногон 14 жаштагы эки башкы каарманды Голливудга алып келиш үчүн интернетте өзүнчө акция өткөрүштү. Анткени өздөрүндө буга акча каралган эмес экен.

Азыр эми Лос-Анжелеске барган балдар төбөсү көккө жете сүйүнүп турган чагы. Мухаммади шаршембиде шаардын аэропортуна конору менен журналисттерге сүйлөп: "Мен аябай кубанып турам, чексиз бактылуумун", - деди.



Мухаммади жөнүндө дүйнө алгач бул тасма жалпы коомчулукка өткөн жылы көрсөтүлө баштаганда билди. Атасыз чоңойгон, эптеп өзүн багыш үчүн Кабулдагы соода-сатык көп жүрчү борбордук Тоок көчөсүндөгү базарлардын биринде туристтерге шаардын картасын сатып жан баккан өспүрүмдүн оор тагдыры ага өзгөчө кызыгууну арттырган эле.

Фильмдин өзүндө да тагдыры сүрөттөлгөн эки каармандын бири Мухаммадидей көчөдө иштейт, экинчисинин атасы темирчи болгондуктан, эртели-кеч бала атасынын караңгы ишканасында ага жез-темирди жумшартып, өткүрлөгөнгө жардам бериши керек.

Мухаммади бул тасма анын жашоосун өзгөрткөнүн айтат.

"Ал көп нерсени өзгөрттү. Тоок көчөсүндө азыр мени тааныбаган адам жок. Айрымдар мени менен сүрөткө түшөт, макташат, сыймыктанышат" - дейт.

Пайиз болсо Мухаммади менен чындап жакын досторго айланып калышканын айтты.

"Фильмге тартылып жүрүп, экөөбүз ынак досторго айланып калдык, бири-бирибизге жардам берип жүрдүк, - дейт жаш актер. - Тасма тартылып бүткөндөн кийин да достугубуз токтоп калган жок, биз жакшы достордонбуз".

Бул эки жаш актер Голливуддагы бир аптада жылдыздарды көрүүнү, алар менен сүйлөшүүнү, Disneyland паркына барууну, кинокомпанияларды кыдырууну самашат.

Мухаммади, маселен, Силвестер Сталлонени же Рембону көргүсү келет. Ал эми Паиздин Аль-Пачино менен сүйлөшсөм дегенде эки көзү төрт.

Фильмдин режиссеру Френч балдардын Голливуддагы бир аптасы аларга ылайык маданий жумалыкка айланаарына ишендирди.

"Биз согуштан, бомбадан башканы сүйлөшкөнүбүздүн өзү да алдыга карай чоң секирик деп ойлойм. Болгондо да, бул балдар дүйнөнүн башка жерлериндеги эле балдардай экенин көрсөтөлү дейм. “Бузкаши балдары” да биздин балдардай эле экенин, адамдар бүт жерде бирдей эле болушаарын айталы дейм", - дейт режиссер.

Бул эки өспүрүмгө Кабулдан Лос-Анжелеске барып келгенге 10 миң доллардай акча керек деп, интернетте жарыя пайда болгондон кийин аларга 13 мамлекеттен - АКШ, Ооганстан, Индия, жана Германиядан – адамдар акча сала башташты. Аягында зарыл болгон каражаттан да көп, 11 миң 751 доллар топтолуптур. “Түрк аба жолдору” компаниясы балдарга авиа билеттерди бекер берди.

28 мүнөткө созулган “Бузкаши балдары” - Ооганстанда киночуларды тарбиялоо үчүн түзүлгөн жаңы Ооган Фильм долбоор деп аталган ишкананын алгачкы тасмасы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG