Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Кабул талибдер менен туткун алмашат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган өкмөтү абакта кармап турган “Талибан” кыймылынын үч согушкерин үч жылдан бери талибдердин колунда туткунда жаткан америкалык жана австралиялык профессорлорго алмашат.

Бул тууралуу Ооганстандын президенти Ашраф Гани билдирди. Кабулдагы Америка университетинде иштеп жүргөн чет элдик эки профессорду согушкерлер үч жыл мурда уурдап кетишкен. Ал эми аларга алмаштырылганы жаткан согушкерлер “Талибандын” белдүү мүчөлөрү деп эсептелет.

Ооган президенти Ашраф Гани “Талибан” кыймылынын үч белдүү мүчөсүн, анын ичинде “Хаккани” түйүнүнүн лидери Сиражиддин Хакканинин иниси Анас Хакканини Кабулдагы Америка университетинин эки профессору – австралиялык жана америкалык жарандарга алмашууга даяр экендигин билдирди. Анас Хакканиден тышкары, «Талибандын» дагы эки беделдүү мүчөсү саналган Хафиз Рашид Омари жана Ажы Милли Хан да бошотулат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маалымат берген булактын айтымында, алар АКШнын көзөмөлү менен Катарга жеткирилет.

- Ооганстандын өкмөтүнүн жана элинин атынан адамзатка урмат көрсөтүп, биз камактагы үч талибди мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алдык. Алар биздин башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешкен аракетибиздин натыйжасында колго түшүрүлгөн жана Баграмдагы абакта жатышкан. Бул үч адам Ажы Мали Хан, Хафиз Рашид Омари жана Анас Хаккани, - деди ооган президенти Ашраф Гани.

Ашраф Гани
Ашраф Гани

Ашраф Ганинин 12-ноябрда билдиргенине караганда, талибдер үч жыл мурда, 2016-жылдын августунда уурдалган профессорлор, 68 жаштагы америкалык Кевин Кингге жана 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викске алмаштырылат. Ооган президенти кошумчалагандай, аларда туткундагы эки профессордун саламаттыгы начарлаган деген маалыматтар бар.

- Эки чет өлкөлүк мугалимди бошотуу биздин талибдер менен түз эмес сүйлөшүүбүздөгү шарттардын бири болуп келген. Мындай жол менен бул эки окутуучунун үй-бүлөсүн жана өлкөсүн билим максаты менен келгендерди кубаттап, урматтай турганыбызга ишендиргибиз келет, - деди Ашраф Гани.

Туткундарды алмашуу процесси “Талибан” менен ооган өкмөтүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымал. Согушкер топ ооган өкмөтү менен бетме-бет сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып, аны Американын “тактекеси” деп атап келе жатканы белгилүү.

“Хаккани” түйүнүнүн негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани 2018-жылы сентябрда көз жумган.

1980-жылдары Советтик аскерлер Ооганстанга киргенде Жалалуддин Хаккани Кошмо Штаттар менен кызматташкан. Ал эми 2012-жылы Вашингтон “Хаккани” түйүнүн “террористтик” деп тапкан.

Аталган топ 2001-жылдан бери Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө жана НАТОнун аскерлерине каршы согушуп келе жатат. “Хаккани” түйүнү - “Талибан” кыймылынын бир канаты катары саналат жана Ооганстанда кандуу чабуулдарды уюштурганы белгилүү. Туруктуу жайгашкан жери Пакистандын аймагы деп эсептелет.


Ооган чиновниктеринин айтымында, абактан бошотулуп жаткан Анас Хаккани “маалымат технологиялары боюнча адис” жана “топтун стратегиялык чечимдерин кабыл алууда” жана “каражат топтоодо” маанилүү орду бар.

Ал эми Рашид Омари Американын Гуантанамо абагында отуруп чыккан, учурда “Талибан” кыймылынын Катардагы саясий кеңсесиндеги белдүү мүчөлөрүнүн бири Мухаммед Наби Омаринин бир тууганы.

Ооганстандын Улуттук чалгын агенттиги Анас Хаккани менен Рашид Омарини 2014-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү Хост провинциясынан кармашкан. Ал эми Милли Ханды 2011-жылы америкалык аскерлер Пактика провинциясында колго түшүргөн.

Вашингтондун Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышты токтотуп, тынчтык келишимин түзүүгө багытталган сүйлөшүүлөрү оң жыйынтык берген эмес. Башкача айтканда, сентябрь айында жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери уланып келе жаткан сүйлөшүүлөргө АКШнын президенти Дональд Трамп чекит коюп, токтотуп койгон болчу.

Куралдуу топ АКШнын чабарманы менен болгон сүйлөшүүлөрдө Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетиши керек деп келишкен. Ошол эле кезде Вашингтон Ооганстанды согушкер топтор плацдарм катары пайдаланышына жол берилбейт деп кепилдик бериши керектигин талап кылган.

Талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт же таасири күчтүү деп айтылууда. Алар 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп, алардын коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын байма-бай уюштуруп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG