Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Абдулла жана Гани кайра күч сынашат


Абдулла Абдулла (солдон экинчи) жана Залмай Расул (оң жактан биринчи). Кабыл, 11-май 2014
Абдулла Абдулла (солдон экинчи) жана Залмай Расул (оң жактан биринчи). Кабыл, 11-май 2014

Ооганстандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана мурдагы финансы министри Ашраф Гани беттешет.

Бул жөнүндө 15-майда Көз карандысыз шайлоо комиссиясы жарыя кылды. 5-апрелде болгон жалпы элдик шайлоонун корутундулоочу жыйынтыгы боюнча, биринчи турда эч бир талапкер жеңишке зарыл 50 проценттен көп добуш алган эмес:

- Шайлоонун даттануу комиссиясы Ооган Конституциясынын 61-беренеси жана Шайлоо кодексинин 20-беренесинин негизинде добуштарды бекиткенден кийин, бир да талапкер 50 проценттен көп добуш албагандыктан, шайлоонун экинчи туру болору айкын. Экинчи айлампа быйыл 14-июнда болот.

Серепчилер, таза арфиметкалык эсептөөлөргө таянып, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулланын президенттикке шайлануу мүмкүнчүлүгү өскөнүн айтышууда. Себеби, саясий өнөктүктүн биринчи турунда үчүнчү көп -11, 5 процент добуш алган Залмай Расул 11-майда өз командасы менен Аабдулла Абдулланы колдоорун жарыя кылган.

- Мен биздин адамдар чатактан, зордук-зомбулуктан, улутчулдуктан, фаворитизмден чарчаганын жана бизден улуттук биримдикти талап кылганын түшүндүм,-
деп негиздеди өз кадамын З. Расул.

Абдулла дагы бир таасирлүү пуштундун: Кандагар жана Нангархар провинцияларынын мурдагы губернатору Гүл Ага Шерзайдын колдоосун алды. Деген менен буга чейин Расулду колдогон пуштундар 14-июнда жапырт эле Абдулла үчүн добуш берерине эч ким кепил өтө албайт. Анткени, талдоочулар баамдагандай, пуштундар Абдулланын теги жарым тажик болгону үчүн ага өз кулундарындай ишене бербейт. Ушундан улам, шайлоонун экинчи айлампасында элдин добушу этностук белги боюнча бөлүнүп кетиши ыктымал, - деп түкшүмөлдөйт Кабул университетинин Ооганстанды изилдөө борборунун мүдүрү Абул Вахид Вафа:

- Тилекке каршы, Ганинин командасы экинчи турда этностук карта ойнолот жана пуштундардын 90 проценти пуштун талапкер Ашраф Гани үчүн добуш беришет деп эсептешүүдө.

Пуштундар Ооганстандагы эң чоң этнос. Расмий маалыматтарга ылайык, пуштундар 31,1 млн. элдин 40 проценттен көбүн түзөт. Тажиктер өлкө калкынын 27 процентине тете деп эсептелет.

Бирок байкоочулар Ооганстандын пуштундар көп жашаган түштүгүндө да Абдулланын аны менен эсептешкендей колдоочулары бар экенин шайлоонун биринчи туру көрсөттү дешет.

Маалымат булактарында Абдулланы президент Хамид Карзай колдогону айтылып жүрөт. Себеби, чатактардын алдын алуу боюнча Эл аралык кризистик уюмдун (International Crisis Group) Кабулдагы улук талдоочусу Грэм Смиттин айтымында, Карзайдын жакын чөйрөсүндө Абдулла Абдулла өкмөттү азыркыдай эле калтырат, демек калыптанып калган саясат улантылат деп ишенишет:

- Менин оюмча, президенттик сарайдагы элитанын ичиндеги кээ бирөөлөр-Карзайдын командасы - Абдулла баарын өзгөртпөй калтырат деген пикирде.

Өлкөнү 12 жыл бийлеген Хамид Карзай, Конституцияга ылайык, азыркы шайлоого катыша албады. Анткен менен бийликти өткөрүп бергенден кийин саясий турмуштан четтеп кетүү ниети жок экенин ачык билдирген. Ырас, Абдулла да, Гани да президент шайланса, Карзайга жаңы өкмөттө маанилүү ролду аткара берет деп убада кылышкан.

XS
SM
MD
LG