Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Ооганстанда шайлоо кол салуулар менен коштолду


Добуш берүүгө келген жарандар. Кундуз провинциясы. 20-октябрь, 2018-жыл.
Добуш берүүгө келген жарандар. Кундуз провинциясы. 20-октябрь, 2018-жыл.

21-октябрда Ооганстанда өз мөөнөтүнөн үч жылга кечигип өткөн парламенттик шайлоо аяктады. Эки күн ичинде өлкө аймагында эки жүздөй кол салуу болуп, элүүдөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Добуш берүүнүн биринчи күнү жергиликтүү бийлик коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам жана техникалык себептерге байланыштуу жүздөгөн добуш берүү бекеттерин жабууга аргасыз болушкан. Мындан улам айрым шайлоо аймактарында добуш берүү бир күнгө узартылды.

Эки күнү бою добушканалардын айрымдарында бюллетендер жетишпей, шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба алышпай, быйыл жаңы киргизилген биометрикалык жабдуулар иштебей калган учурлар абдан көп катталды. Бул тууралуу арыздарды кабыл алуу комиссиясынын өкүлү Али Реза Роухани билдирди:

- Ушул убакытка чейин биздин кеңселерибизге өлкө боюнча 5 миңден ашуун арыз түштү. Шайлоо эрежелерин бузуу, алдамчылык же кылмыш иштерине байланышкан арыздар боюнча расмий чечим кабыл алабыз.

Добуш берип жаткан аял. Бамиян провинциясы. 20-октябрь, 2018-жыл.
Добуш берип жаткан аял. Бамиян провинциясы. 20-октябрь, 2018-жыл.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясы маалымдагандай, добуш берүү үчүн каттоого турган оогандардын жарымы шайлоого катышты.

Эң жогорку көрсөткүч баш калаа Кабулда катталса, өлкө түштүгүндөгү Орузган провинциясында добуш берүүгө келгендердин саны абдан аз болгон.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө карабай кезек күтүп, өз добушун берген жарандардын санынын көптүгү көңүл жылытарлык экенин билдирди. Ошолордун бири - Мохаммад Яр:

- Ооба, мен добуш берүү үчүн келдим. Анткени биз билимдүү парламент мүчөлөрүнө муктажбыз. Мен өзүм колдогон талапкерлерге добуш берейин деп келдим. Биз кооптуу мамлекетте жашайбыз, коопсуздук боюнча кырдаал абдан начар. Бирок биз жаркын келечекке үмүт кылабыз. Ошондуктан добуш берүүгө келдим.

Анткен менен добуш берүүгө байкоо жүргүзүп жаткан "Ооганстандагы таза шайлоо" фонду шайлоочулардын активдүүлүгү Кабулда гана байкалганын билдирип, башка аймактардагы абалды начар деп баалады. Фонддун директору Наем Аюбзада шайлоо убактысын узартуу чечими көз боемочулукка жол бергенин кошумчалады. Анын айтымында, жарым-жартылай толгон үкөктөр түнү бою ачык бойдон турган.

Добуштардын бурмаланышына жол бербөө максатында бул ирет биринчи жолу биометрикалык жабдуулар колдонулду. Бирок Кабулда добушканалардын үчтөн биринде жаңы аппараттарды иштете албай коюшту. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бери дегенде 10-ноябрда белгилүү болорун, ал эми акыркы жыйынтык декабрда жарыяланарын шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани добуш берип жатат. 20-октябрь, 2018-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани добуш берип жатат. 20-октябрь, 2018-жыл.

Шайлоодогу коопсуздукту сактоого 70 миңдей полиция кызматкери, армия өкүлдөрү тартылды. Эки күндүн ичинде 200дөй кол салуу катталып, элүүдөй киши набыт болду. Алардын көбү жайкын тургундар. Жарадарлардын саны жүздөн ашты.

Ошол эле күнү 31 согушкер жок кылынганын ички иштер министринин орун басары Ахтар Мохаммад Ибрахими билдирди. Шайлоонун экинчи күнү өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясында жол боюндагы жардыруудан 11 карапайым адам, анын ичинде алты бала мүрт кеткен. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна алган жок. Провинцияда талибдер жана "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери да активдүү.

20-октябрда тараткан билдирүүсүндө "Талибан" кыймылы шайлоочуларды өз өмүрлөрүн сактоо максатында "жасалма жана театралдык процессти" бойкоттоого чакырган.

Үч аптага созулган шайлоо өнөктүк учурунда 10 талапкер өлтүрүлүп, экөө уурдалып кеткен. Алардын дайыны ушул күнгө чейин белгисиз.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 орун үчүн 2565 талапкер ат салышты. Алардын 400дөн ашууну аялдар. Өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу делген 12 миллион калкынын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG