Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Эл аралык уюмдар Кундуздан чыгып кетти


Кундуз шаары
Кундуз шаары

Ооганстандын Кундуз шаарында салгылашуулар токтобой, шаардагы ооруканага чабуул жасалган соң эл аралык уюмдардын өкүлдөрү ал жерден убактылуу чыгып кеткени кабарланууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун кайрымдуулук агенттигинин басма сөз катчысы Йенс Лоурктун айтымында, Кундуз шаарындагы БУУнун эки өкүлү, жергиликтүү төрт бейөкмөт уюм жана 10 эл аралык мекеме өкүлдөрү убактылуу коопсуз жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушту.

Бийликтегилер шаарды көзөмөлгө алдык деп айткандан бир түн өтпөй эле талиптер калаадагы полиция жана мамлекеттик имараттарга удаа-удаа чабуул коюшкан.

Айрым талип согушкерлери шаардын чок ортосуна чейин кирип барып, коопсуздук күчтөрүнө кубаттуу соккуларды тийди-качты ыкма менен жасап жатат дешет жергиликтүү тургундар.

АКШ аскердик күчтөрү “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун Кундуздагы ооруканасын кокустан бомбалап алгандан кийин гуманитардык кырдаал курчуп, бир топ уюмдар аймакты таштап кетүүгө мажбур болушту.

Кундуз
Кундуз

​“Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун Кундуздагы ооруканасы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы 300 миңге чукул кишини тейлеген жалгыз жай эле. Эми эл аралык агенттиктер убактылуу чыгып кеткен соң шаар калкы саламаттыгын көзөмөлдөгөн жана жаракат алгандарга жардам берчү атайын ооруканасыз калды.

Ооганстандын саламаттыкты сактоо министри оорукананы бомбалоо өлкө аймагында иштеген жергиликтүү жана чет элдик дарыгерлердин ишин бир кыйла татаалдаштырып жибергенин айтууда. Саламаттык сакчылары өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун кооптонуп калышты. Айрым эл аралык уюмдар мындай чабуулдардан кийин Ооганстанда калуунун өзү опурталдуу дешүүдө.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун башчысы Жоан Лю 7-октябрь күнү Женевада өткөн басма сөз жыйынында:

- Кундуздагы биздин уюмдун ооруканасына АКШ жасаган чабуулдун айынан көп сандагы кызматкерлерди жоготтук. Калаадагы он миңдеген адамдар абадай зарыл болгон медициналык тейлөөсүз калышты. Бүгүн эми жетишет деп айтабыз. Согуш үстөмдүк кылса да жетишет!

Кундуздагы оорукана
Кундуздагы оорукана

Кундуздун көпчүлүк бөлүгүндө электр жарыгы жана суу улам-улам өчүп жатат. Базарлар, дүкөндөр жабык турат.

Азык-түлүк, күнүмдүк жашоого керектүү буюм-тайымдарды ташуучулар 28-сентябрда талиптер кол салгандан бери шаарга кирбей калды деп билдирет Ооганстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин башчысынын орун басары Аслим Сайас. Аэропорт жабылгандан бери Кундузга жүк ташуу оорлоду. Бийлик азыр шаар тургундарын башка жакка көчүрүү менен алек. Кундуздан качып чыккандар өлкө түндүгүндөгү Такхар, Бадахшан жана Балх провинцияларына кетүүдө. Болжол менен азыркыга чейин 8 жарым миңдей үй-бүлө Кундуздан чыгып кетти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу иш алып барып, Кундузда убактылуу медициналык жайларды кура турган болду. 5-октябрда догдур, медайым жана анестезиологдор Кундузга барып, аскердик ооруканадан элге кызмат көрсөтө баштады. Бирок алардагы хирургиялык аспаптар 100 кишини гана тейлегенге жетет. Жолдор жабык болгондон улам дары-дармек, хирургиялык аспаптарды калаага жеткирүү кыйындап, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул көйгөйдү чечүүнүн кошумча жолдорун издөөдө.

3-октябрь күнү Кундузду талип согушчандарынан бошотуу маалында шаардагы "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун ооруканасын АКШнын учактары бомбалаганда дарыгерлер жана бейтаптар болуп бардыгы 22 адам өлгөн.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG