Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

БУУ: Ооганстанда зомбулук күч алды


Бириккен улуттар уюму Ооганстанда жардыруулар, былтыркы жылга салыштырмалуу, 94% өскөнүн билдирди. Анткен менен жергиликтүү бийликтер айрым иштерде ийгиликке жетишип жатышканы айтылууда.

Быйыл жыл башынан бери Ооганстанда жолдордогу жардыруулар, жанкечтилердин чабуулдары кескин көбөйдү.

Бул тууралуу 19-июнда Бириккен улуттар уюмунун Кабулдагы миссиясы кабарлады.

Уюмдун Коопсуздук кеңешине жолдонгон билдирүүдө баш-катчы Пан Ги Мун өлкөдөгү коопсуздук абалы былтыртан бери жакшыра электиги айтылат.

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында жардыруулар 94% өсүп кетиши чындап кооптонууну жаратаары белгиленди. Өкмөткө иштеген адамдарды өлтүрүү да күч алды.

Улуттар уюмунун билдирүүсү ооган жеринде талиптер 2001-жылы бийликтен кулатылгандан бери түштүктө НАТО жетекчилигиндеги аскерлер талиптерге каршы эң алкактуу операциясын өткөрүп жатканда жасалды.

Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылыш үчүн АКШнын президенти Барак Обама ал жакка кошумча 30 миң аскер жиберүүнү буйруган. Америкалык аскерлер келерки жылдан тарта Ооганстандан чыгарыла башташат.

Баяндамада айтылгандарга караганда, аптасына үч ирет өлкөдө жанкечтилердин жардыруулары катталууда жана алардын жарымы түштүктө болуп жатат.

Мунун баары түштүктө балтыртан бери аскерий операциялар күчөгөндөн кийин башталган өңдүү.

Согуштан чарчаган карапайым оогандар арасында кооптонуу да күчөдү.

“Биз америкалыктардан эч нерсени күтпөйбүз, - деди “Рейтер” маалымат агенттигине Кандагар вилоятындагы аксакалдардын бири Хажи Абдул Рахим. - Алар бизге көп убада беришкен, бирок ошол убадаларын аткарыша элек”.

Улуттар уюмунун доклады ооган өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан элдешүү аракеттеринде ийгиликтер болуп жатканын да белгиледи. Жергиликтүү бийликтер куралын таштап, тынч жашоону каалаган талиптерге экономикалык жеңилдиктер берилээрин айтышкан эле.

Мындан сырткары, сентябрда өтө турган парламенттик шайлоого да шайлоо комиссиясы 2500 талапкерди ийгиликтүү каттоого алганы белгиленди.

НАТОнун расмий өкүлү, генерал Йозеф Блоц: “Улуттар уюмунун билдирүүсүндө абал начар экени айтылганы менен, эларалык аскер күчтөрү кичине болсо да ийгилик жарата башташты”, - дейт. - Оор салгылашуулар дагы улана тургандай, бирок аймакка келген аскерлердин саны улам көбөйгөн сайын жагдай жакшыра баштаганын байкап жатабыз”.

Анын айтымында, акыркы үч айдагы операцияларда өлгөн карапайым тургундар менен аскерлердин саны, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда, 44% кыскарды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG