Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

16 ооганды өлтүргөн жоокер өлүм жазасынан кутулду


Роберт Бэйлс (солдо) Калифорниядагы машыктыруучу борбордо, 23-август, 2011
Роберт Бэйлс (солдо) Калифорниядагы машыктыруучу борбордо, 23-август, 2011

АКШнын аскер соту сержант Роберт Бэйлстен 16 ооган тургунун былтыр атып өлтүргөнүн моюнуна алган арызын кабыл алды. Муну менен ал өлүм жазасынан кутулду. Оогандар соттун чечимине нааразы экенин билдирип жатышат.

Роберт Бэйлс согуш майданындагы төртүнчү жолку кызматы маалында, былтыр 11-мартта Кандагар провинциясынын эки айылынын 16 тургунун атып салган. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар болчу.

Кийинчерек Бэйлстин адвокаттары ал психикалык оор абалда болгонун айтып, акыркы күнөөсүн моюнуна алган арызда - сержант кылмышы үчүн терең кайгырып жатканын айтышты.

Сот анын күнөөсүн моюнуна алган арызын кабыл алды. Бул деген Бэйлсти эми өлүм жазасына өкүм кылышпайт дегенди билдирет. Эми 19-августта сот аны өмүр бою түрмөгө отургузабы же мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыкканга укугу болобу – ушул маселени чечиши керек.

39 жаштагы ветеран аскер буга чейин Иракта да, Ооганстанда да кызмат өтөгөн. Сот алдында сүйлөгөн сөзүндө ал “жайкын ооган айылдыктарды атып өлтүрүүгө эч кандай деле олуттуу себеп болбогонун” билдирди.

Соттун чечиминен ошол кыргында жакын туугандарын жоготкондор азыр көңүлү калып турушканын билдиришти. Алар Бэйлсти өлүм жазасына тартууну талап кылышкан.

Бэйлсти ушул кызыл кыргын үчүн эле эмес, "алты жолу адам өлтүрүүгө аракет кылган, жети жолу чабуулдарга катышкан" деп да айыпташкан болчу. Мунун баарын ал моюнуна алды.

Жалпысынан 22 адам анын колунан же өлгөн, же жаракат алган. Алардын 17си жаш балдар менен аялдар, болгондо да дээрлик баары - башынан ок жегендер.

Бэйлс өзү шаршембидеги сот отурумунда кылган кылмышы үчүн кечирим сураган жок, анын адвокаттары гана “айыпталуучу адамдарды өлтүргөнү үчүн терең өкүнүп, кайгырып турганын” билдиришти.

Эми Бэйлс өлүм жазасына тартылбай турганын уккан оогандар, алардын ичинде кандагарлыктар түрдүү нааразы ойлорун айтышууда. Алардын бири – Кандагардын тургуну Нанай Хан.

"Роберт Бэйлске өлүм жазасынан качыш үчүн күнөөнү мойнуна алууга жол берилбеши керек эле, - дейт Хан. - Башкаларга сабак болушу үчүн, Бэйлс өлүм менен жазаланышы керек. Чынында ал Ооганстанда соттолууну каалаган".

Кандагарлык дагы бир тургун Гүл Ага: "15-20 адамды өлтүрүү деген бул оюн эмес да. Американын соту аны “акылынан адашкан” деп табышын каалабайбыз. Кантип эле мээсинен айныган киши өзүнүн аскерий базасынан 2-3 чакырым алыска барып туруп анан адам өлтүрсүн? Ал анчалык эле айныганы чын болсо, эмне үчүн өзү менен бирге жүргөн аскерлерди өлтүргөн жок? Ал өлүм жазасын алышы керек", - дейт оогандык тургун.

Роберт Бэйлс сот учурунда адамдарды кантип өлтүргөнүн, ага кантип даярданганын төкпөй-чачпай айтып берди. Эч кимден бул кылмышты жасоого буйрук болбогонун да бышыктады. Ал өзүнүн күчүн көбөйтө турган түрдүү дары-дармектерди ичип жүргөнүн, “алардын натыйжасында өзүн мурдагыдан күчтүү сезип, тез эле ар нерсеге жини келе тургандай деңгээлде агрессивдүү боло баштаганын” кошумчалады.

Ал эми окуя болгон күнү адамдарды өлтүргөнгө чыгардын алдынан башка аскерлер менен бирге отуруп, арак ичкенин да айтты.

АКШдагы Огайо штатынан чыккан аскер Бэйлс - эки перзенттин атасы. Бул окуяга чейин өзүнүн 10 жылдык согуш майданындагы ишинде мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн аскер катары сыпатталып жүргөн.

Аны коргогон адвокаттар болсо армияда бул аскер мээси чайпалып, стресстен катуу кыйналып жүргөн дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG